Аалы Туткучев✔.Азыркы учурга жаны чыгарма."КАЛЫСТЫК"

  Рет қаралды 235,474

BIR BOL ELIM

BIR BOL ELIM

Күн бұрын

Аалы Туткучев.Азыркы учурга жаны чыгарма."КАЛЫСТЫК"
Аалы Туткучев 1983-жылы 9-декабрда Талас облусуна караштуу Манас районунун Арал айылында төрөлгөн.
Туткучев "Айтыш" коомдук фондусунан залкар акындар Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, азыркы муундун көрүнүктүү өкүлдөрү Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыров, Элмирбек Иманалиев, Азамат Болгонбаев жана башка акындар менен улуу өнөрдү улап, маданиятка салымын кошуп келе жатат.
Билими:
2001-жылы - Алымкул Үсөнбаев атындагы орто мектепти аяктаган;
2007-жылы - Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайын артыкчылык диплом менен бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2006-жылы - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобунда акын;
2014-жылы - "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси;
Ийгиликтери:
2005-жылы - Буйлаш уулу Арстанбектин 180 жылдык мааракесине арналган республикалык төкмө акындар айтышында баш байге;
2005-жылы - "Алтын шаты" президенттик стипендиясынын стипендианты;
2006-жылы - Казакстандын Орал жергесинде өткөн Мухит Мерейли уулунун 165 жылдык мааракесине арналган эл аралык акындар айтышында II орун;
2007-жылы - Барскоондо өткөн республикалык акындар айтышында I орун;
2008-жылы - Кыргызстандын Эгемендик күнүнө арналган эл аралык акындар айтышында I орун;
2009-жылы - Кыргызстандын Эгемендик күнүндө президенттин байгесине арналган республикалык айтышта баш байге;
2009-жылы - Республикалык "Айтыш-2009" төкмө акындар сынагында баш байге;
2010-жылы - Маданият жана искусство жаатына сиңирген эмгеги үчүн КРдин Ардак грамотасы менен сыйланган;
2011-жылы - Залкар акын Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгына арналган республикалык төкмө акындар айтышында баш байге;
2011-жыл - Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган республикалык төкмө акындар айтышында баш байге;
2011-жылы - Казакстандын Астана шаарында өткөн "Казакстан тауелсиздигине 20 жыл" эл аралык айтышында III орун, Куйручук олуянын 145 жылдыгына арналган республикалык акындар айтышында III орун;
2012-жылы - Белгилүү мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун 100 жылдыгына арналган акындар айтышында III орун;
2012-жылы - Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланган;
2012-жылы - WIPO дүйнөлүк интеллектуалдык менчикти коргоо уюмунан кыргыз фольклоруна кошкон салымы үчүн "Креативдүү инсан" алтын медалы менен сыйланган;
2013-жылы - Нооруз майрамына карата эл аралык "Айтыш-2013" сынагында I орун;
2013-жылы - Алп акын Коргоол Досуевдин 130 жылдык мааракесине арналган республикалык төкмө акындар айтышына жигердүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланган;
2014-жылы - Ош шаарында өткөн "Ырыбыз - достук, ынтымак" аттуу эл аралык айтышта баш байге;
2014-жыл - Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган IX эл аралык айтышта I орун;
2014-жылы - Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты;
2016-жылы - Лейлектеги республикалык акындар айтышында баш байге;
2017-жылы - КРдин Эмгек сиңирген артисти;
Үй бүлөлүү. Эки уул, эки кыздын атасы.
#Каналга#катталыныз

Пікірлер: 236
@kanykypshakbaeva5141
@kanykypshakbaeva5141 5 жыл бұрын
Аалынын айтыштарын кунуго корсом да тажабайм,омурун узун болсун.
@АмалбекЭргешбаев-р8у
@АмалбекЭргешбаев-р8у 5 жыл бұрын
Рахмат алыке бар бол чыныгы кыргыз уулу сендей болсун
@Take_11_11
@Take_11_11 5 жыл бұрын
Аалыбыз төгүп термени, Атпай журтун термеди. Ачуу чындык,акыл сөз, Калыстык бизге келеби. Акындар айткан эзели, Ак таңдай сөздүн кезеги. Арыз муңун чоң укпай, Алдыда дагы эзеби Аалы байке кайгырба, Табылат анын эсеби.
@УларбекИсайев-д8ъ
@УларбекИсайев-д8ъ 5 жыл бұрын
Сиз да акын турбайсызбы!
@Take_11_11
@Take_11_11 5 жыл бұрын
@@УларбекИсайев-д8ъ оа
@УларбекИсайев-д8ъ
@УларбекИсайев-д8ъ 5 жыл бұрын
Китептериниз барбы?
