Пікірлер
@АбдусаматАкматов
@АбдусаматАкматов 15 күн бұрын
Аксыдан чыккан Жеңижок айтышарга теңи жок☝️✊
@АргенСатыбалдиев-э4л
@АргенСатыбалдиев-э4л 17 күн бұрын
Ашыкмын сиздей периге, Айталбайм сырым демигем. Адамды мынча кыйнабай Айттырбай билсең эмине? Кызыгам сиздей периге, Кыйналам чындап демиге. Кишини мынча чуркатпай, Кыйнабай билсең эмине?! Күлгөндө күлкүң күмүш үн, Күлгүндөй кыздын Күнүсүң. Күйүттү тартып жүрүшүм, Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн? Күдөрүм такыр үзгүм жок, Күйгүзүп сүйүү үмүтүн. Жарк эттиң күлгүн күлүшүң, Жайдары кыздын гүлүсүң. Жалынга түшүп, күйүшүм, Жаркыным, айтчы, ким үчүн? Жаныңдан асты чыккым жок Жандырып сүйүү үмүтүн. Көрүшкөн күнүм салтанат, Көркүңдөн күн, ай жалтанат, Көркөмүң жанды көксөтүп, Көмөкөйдөн бал тамат. Көрүшпөй калсам, Көксулуум Көнөктөп көздөн жаш тамат. Жолуккан күнүм салтанат, Жоодураган келбетиң, Жогортон күн, ай жалтанат. Жолукпай калсам, Көксулуум Жошулуп көздөн жаш тамат. Бетегелүү белдейим, Белги берип чакырсаң, Белгиңе кантип келбейин? Жайлоодо белес, кырдайым, Жаштардан чыккан, Көксулуум, Жамалың төгүп ырдайын. Жарашкан перим экенсиң, Жалтанбай карап ырдайын. Абдан сонун жарашкан, Ак седеп таккан чыптамаң. Ак көйнөкчөн келатсаң, Ак куудай көлдө куп гана. Ааламда жок сулуулук, Арнаган экен кудурет, Атайлап берип бир сага. Көркөмү сонун жарашкан, Көк мончок таккан чыптамаң. Көк шайы көйнөк кийинсең, Көк өрдөк көлдө куп гана. Коштогон экен табийгат, Баарын кош колдоп сунуп, бир сага. Ыргалып үйдөн чыкпайсың, Ышкы отуна берилип, Ырдасам, ырым укпайсың. Кылгырып үйдөн чыкпайсың. Кызыктуу иштен кеп козгоп Кыйкырсам үнүм укпайсың. Белден коён качырып, Иле албадым, Көксулуу. Эми тагдыр не болот Биле албадым, Көксулуу? Жолдон түлкү качырып, Жете албадым, Көксулуу. Жеткизбестен душманга, Кете албадым, Көксулуу. Алты канат ак үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Алтымыш эки сулуунун, Периштеси Көксулуу. Жети бир канат боз үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Жетимиш эки сулуунун чиркин, Периси сенсиң, Көксулуу. Теңтуштан тагдыр кошподу, Телтору тандап ат чапсам, Телторум аттан озбоду. Теңирим салды бул кайгы, Тек жаткан дартым козгоду. Тепкедей чактан бир жүргөн, Теңибиз кыйнайт окшоду. Курдаштан тагдыр кошподу. Куладан тандап ат чапсам, Кубантып аттан озбоду. Кудайым салды бул ишке, Кусадар дартым козгоду. Куушуп ойноп, бир жүргөн Курдаштык кыйнайт окшоду. Көңүлдүн назик ышкы отун, Козготосуң, Көксулуу. Көчтөн калган тайлактай Боздотосуң, Көксулуу. Саяпчы салган боз куштай, Саматасың, Көксулуу. Сагындырып адамды Саргайтасың, Көксулуу. Өлүп калсам, калармын, Өлбөй тирүү бар болсом, Өзүмдүк кылып алармын! Аман болсом табармын, Антташып койгон сөз үчүн Ажыратып алармын!
@Асипкан
@Асипкан 25 күн бұрын
Po
@Ильяз-х5н
@Ильяз-х5н Ай бұрын
Сенин ырларыңды уккандан бир да кыргыз тажабайт го деп ойлойм!
