Рет қаралды 46,427
Чек ара чатагынын каскагынан Баткенге үч миллион сомдук зыян келтирилген. Ал арада Камчыбек Ташиев 39-протоколго ылайык Ворухка жолду Кыргызстан өзү сала турганын айтты.
Жогорку соттун төрайымы Нургүль Бакирова кызматын өз каалоосу менен тапшыруу арызын президентке жолдоду. Соттун басма сөз кызматы аны жаңы Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби өзгөргөнү менен түшүндүрдү.
Ооганстанда талибдер ондогон мурдагы аткаминерлерди жана аскер кызматкерлерин жок кылганын Бириккен Улуттар Уюму билдирди. Ошондой эле “Ислам мамлекети” террордук тобуна байланышы бар делген 50 адам сотсуз эле дарга асылганы кабарланды.
#БүгүнАзаттыкта #чекара #жаңылыктар #Ташиев
_________________________________________
Биздин сайт - www.azattyk.org/
Instagram - /
/
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб - www.youtube.co....
Телеграм - telegram.me/Az...
t.me/azattykrus