@УларбекИсайев-д8ъ
@УларбекИсайев-д8ъ 5 жыл бұрын
Оз чыгарманыздан?
@aziyaibraeva5690
@aziyaibraeva5690 5 жыл бұрын
Азаматсын Аалы!!! Сен ырынды угуп, тушунгондор аз, абдан гана окунучтуу!!! Омуруно береке берсин. Какшап чакырган калыстык келип калса экен!!! Кыргыз улуу эл! Улуулугубуз сакталса экен!🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏
@ulansydykbekov8157
@ulansydykbekov8157 5 жыл бұрын
Аалы бул ыр жегенге жетпей жакырга анан жетимди ыйлаткан ыр болуптур кайра кайра айтса акын кудайм жеткирер эл ырысын жегенге
@abdurashidkarimov3285
@abdurashidkarimov3285 5 жыл бұрын
Онорүңүз оркүндой берсин коз тийбесин сиздей адамдарга
@qecvbmlzxcvbnm4902
@qecvbmlzxcvbnm4902 5 жыл бұрын
Биздин чондор Аалы акындын ырын угушат болду бекен коп жаша азыркынын Токтогулу жолун ачык добушун бийик болсун
@AskarKichkinov
@AskarKichkinov Жыл бұрын
Аалы чын эле гений акын 👋👋👋👋
@tetchertettcher7576
@tetchertettcher7576 5 жыл бұрын
Кандай куюлушкан асыл создор.Алга акын
@АдилЭсенгелдиев
@АдилЭсенгелдиев 5 жыл бұрын
Бугунку кундун №1 акыны .Талантын ташкындай берсин Аалы иним!!!
@ГүльбараБекболотова
@ГүльбараБекболотова 5 жыл бұрын
Эч ким тең жок.
@akylbekjumaliev5862
@akylbekjumaliev5862 5 жыл бұрын
Жанын кейип кетет. Ошол калыстык жок. Аалы байке Аллах ыраазы болсун.
@akylaialmanbetova7294
@akylaialmanbetova7294 5 жыл бұрын
Талантынызга таазим Аалы аке. Сиздей адамдар коп болсо экен элибизде. Ушул калыбыныздан жазбай чындык деп чыркырап тогуп журо бериниз. Кудай озу колдосун сизди.
@tugolbayimarali3376
@tugolbayimarali3376 5 жыл бұрын
Алы ырдын мазмунун Алмазбек тушундубу экен Алы Омурун узун болсун.
@СеитВолков
@СеитВолков 5 жыл бұрын
Аалы байке соз жок,Аллахь озу эки дуйно колдосун.
@gaharamatv2915
@gaharamatv2915 5 жыл бұрын
Баракелде Аалы,коп жаша!Чындыкты чыркырап айтып,элиндин ичинде унун очпосун.
@ГүльбараБекболотова
@ГүльбараБекболотова 5 жыл бұрын
Аман бол өмүр берсин АЛЛА колдосун КЫРГЫЗ га берген бир ырыкыбызсың Аалы көп ЖАША БАКТЫЛУУ БОЛ 🤲🤲🤲🤲🤲🤲👏👏👏👏👏👏🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@жакакелдибеков
@жакакелдибеков 5 жыл бұрын
Аалы байке коп жашаныз!!!
@тыныэгембердиев
@тыныэгембердиев 5 жыл бұрын
Мыкты ырдагансыз ийгилик сизге талантыныз ташкындасын
@МирланНиязбеков
@МирланНиязбеков 10 ай бұрын
.эң мыкты бар бол
@кудайгашүгүр-з8щ
@кудайгашүгүр-з8щ 5 жыл бұрын
Кудай жаман көздөн жаман сөздөн сактасын.Бар бол!!
@СанаварМуратова-ю9е
@СанаварМуратова-ю9е 5 жыл бұрын
Соз жок Аалы ака мен оштон болом бул ырынызды угуп козумо жаш алдым элдин оюн тогуп салыпсыз.коп жашаныз бар болунуз кудайым чондордун журогуно ыйман Бере кор
@islamalymkulov821
@islamalymkulov821 5 жыл бұрын
Аалы туткуч достояние кыргызского народа коп жаша самый главный озгорулбо жигитсин
@nazirbekcnimberdiev6810
@nazirbekcnimberdiev6810 5 жыл бұрын
Омурунуз узуун болсун Аалы аке
@ТынчтыкОмурбеков-у2л
@ТынчтыкОмурбеков-у2л 2 жыл бұрын
Эн жакшы ыр жакшы создор чыкты 😘 чындык создор чыкты 😘
@asidaakkaiynova9549
@asidaakkaiynova9549 2 жыл бұрын
Мына акын деп ушул Аалыны айт коп жаша балам.
