Досторума Досторум эскерели балалыкты, Кечирип кээ бир кеткен каталыкты. Чогулуп жүз көрүшүп кадимкидей, Бүгүн биз жүрөк черин жазалыкчы. Ар дайым урмат кылып ар бириңди Көздөрүм жарк дей түшөт көргөнүмдө. Жаштыктын жашыл багы сезилгендей, Олтуруп кыйкырышып күлгөнүңдо. Гүл болуп бир кезекте, ошол чакта. Он гүлдөн бир гулубуз ачылалек. Сезимдер жап жаш бойдон бала болуп, Болгонбуз жигит жашка жетилелек. Карасаң отуз жаштан оонаттыбы, Мезгилдер кыбыранып арыш салып. Толгонуп кайрылчака артынарга, Кетерсин кээ бирлерин отун жанып. Ынтымак ырыс менен жүргөнүбүз, Көзүмдүн карегине келет дайым. Ар бириң кымбат болуп барасыңар, Жылдардан жыл уланып өткөн сайын. Оо анда сулуу эле кыздарыбыз, Армандуу бир кайрылгыз жылдарыбыз. Жүрөктү тыз эткирип кетет туура, Жаш бойдон сүрөттөрдө турганыбыз. Кээ бирин эрчинишип жээк бойлоп, Болбосом жетпей калып,арттан боздоп. Жүгүрүп турган кезди эстегиле, Жашарып он сегизге жашты толгон. Токтолуп мына эми турган чагың, Токтоону билбей барат өмүр шамын. Мезгилдин мезгилинен алгым келет, Кошулуп кетип барат тездеп жашың. Мамадалымов Уланбек.