Рет қаралды 4,810
Өзүнүн заарасын ичти делген Акбала деген киши милицияга алынып келинди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2024-жылдын 25-майында болжол менен саат 01:00-02:00 аралыгында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1974-жылы туулган Акбала Нурдинов аттуу тургун социалдык тармактардын биринде «Батл» оюнун ойноп жатып, өзүнүн заарасын ичкен.
Милицияга алынып келген жаран өзүнүн көрсөтмөсүндө ал заарасы эместигин, алдын ала даярдап койгон суусундукту (сок) ичкендигин жана мындан ары терс көрүнүштөр кайталанбай тургандыгын айтып, кечирим сураган. Ошондой эле «Батл» оюнун 3000 адам карап отурганын билдирген.