@ailurcunbaev5202
@ailurcunbaev5202 5 жыл бұрын
Аллы Рахмат сага чындыкты Айтып келесин
@мекенимКыргызстан-ъ4т
@мекенимКыргызстан-ъ4т 5 жыл бұрын
Молодец Аалы аман бол кайран Токтогул атабыз тируу экен
@МинураКокоева-ч4н
@МинураКокоева-ч4н 4 жыл бұрын
Омуруеу берсин кудайым илайим жузго чык асыл зат акыным сага тазим жетидун атынан Алыга тазим
@РанохонРозиева
@РанохонРозиева 4 жыл бұрын
Туура сонун
@ЕрмаматстамбековКурбанкулов
@ЕрмаматстамбековКурбанкулов 4 жыл бұрын
Азамат
@АлмазСатавалдиев
@АлмазСатавалдиев 3 жыл бұрын
@@МинураКокоева-ч4н и
@кыргызкыргызбек-у2ж
@кыргызкыргызбек-у2ж 5 жыл бұрын
Баракелде чындыкты айты аалы акын
@svetamamyralieva2147
@svetamamyralieva2147 4 жыл бұрын
Аман бол,унун кудайга жетсе экен🙏
@bakirova.2951
@bakirova.2951 2 жыл бұрын
Ырахмат Ааллы туткучев өтө маанилүү ыр экен уккан сайын көзүңө жаш келет Акындын Аллахым берген Талантына таазим Калыстык кыргыз эли бизден эч качан кетпесин ! ! !
@baktygulsuiundukova414
@baktygulsuiundukova414 5 жыл бұрын
Карапайым элдин койгоюн акындар гана таамай, курч созу менен жеткире алат.
@ВперёдПоехали-ь4ь
@ВперёдПоехали-ь4ь 4 жыл бұрын
Самый настоящий патриот Кыргызстана,самый сильный,умный и грамотный токмо акын Кыргызского народа 👍👏🤲🙏🤲
@ЖыргалДуманаев
@ЖыргалДуманаев 5 жыл бұрын
Чындыкты ырдаптыр
@ЖайнаковаВенера
@ЖайнаковаВенера 3 жыл бұрын
Омурун узун келечегин кен болсун 👍👍
@kaldarkaiymov893
@kaldarkaiymov893 5 жыл бұрын
Алла ыраазы болсун сизден байкем
@Аня-с2т9з
@Аня-с2т9з 5 жыл бұрын
Аалы Акын номер 1👍👍👍👏👏👏💐💝 да ХРАНИТ тебя АЛЛАХ.
@имялюбовьлюбимая
@имялюбовьлюбимая 5 жыл бұрын
бар болунуз . Инш Аллах сиздин тилегинизди бир куну Аллах кабыл кылат. чындыкты чыркыратып ырдадыныз
@ЖанылайЭгембердиева-я6о
@ЖанылайЭгембердиева-я6о 5 жыл бұрын
Аалынын ар бир сөзүндө деңиздей терең маани бар! Эх Аалы ачык айтып салыдң азаматсың!!!
@JyiguzbekBektursunov
@JyiguzbekBektursunov 3 ай бұрын
Баракелде Аалы Туткучев чыныгы төкмө акын. Дагы көп көп ушундай термелерди чыгарып тур. Кыргыздын бычакка сап жигиттеринин бири Аалыке, азамат дегенден башка сөз жок.
@dastanbaktybekov5715
@dastanbaktybekov5715 5 жыл бұрын
баракелде Аалы бир боорум бар бол
@meerimbekjanova6752
@meerimbekjanova6752 5 жыл бұрын
Бар бол аалы. Залкар.адамсын
@АйгулЖенишбек
@АйгулЖенишбек 5 жыл бұрын
Азамат мин мертебе Рахмат!!!
@domala-archa7561
@domala-archa7561 3 жыл бұрын
Соокко жеткире айтыптырсын балам Бийликтегилер ушул ырды угат болду бекен Омурун узун болсун балам азаматсын
@abdrazakovazat5501
@abdrazakovazat5501 5 жыл бұрын
Аалмы аман бол талантына таазим айланайын. Аалы сен эмне учун айтыштарга катышпайсын же сенден коркушуп кошушпайбы. Болгон байгени алып кетет деп омурун узун болуп коп жаша унун шаншый берсиин
@МарленЖоомартов-у5я
@МарленЖоомартов-у5я 4 жыл бұрын
Алы туткучев мен сизди колдойм сиздин ырларынызды коп угам
@ermeerma1012
@ermeerma1012 5 жыл бұрын
Бар бол Аалы балам. Орконун оссун. Эл уулусун.
@kanykypshakbaeva5141
@kanykypshakbaeva5141 5 жыл бұрын
Оркунун оссун Аалы,кыргыздын бактысына жаралыпсын,сени алып жутаар,ач коздор угаар бекен.
