Рет қаралды 4,412
Ассаляму алейкум жаамат Инша Аллах устазабыздын 40- кундук туура ибадат кылууну уйронуу курсу старт алды.
Илим алуу тууралуу аяттар, хадистер жана накыл сөздөр:
♣Аллах Таала айткан: «Аллах силердин ыймандууларыңардын жана илимдүүлөрүңөрдүн даражасын көтөрөт». (Мужаадала, 11-аят).
Аллах Таала айткан: «Чындыгында, пенделердин илимдүүлөрү Аллахтан коркушат». (Фаатир, 28-аят).
♣Муавия (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Аллах кимге жакшылык кааласа, аны дин илиминде аалым кылып коёт» - деген. (Бухарий, Муслим).
[31.01, 19:31] Кайрынса: ♣Абу Муса (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Аллах Таала мага берген туура жол менен илим, жерге жааган жамгырга окшош. Жердин бир бөлүгү түшүм бере турган жер болчу, ал өзүнө сууну сиңирди да, анын үстүнө ар түрдүү өсүмдүктөр өнүп чыкты. Ал эми жердин экинчи бөлүгү катуу болгондуктан ага суу сиңген жок. Бирок, адамдар аны ичүү, мал сугаруу жана жер сугаруу үчүн пайдаланышты. Ал эми жердин үчүнчү бөлүгү жантайма болгондуктан суу токтобостон агып кетти. Ал жерден өсүмдүктөр да өнүп чыккан жок жана суу дагы топтолгон жок. (Бул жердин биринчи жана экинчи бөлүгү) Аллах мага берген туура жолдон пайда көрүп, илим алышып, аны башкаларга үйрөтүшкөн адамдарга, (үчүнчү бөлүгү болсо) өзү илимге умтулбай жана Аллах мага берген туура жолду да кабыл албай койгон адамдарга окшош» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).
♣Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Илимдүү ибадат кылуучу менен илимсиз ибадат кылуучунун айырмасы, ай менен башка жылдыздардын айырмасы сыяктуу» - деген. (Тирмизий).
40 КУНДУК ИБАДАТ КЫЛУУНУ УЙРОНУУ КУРСУНУН БААСЫ 1000 С
толук маалымат учун
Россиядагылар +7 968 610-24-71