Рет қаралды 1,309,409
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 19 жаштагы кызды өлтүргөн деп шектелген жаранга каршы кайрадан акция өттү. Ага Базар-Коргон районунан барган жүзгө жакын адам катышты. Алар Бишкек-Ош жолун бир нече ирет тосушуп, өлкө башчыга кайрылуу жолдошту. Шектүүнүн үй-бүлөсү менен чогуу башка жакка көчүп кетүүсүн, аны өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылууда. Мындай талапты шектүүнүн кошуналары да айтып чыкты.