Менин атама арналган ыр экен тируу жетимин бирок баарына шугур Апам бар Аллахыма шугур Ата да апа да болуп чонойтту апамдын омуру узун болсун 🤲
@umutbaizhigitova35638 ай бұрын
😢кандай журокко жеткен ырлар дене боюн титиретет Аталар акылга келнилечи
@aidoss77342 жыл бұрын
Султан Садыралиев Ата, каныңдан бүткөн баламын, Кабыл ал айткан саламым. Көңүлүм канча калса да, Көзүмдөн учуп карааның. Көрүнүп “жарк” дей түшсө деп, Көп зарлап жолуң карадым. Көргөн бир күнү курсунчу, Ата, тирүүлөй жетим баланын. Туягын тулпар кордойбу, Тууруна туйгун конбойбу? Бөлүнгөн кайта бириксе, Бөксөргөн нерсең толбойбу. Укканың барбы, атаке, Уясын бузган торгойду?! Томуктай ошо макулук, Ата, торгойчо болсоң болбойбу?.. Балалуу көлдүн өрдөгүн, Баласы үчүн өлгөнүн. Бүк түшүп өлгөн бала үчүн, Бүркүттү дагы көргөнмүн. Асырап бала бакпаган, Айбандын бирин көрбөдүм. Жылдыздай жанган балаңды, Ата, жырткычча неге көрбөдүң?! Барчын да канат сабалап, Бала үчүн кылат далалат. Айланып алыс кете албай, Ак куу да бала каралап. Атсаң да болбой, айкырып, Аюу да коргойт мамалак. Атаке, сендей боору таш, Деги адамда кантип жаралат?! Апам чыгарып күчүн жашка эле, Чыдамыш болот жакшы эле. Бир кокуй неме экениң, Билсечи байкуш башта эле. Сендеги сырды ал кезде, Сезбесе керек жаш неме. Убалдан коркуп койбогон, Ата, ушунча бооруң таш беле?! Ар кимден ушак кеп угам, Башка аял алды деп угам. Баарынан бирге ойногон, Балдардан жаман корунам. Тосушса балдар атасын, Томсоруп айла жогунан. Тойпоңдоп чуркап мен деле, Ата, тосчу эмес белем жолуңдан?! Турмушта болот салтанат, Турса да гүлдөп чар тарап. Ызы-чуу түшүп биздин үй, Мас болуп баарын талкалап. Томкоруп тоону келгенсип, Жатчу элең кээде чалкалап. Анда да байкуш апакем, Сенин айыбыңды турчу калкалап... Боору таш сендей жаралган, Болбостур деги адамдан. Айыгар күнүм бар бекен, Ачышкан жүрөк жарамдан? Убалдан коркпос жанагы, Таш жүрөк немең жаңы алган. Апамдан өйдө көрсөң да, Кантип анча өйдө көрдүң балаңдан? Ичине түшүп жалындын, Ичигиңди далай жамындым. Сыздатса балдар “жетим” деп, Сынганын айтпа шагымдын. Жоготкон деген атасын, Жогу да менин багымдын. Жыттатып койчу бир келип, Атоу, жытыңды абдан сагындым. Бак-таалай мага мунарык, Баратат улам тунарып. Канчалык бүтөт десем да, Кайгыга кайгым уланып. Кайгынын жетпей түбүнө, Кетти окшойт катым чубалып. Ушунун баарын сен келсең, Ата, унутпайт белек кубанып...
@aygerimsharsheeva8493 Жыл бұрын
Рахмат
@kasel-53329 ай бұрын
З
@aijankambarova7777 Жыл бұрын
Кандай сонун жаштык.
