Төлөн & Кымбат бактылуу болгула!❤️❤️ Ээрчишип эгиз козудай, Өмүрдүн көктөмүн өрдөгүлө. Төркүнүм деп, кайын деп, Эки журтту бөлбөгүлө. Дасторконуңар бөксөрбөсүн, Пейилиңер өзгөрбөсүн. Кендириңер кесилбесин, Жүрөгүңөр эзилбесин. Куттуу үйдөн бешик ыры ырдалып, Эч нерседен кем болбогула. Наадандарга тең болбогула Кармаганыңар алтын болсун, Саябаныңар салкын болсун. Кийгениңер баркыт болсун, Башыңарга бакыт консун! Жакшы сөзгө канатташ болгула, Жакшылыкка жамаатташ болгула, Кармашкан колуңар үзүлбөй, Ырыскылаш, табакташ болгула. Өмүрүңөр узун, ден соолугуңар чың Дасторконуңар жайыл болгула, Укум-тукумуңар көбөйүп, Өзүнчө бир чоң айыл болгула!
@saikalerkinbekova762 жыл бұрын
Төлөн & Кымбат кармашкан колуңар үзүлбөй,ар дайым бирге бактылуу өмүр сүргүлө! Аллахым эки дүйнөнүн бактылуулугун берсин,эки дүйнөдө тең бирге болгула. Аллахым көп балдарды насип кылсын! Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан тарбиясы мыкты, акылдуу, адамгерчиликтүү, ыймандуу,патриот балдарды тарбиялап өстүрүшүңөргө тилектешмин.Эл-журттун кадырына ээ болгон, үлгүлүү үй-бүлө болушуңарга ишенем! Бактылуу жаштык, бактылуу карылык өмүр сүрүшүңөрдү насип кылсын Аллахым!Эч нерседен кем болбогула. Ар дайым үйүңөрдө ырыскы,береке, кут,жакшылык,кубаныч,сүйүү, бактылуулук орноп турсун! 🤲🤲🤲🌹🌹🌹