Ассалааму алайкум! Менин айтайын дегеним сиздерге кичине кыжаалаттык жаратса алдын ала кечирим сурайм. Бирок жеке өзүмдүн оюмдун айтып кетпесем болбос. Калыс устазга Аллахым раазы болсун, сабактарын калтырбай угуп келем ар дайым. Бирок мени кыжаалат кылган бир көйгөйүм бар Улан мырза. Сабакта отурган бир туугандарыбыз кичине тынч отуруп, колдоп коштобой угушса болобу? Мен оозеки суроо берген бир туугандарыма кайрылган жерим жок, тескерисинче алардын суроо бергени мага да пайда алып келет. Айтайын дегеним, Калыс устаз сүйлөп жатса, устазга кошулуп Аллооху Акбар, Альхамдулиллах деген сыяктуу колдоп коштогон сөздөрүн айтып жатам. Албетте ал сөздөр менен Алланы улуктап жатышат туура каршылык жок, бирок сабакты тынч отуруп угушса дегеним. Алдын ала кечирим сурайм, сиздерден Аллахым раазы болсун!
@АлиАсылбеков-ю6ф Жыл бұрын
Сабак толугу ушулбу же баш жагы жазылбай калганбы? Рахмат