Рет қаралды 2,982
1-июндан тарта өлкөнүн жарандарына ата мекенде өндүрүлүп чыгарган паспорттор бериле баштайт. Жарандардын улуттук паспорту биринчи жолу "Учкун" мамлекеттик концернинде басылып даярдалууда. Бул максатта "Учкунга" жаңы жабдуулар сатылып алынган. Буга чейин Кыргызстан ай-ди жана жалпы жарандык паспортту чет мамлекеттен буйрутма берип сатып алып келген. Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаевдин айтымында паспорттордун сапаты мурдагыга караганда мыкты, эл аралык талаптарга жооп берет жана коргоо элементтери бар.
Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
Facebook - / utrkkg
KZbin (УТРК) - / @utrkkgchannel
Instagram - utrk_live?...
Телеграм - t.me/ktrk_live