@user-jn3zh4oo6cАй бұрын
Султан садыралиев чон рахмат атам жок ыйлап ыйлап угам
@user-rv3og4wi7n11 ай бұрын
2007-жылдар эсиме тушот Дордой ❤
@user-wn1gz9bi6zАй бұрын
2024 ❤😢
@user-yq8go8fl6i7 ай бұрын
Кайран жаш кезди эске салат го,коз жаш чыгып кетчудой болуп😢
@miwaismaiilov3972 Жыл бұрын
Салам алекум иним бул ырын журокту орутат мен ата энесис чонойдум бирок атамды эстейм
@user-pn1nu4ws2u Жыл бұрын
Сабырдуу болнуз 😢Айла канча башка тушконду откоруп атасыз байкеси.
@user-qh2lp5rn2l7 ай бұрын
Ырдасан ушундай ырда
@user-gx7hg4nu8o9 ай бұрын
2008 жылы укам биринчи жолу.азыр 24.08.23 бишкек убакыт учуп кети
@user-dk6wp6kp1z4 күн бұрын
Ыр 2006 чыккан, 2007 уландысы чыккан
@alihanrahatbekov882418 күн бұрын
Ата, каныңдан бүткөн баламын, Кабыл ал айткан саламым. Көңүлүм канча калса да, Көзүмдөн учуп карааның. Көрүнүп “жарк” дей түшсө деп, Көп зарлап жолуң карадым. Көргөн бир күнү курсунчу, Ата, тирүүлөй жетим баланын. Туягын тулпар кордойбу, Тууруна туйгун конбойбу? Бөлүнгөн кайта бириксе, Бөксөргөн нерсең толбойбу. Укканың барбы, атаке, Уясын бузган торгойду?! Томуктай ошо макулук, Ата, торгойчо болсоң болбойбу?.. Балалуу көлдүн өрдөгүн, Баласы үчүн өлгөнүн. Бүк түшүп өлгөн бала үчүн, Бүркүттү дагы көргөнмүн. Асырап бала бакпаган, Айбандын бирин көрбөдүм. Жылдыздай жанган балаңды, Ата, жырткычча неге көрбөдүң?! Барчын да канат сабалап, Бала үчүн кылат далалат. Айланып алыс кете албай, Ак куу да бала каралап. Атсаң да болбой, айкырып, Аюу да коргойт мамалак. Атаке, сендей боору таш, Деги адамда кантип жаралат?! Апам чыгарып күчүн жашка эле, Чыдамыш болот жакшы эле. Бир кокуй неме экениң, Билсечи байкуш башта эле. Сендеги сырды ал кезде, Сезбесе керек жаш неме. Убалдан коркуп койбогон, Ата, ушунча бооруң таш беле?! Ар кимден ушак кеп угам, Башка аял алды деп угам. Баарынан бирге ойногон, Балдардан жаман корунам. Тосушса балдар атасын, Томсоруп айла жогунан. Тойпоңдоп чуркап мен деле, Ата, тосчу эмес белем жолуңдан?! Турмушта болот салтанат, Турса да гүлдөп чар тарап. Ызы-чуу түшүп биздин үй, Мас болуп баарын талкалап. Томкоруп тоону келгенсип, Жатчу элең кээде чалкалап. Анда да байкуш апакем, Сенин айыбыңды турчу калкалап… Боору таш сендей жаралган, Болбостур деги адамдан. Айыгар күнүм бар бекен, Ачышкан жүрөк жарамдан? Убалдан коркпос жанагы, Таш жүрөк немең жаңы алган. Апамдан өйдө көрсөң да, Кантип анча өйдө көрдүң балаңдан? Ичине түшүп жалындын, Ичигиңди далай жамындым. Сыздатса балдар “жетим” деп, Сынганын айтпа шагымдын. Жоготкон деген атасын, Жогу да менин багымдын. Жыттатып койчу бир келип, Атоу, жытыңды абдан сагындым. Бак-таалай мага мунарык, Баратат улам тунарып. Канчалык бүтөт десем да, Кайгыга кайгым уланып. Кайгынын жетпей түбүнө, Кетти окшойт катым чубалып. Ушунун баарын сен келсең, Ата, унутпайт белек кубанып…