@АжимМаткеримова-з2ы
@АжимМаткеримова-з2ы Ай бұрын
Арман дүйнө, ушуну Кудай албады деген канчалар жүрөт,, көрсө Кудайга да жакшы адамдар керекпи, тушунбөйм, кундө уксаң да тажабайсың чиркин . Жаткан жериң жайлуу,караңгы көрүң нурлуу болсун.😢😢😢
@АлийнаЖапаркулова
@АлийнаЖапаркулова Ай бұрын
Аман болуңуз Суусамырдын атын чыгарып ырдап журунуз
@НуржанМамбетова-г7я
@НуржанМамбетова-г7я 2 ай бұрын
Өзүнчө бир спекталь үчүн атайын жазылган сценарийдей... А бирок бул эч кандай даярдыксыз,ошол жердеги жагдайды сүрөттөгөн акындарыбыздын тамашасы да. Керемет... Баары бирин бири улап,толуктап,укмуш бир айтыш болгон экен. Укмуш,укмуш... Залкарлабызга,аны бизге жеткирген Элмирбек акыныбызга да таазим...
@ДаткайымУмар
@ДаткайымУмар 2 ай бұрын
Керемет. Кайра кайра угам
@СейитДовлотов
@СейитДовлотов 2 ай бұрын
Аттин, армандуу дуйно, кайталангыз кандай залкар эле. Уккан сайын журок эзилип ыйлайт. Тируусундо тийштуу денгээлде бааланбай кетти, кыргыздын кырааны эле. Элмирбек иним жаткан жерин жайлуу, топурагын торко, карангы корун жарык болсун, жанына Кудайым бейишинен орун берсин, Кудай разматы кылсын, артында калган балдарынды саламат кылсын!
@KaiyrbekAkmatov
@KaiyrbekAkmatov 2 ай бұрын
Ашыкмын сиздей периге, Айталбайм сырым демигем. Адамды мынча кыйнабай Айттырбай билсең эмине? Кызыгам сиздей периге, Кыйналам чындап демиге. Кишини мынча чуркатпай, Кыйнабай билсең эмине?! Күлгөндө күлкүң күмүш үн, Күлгүндөй кыздын Күнүсүң. Күйүттү тартып жүрүшүм, Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн? Күдөрүм такыр үзгүм жок, Күйгүзүп сүйүү үмүтүн. Жарк эттиң күлгүн күлүшүң, Жайдары кыздын гүлүсүң. Жалынга түшүп, күйүшүм, Жаркыным, айтчы, ким үчүн? Жаныңдан асты чыккым жок Жандырып сүйүү үмүтүн. Көрүшкөн күнүм салтанат, Көркүңдөн күн, ай жалтанат, Көркөмүң жанды көксөтүп, Көмөкөйдөн бал тамат. Көрүшпөй калсам, Көксулуум Көнөктөп көздөн жаш тамат. Жолуккан күнүм салтанат, Жоодураган келбетиң, Жогортон күн, ай жалтанат. Жолукпай калсам, Көксулуум Жошулуп көздөн жаш тамат. Бетегелүү белдейим, Белги берип чакырсаң, Белгиңе кантип келбейин? Жайлоодо белес, кырдайым, Жаштардан чыккан, Көксулуум, Жамалың төгүп ырдайын. Жарашкан перим экенсиң, Жалтанбай карап ырдайын. Абдан сонун жарашкан, Ак седеп таккан чыптамаң. Ак көйнөкчөн келатсаң, Ак куудай көлдө куп гана. Ааламда жок сулуулук, Арнаган экен кудурет, Атайлап берип бир сага. Көркөмү сонун жарашкан, Көк мончок таккан чыптамаң. Көк шайы көйнөк кийинсең, Көк өрдөк көлдө куп гана. Коштогон экен табийгат, Баарын кош колдоп сунуп, бир сага. Ыргалып үйдөн чыкпайсың, Ышкы отуна берилип, Ырдасам, ырым укпайсың. Кылгырып үйдөн чыкпайсың. Кызыктуу иштен кеп козгоп Кыйкырсам үнүм укпайсың. Белден коён качырып, Иле албадым, Көксулуу. Эми тагдыр не болот Биле албадым, Көксулуу? Жолдон түлкү качырып, Жете албадым, Көксулуу. Жеткизбестен душманга, Кете албадым, Көксулуу. Алты канат ак үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Алтымыш эки сулуунун, Периштеси Көксулуу. Жети бир канат боз үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Жетимиш эки сулуунун чиркин, Периси сенсиң, Көксулуу. Теңтуштан тагдыр кошподу, Телтору тандап ат чапсам, Телторум аттан озбоду. Теңирим салды бул кайгы, Тек жаткан дартым козгоду. Тепкедей чактан бир жүргөн, Теңибиз кыйнайт окшоду. Курдаштан тагдыр кошподу. Куладан тандап ат чапсам, Кубантып аттан озбоду. Кудайым салды бул ишке, Кусадар дартым козгоду. Куушуп ойноп, бир жүргөн Курдаштык кыйнайт окшоду. Көңүлдүн назик ышкы отун, Козготосуң, Көксулуу. Көчтөн калган тайлактай Боздотосуң, Көксулуу. Саяпчы салган боз куштай, Саматасың, Көксулуу. Сагындырып адамды Саргайтасың, Көксулуу. Өлүп калсам, калармын, Өлбөй тирүү бар болсом, Өзүмдүк кылып алармын! Аман болсом табармын, Антташып койгон сөз үчүн Ажыратып алармын!
@PerizatKaldirbekova
@PerizatKaldirbekova 3 ай бұрын
Молдо кылыч акын
@КадырМамарасулов
@КадырМамарасулов 4 ай бұрын
Эх кок суулу
@user-lu80
@user-lu80 4 ай бұрын
Ушуну жаздырып алган чет элдиктерге абыдан чоон ыракмат .булар жаздырып барктап калбаса ,биздикилер бири бирин чукуп журо берип жазылбай калмак экен
@jelmayan1676
@jelmayan1676 Ай бұрын
Буну өзүбүздүн Асанбай деген киши жазып элдин оозунан чогултуп Жеңижок китебин чыгарган .
@klay79
@klay79 4 ай бұрын
Биле албадым, Көксулуу? Жолдон түлкү качырып, Жете албадым, Көксулуу. Жеткизбестен душманга, Кете албадым, Көксулуу. Алты канат ак үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Алтымыш эки сулуунун, Периштеси Көксулуу. Жети бир канат боз үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Жетимиш эки сулуунун чиркин, Периси сенсиң, Көксулуу. Теңтуштан тагдыр кошподу, Телтору тандап ат чапсам, Телторум аттан озбоду. Теңирим салды бул кайгы, Тек жаткан дартым козгоду. Тепкедей чактан бир жүргөн, Теңибиз кыйнайт окшоду. Курдаштан тагдыр кошподу. Куладан тандап ат чапсам, Кубантып аттан озбоду. Кудайым салды бул ишке, Кусадар дартым козгоду. Куушуп ойноп, бир жүргөн Курдаштык кыйнайт окшоду. Көңүлдүн назик ышкы отун, Козготосуң, Көксулуу. Көчтөн калган тайлактай Боздотосуң, Көксулуу. Саяпчы салган боз куштай, Саматасың, Көксулуу. Сагындырып адамды Саргайтасың, Көксулуу. Өлүп калсам, калармын, Өлбөй тирүү бар болсом, Өзүмдүк кылып алармын! Аман болсом табармын, Антташып койгон сөз үчүн Ажыратып алармын!
@АширалиМатоморов
@АширалиМатоморов 5 ай бұрын
Кудааам болот Азаматсыз
@ugffuuh-qe2im
@ugffuuh-qe2im 5 ай бұрын
Ырдын аранжировкасын укмуш иштеп чыгышкан, министр да укмуш ырдады,...❤
@gulbarchuntoktorova9857
@gulbarchuntoktorova9857 5 ай бұрын
Жайин жанатан болсун иним
@СуйунбайАйдаров
@СуйунбайАйдаров 6 ай бұрын
😭😭😭😭😭😭😭😭😭
@NurlanKochkorbaev
@NurlanKochkorbaev 6 ай бұрын
Мыкты клип, чыгармачылык ийгилик каалайм.
@HfHcuf-li7tq
@HfHcuf-li7tq 8 ай бұрын
Иий доошундан десем журокторду эзесинго армадууу жашоо екен заманыбыздын залкар акыны еле баарбызды журогубуздо кайгы кайгы калдыгоо,,,
@maibai7013
@maibai7013 8 ай бұрын
Тагдыр дейт Гулбуну эмнеге эле айыптайсынар эгер жаман болсо Элмирбек ушунча боздомок беле
@АйшаканЖуматаева-н8щ
@АйшаканЖуматаева-н8щ 10 ай бұрын
😅
@БектурОрозонов
@БектурОрозонов 11 ай бұрын
Зар замандын казалы, Калем алып жазалы. Жөнү жокту жаздың деп, Кудайым кылба жазаны. Молдо Кылыч мен атым Болжолу жок санатым. Чаар китептен аз окуп, Чала чыккан сабатым. Санаадагы сөзүңдөн Чыгаар сөзүм орундуу. Жигит болсоң абайла, Убал кылба жаныңа, Тазалагын жолуңду, Тарта жүргүн колуңду. Жаман адам курусун, Доо чыгарып бир жерден, Милдет кылаар жумушун. Жакшыларды карасаң, Кылганынын доосу жок, Сыр билгизбей тымызын. Мен сүйлөйүн канчаны, Казак, кыргыз барчаны. Калайыкка эринбей, Кетти канча далай сөз Кара көзгө көрүнбөй. Акындардын обону Домбуранын үнүндөй. Жарашыктуу зар заман Тоту куштун жүнүндөй.
@БектурОрозонов
@БектурОрозонов 11 ай бұрын
Бар келишкен боруму Кызыл кымкап гүлүндөй, Кандай салса жарашаар, Калы килем түрүндөй. Түшүп туруп күбүлүп, Ак теректин бүрүндөй. Көчүп турат токтобой, Кирекечтин жүгүндөй. Кызыкканда жакшы сөз Кызыгышкан оюндай. Айдап келем көп сөздү Кербенчинин коюндай. Тилим шыдыр, түздүгү Зым карагай жолундай. Баары жогу тийимдүү Бардеңкенин огундай. Маани билбес эсерге, Башка тийген союлдай. Тегеретээр көңүлүңдү Тегирмендин огундай. Акылы бар адамга Тынч олтурган орундай. Тили жүйрүк акындар Сөзү сайдын ташындай. Кенендигин сурасаң, Кең Кочкордун сазындай. Зар заманды байкасаң, Даамы татты казыдай. Эч болбосо ширеси Чекендинин ашындай. Кулагыңа жугумдуу Көк темирдин датындай. Асан кайгы жигиттер
@ТоктобайОрозбеков-г1г
@ТоктобайОрозбеков-г1г 11 ай бұрын
Айла жок тагдырдын жазмышы экен да.ушу элмирбек арзыиат чкбак ажы учо кыргыз эли учун чон жоготуу болду дагы бир топ жыл жашасса болмок.аллахым аркы дуйносунон жаннаттан жайын берсин.
@maibai7013
@maibai7013 Жыл бұрын
Ушулардын уй булосун ким бузса убалы жетсин байкуштарды боздотуп
@АликКелдибеков
@АликКелдибеков Жыл бұрын
Й
@АйнураМанаповна
@АйнураМанаповна Жыл бұрын
Кайран залкар !
@АйнураМанаповна
@АйнураМанаповна Жыл бұрын
Озунун образдарына түшүп ырдаса откон залкаларды коргондой элестетип угусын ...
@АйнураМанаповна
@АйнураМанаповна Жыл бұрын
0:45
@-76406
@-76406 Жыл бұрын
Мамел байке азаматсыз! Бали!.👍
@tendikomurbekov7076
@tendikomurbekov7076 Жыл бұрын
Кайран талант жаралыбы в Умут бар
@erbol_des
@erbol_des Жыл бұрын
Ашыкмын сиздей периге, Айталбайм сырым демиге. Алтындан артык баркыңа, Ашыгам ырас жетүүгө. Адамды мынча кыйнабай Айттырбай билсең эмине? Кызыгам сиздей периге, Күмүштөн артык баркыңа, Күчүмдү жумшайм жетүүгө. Кишини мынча кыйнабай, Кымбатым, келсең эмине?! Күлгөндө күлкүң күмүш үн, Күлгүндөй кыздын Күнүсүң. Күйүттү тартып жүрүшүм, Күндөйүм, айтчы, ким үчүн? Күдөрүм үзбөйм түбөлүк Күйгүзүп сүйүү үмүтүн. Жарк этсең күлкүң күмүш үй, Жароокер кыздын күнүсүң. Жалынга түшүп, күйүшүм, Жалжалым, айтчы, ким үчүн? Жаныңдан асты чыккым жок Жандырып сүйүү үмүтүн. Ай жүздүү бетиң нур чайып, Азилиңди ойлосом, Айылда жатпайм тынч алып. Алтыным чачкан жарыктан, Айланам көрккө курчалып. Ашыктык иштин айынан Азапты тарттым, мынчалык! Күн жүздүү бетиң нур чалып, Кылыгың эске түшкөндө, Күнүгө жатпайм, тынч алып. Күмүшүм чачкан жарыктан, Күнгөйлөр көрккө курчалып. Кызыктык иши курусун Кыйноону тарттым, мынчалык! Көрүшкөн күнүм салтанат, Көркүңдөн Ай, Күн жалтанат, Көркөмүң жанды көксөтүп, Көмөкөйдөн бал тамат. Көрүнбөй кетсең, Көксулуум Көнөктөп көздөн жаш агат! Жолуккан күнүм салтанат, Жоодураган келбетиң, Жогортон Ай, Күн жалтанат. Жол карап тарттым, көп азап, Жолукпай калсам, Көксулуум Жоругуң эстеп, жаш агат! Аксынын жери бийик жер, Антташкан жерге өзүң кел. Айылымдан чыккан перизат, Ар дайым кылдың, үмүткөр. Айтылган жерге келбесең Антташкан жарың күйүткөр. Бордунун жери бийик жер, Болжошкон жерге өзүң кел. Бозбудан чыккан асылзат, Боздоп бир болдум үмүткөр. Болжошкон жерге келбесең Боз улан жарың күйүткөр! Көркөмүң жанды суусаткан, Көргөнү келдим узактан. Көргөнү келсем чыкпайсың, Көрө албас айткан ушактан, Көксулуум, туура түшүнүп, Көңүлүң менен узатсаң? Ажары жанды суусаткан, Атайын келдим узактан. Атайлап келсем чыкпайсың, Ар кимдер айткан ушактан. Айперим, мени түшүнүп Акылың менен узатсаң? Бетегелүү белдейим, Белги берип чакырсаң, Белгиңе кантип келбейин. Бел байладым алууга Перизаттай телдейим! Көбүргөндүү жердейим, Көңүлүң менен чакырсаң, Көргөнү кантип келбейин. Көксөтпөчү көп эле Көксулуудай телдейим? Жайлоодо белес, кырдайым, Жаштардан чыккан Көксулуум, Жамалың кошуп ырдайын. Жарашкан пери экенсиң Жаңшабай кантип турайын. Кымыздыктуу кырдайым, Кыздан бир чыккан Көксулуу, Кылыгың кошуп ырдайын. Кынтыксыз сулуу экенсиң Кыңырылып турбайын. Аргымак аттын басыгы, Аксыдан чыккан Көксулуу Ай тамак кыздын асылы. Ашык бир болгон өзүңө, Акындын кайсы жазыгы? Ар түркүн ойго көп салчу Ай пери кыздын назыбы? Күлүк бир аттын басыгы, Күйүмдүү көркөм Көксулуу, Күн тамак кыздын асылы, Кызыккан кызыл гүлүнө, Күкүктүн кайсы жазыгы? Көп ойлонтуп кыйнаган Күн пери кыздын назыбы? Калкымдан чыкса көп сулуу, Калем каш, кара чачтуунун, Калтары сенсиң, Көксулуу. Каалап берген табийхат, Казактан чыкпас төп сулуу. Кара жаак акынга Канчалык айтса эп сулуу! Эшимден чыкса көп сулуу, Эндиксиз сулуу кыздардын, Эркеси сенсиң, Көксулуу, Энчилеп берген табийхат, Эс-акылы төп сулуу. Эптеп айткан акынга Эки күн айтса эп сулуу! Айтканда сөздү чын гана, Абыдан сага жарашкан, Ак седеп таккан чыптама. Атайлап сага тиккендей, Акери өтүк бутта да. Ак көйнөкчөн келатсаң Ак куудай көлдө куп гана. Аябай сага сулуулук, Арнаган экен кудурет Атайлап берип бүт сага! Козгосок кепти жай гана, Көп эле сонун жарашкан, Көк мончок таккан чыптама. Көркөмү кооз көрүнөт, Көк өтүк кийген бутта да. Көк шайы көйнөк кийинсең, Көк өрдөк көлдө куп гана. Коштогон экен табийхат Кош колдоп берип, бүт сага! Айлыңа барсам, эртелеп, Алдымдан чыксаң эркелеп. Алышып ойноп жүргөнгө, Ага да эркем, эрк керек. Антташкан шерттен тайбайм деп Акының Өтө сөз берет! Кыштооңо барсам эртелеп, Кыядан тоссоң эркелеп. Кымбатым, эркем, эрк керек. Кыйышпас болуп жүрүүгө Күкүгүң Өтө сөз берет! Айтаар бир сөздөн шашпайын, Аксыдан чыккан даткайым. Ак калпак кыргыз элимдин, Акыны болом, дап дайын. Атагың элге чыгарып, Азыртан неге айтпайын! Ашыктык иштен зарланттың Анжиян базар канттайым! Кыйыткан ойдон шашпайын, Кыргыздан чыккан даткайым. Кымбаттуу кыргыз элинин, Күкүгү болом дап дайын. Күлпөтүң калкка чыгарып, Кыйкырып неге айтпайын. Кызыктык иштен кыйнадың Кашкардан келген канттайым! Жайлаган жериң Ойрума, Жай күнүнөн бер жака, - Жаш сулуу түштү оюма. Жашчылык иши жай бербей Жалынам бирге болууга. Кыштоонун башы Ойрума, Кыш жармынан бер жака, Көксулуу түштү оюма. Кызыгам бирге болууга. Казанымды бир кылып, Ашташ болсом, Көксулуу. Төшөгүмдү бир салып, Башташ болсом, Көксулуу. Айтылган шерт убада, Кайтпас болсоң, Көксулуу. Кыйынчылык түшсө да, Кайтпас болсоң, Көксулуу! Убададан айнычу, Болбос болсоң, Көксулуу. Өмүр бою айрылгыз Жолдош болсоң, Көксулуу?
@ayselroze7715
@ayselroze7715 5 ай бұрын
Капец
@ayselroze7715
@ayselroze7715 5 ай бұрын
❤❤❤
@ayselroze7715
@ayselroze7715 5 ай бұрын
Туура эмес мал
@АселКалысбеккызы
@АселКалысбеккызы Жыл бұрын
Журок тилинет😢
@улутынтымагы
@улутынтымагы Жыл бұрын
Насят эмес насыят .
@lev2246
@lev2246 Жыл бұрын
Же мурда Жени жокко окшогон ырчы комузчу болгон окшойм
@lev2246
@lev2246 Жыл бұрын
Ушундай ырларды уканда Бир озумчо суйу патриоттук сезим пайда болуп калам жагат негедир
@ab-6948
@ab-6948 Жыл бұрын
Карегиңде жүргөн экен катылып, Качандыр бир мен жоготкон асманым. Эмне деген саптар? Заманыбыздын мыкты акыны, мыкты адамы эле. Жараткан билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип өз мээримине алсын!
@МирбекМирбек-п7с
@МирбекМирбек-п7с Жыл бұрын
Жаткан женин жайлуу болсун
@ЫматбекКалыков-й5ь
@ЫматбекКалыков-й5ь Жыл бұрын
Кайран жигит..Эми балдарынан чыкса экен.Уй булоосу аман эсен болушсун
@УсупбекТоктосунов-п2ъ
@УсупбекТоктосунов-п2ъ Жыл бұрын
Эх дуйно! Эл бар. Элмирбек токмо акын бар. Жаткан жайын бейиш болсун.
@kanatbeknazaraliev212
@kanatbeknazaraliev212 Жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун,аркасында калгандарга сабыр тилейбиз.
@tendikomurbekov7076
@tendikomurbekov7076 Жыл бұрын
Мындан киши Бир жаралт атин Коргол Элмир
@УсупбекТоктосунов-п2ъ
@УсупбекТоктосунов-п2ъ Жыл бұрын
Рахмат.❤
@zabylahan8385
@zabylahan8385 Жыл бұрын
Айланайын балам омурун бекем болсун
@АйнураКалматова-л8о
@АйнураКалматова-л8о Жыл бұрын
Женижоктун ырын ырдап жарыка чыгарып журсон болот элего
@СаветбекОсмонов-ж3я
@СаветбекОсмонов-ж3я Жыл бұрын
Актандай акын ушул экен
@tendikomurbekov7076
@tendikomurbekov7076 Жыл бұрын
Коргол голош
@keldishmoidunov5944
@keldishmoidunov5944 Жыл бұрын
юмор
@AdylAbdyrazakov-kn3qw
@AdylAbdyrazakov-kn3qw Жыл бұрын
Асыл затрат эленерго элмирбекбиррин
@AURORA_YYYT
@AURORA_YYYT Жыл бұрын
Насят эмес Насыят болотко
@АМИНА-у9е3ю
@АМИНА-у9е3ю Жыл бұрын
Кайран акын откондордун элеси менен обон салчуу экен.бар болгула бизге откондордун орноктуу ой толгоосун жакындан тааныштырган каналдарда иштеген балдарым.
@rozatoktosunova3671
@rozatoktosunova3671 Жыл бұрын
Ыйлап кордум жаткан жери жайлуу болсун