@кубантулекэев
@кубантулекэев 5 жыл бұрын
Аалынын ырлары Эн сонун
@ДинарКадырова-т7ц
@ДинарКадырова-т7ц 2 жыл бұрын
Азамат Аалы сонун чыгарма жазыпсын угуп еле олтура бере турган ыр екен.👍👍👍👍👍Азан сыяктуу ар куну ертен менен телевизордон берип турса болот еле..
@werhasder7198
@werhasder7198 5 жыл бұрын
Өмүрүң узун болсун Аалы, Угуп алып ыйлагым келди, Сахалинден бир кыргыз
@УларбекИсайев-д8ъ
@УларбекИсайев-д8ъ 5 жыл бұрын
Мен да сахалинден салам айтам досум!
@РанохонРозиева
@РанохонРозиева 4 жыл бұрын
Ооба 👍
@muhammadasyrakulov7249
@muhammadasyrakulov7249 2 жыл бұрын
@@УларбекИсайев-д8ъ Аалы омурун узун болсун унуно ун кошулсун Алла таалам озу колдосун жаман коздон жаман создон
@РедмиРедми-е5ц
@РедмиРедми-е5ц 2 жыл бұрын
Кыргызстан,онуго,берсин,кыргызым,кобойо берсин,Оо,Жараткан,Аллаа
@mansurbekmogolbaev813
@mansurbekmogolbaev813 5 жыл бұрын
Кудай омурберсин рахмат
@ЭрзатЖумагазиев-ж3ы
@ЭрзатЖумагазиев-ж3ы 5 жыл бұрын
Кандай таамай создор журоктон чыккан соз журокко жетет!!! Биз да бул создорго толук кошулабыз жана келээринен умут кылабыз!!!!
@АйсалкынАширбекова
@АйсалкынАширбекова 8 күн бұрын
Кыргыз элинин курч создуу чечени,сыймыгы,талантын оркундоп,шаншый бер иним,сыймыктанабыз,коп жаша.Ош шаары.
@hurkyzakylbekovna5078
@hurkyzakylbekovna5078 5 жыл бұрын
Эң соонун Азамат кана эми бул көк мее чоңдордун меесине жетсе
@РайымкулСулайманов
@РайымкулСулайманов Жыл бұрын
кыргыздын бактысына жаралган уул аалы туткучов өмүрүн узун болсун аалы иним өнөрүн өркүнөйберсин аар дайым аман бол елдин бактысына.
@ГулбараДавлатова
@ГулбараДавлатова 10 ай бұрын
Эмне деген керемет создор эмне деген ыр саптары бар бол Кыргыздын чыгаан акыны курч создуу залкар жигити аман бол❤❤🤲🤲
@патриоткыргыз-ю9е
@патриоткыргыз-ю9е 5 жыл бұрын
Аалыны ар Бир кыргыз которушубуз керек.рахмат раазыбыз
@ЕрмаматстамбековКурбанкулов
@ЕрмаматстамбековКурбанкулов 4 жыл бұрын
Азамат жасканын жакшы
@ПвврЕнкнг
@ПвврЕнкнг 2 жыл бұрын
Аалы азамат алла колдосун.Коп жаша онуп оссун онору оркундоп бийиктеп уча берсин.
@nurmattolokeev5609
@nurmattolokeev5609 5 жыл бұрын
бар бол аалы
@АйнураАлтынбаева-о6п
@АйнураАлтынбаева-о6п 4 жыл бұрын
Баракелде туура айтасын акындын сөзүнө кандай гана талант жүрөккө жеткен сөз
@МирэльТурмуш
@МирэльТурмуш 5 жыл бұрын
Аалы нукура акын. Ачуу чындык.
@УларбекИсайев-д8ъ
@УларбекИсайев-д8ъ 5 жыл бұрын
Ээ Аалы байке сизди Сагындым! Тез тез чыгып турунузчу! Сахалинден бир Кыргыз!
@СарыОЗОН-р7й
@СарыОЗОН-р7й 5 жыл бұрын
Комуздун унун укканда 🤗🤗
@daminurjanovna4821
@daminurjanovna4821 5 жыл бұрын
Аман болунуз Аалы аке
@batmabatma8828
@batmabatma8828 5 жыл бұрын
😭😭😭ушул Аалыны президент кылыш керек болуп
@РамаМырзалиев
@РамаМырзалиев 5 жыл бұрын
Анда. Алыны жокылышат биздин жунтар
@batmabatma8828
@batmabatma8828 5 жыл бұрын
@@РамаМырзалиев туура айтасыз
@gaharamatv2915
@gaharamatv2915 5 жыл бұрын
Койгула,президент кылабыз деп,Аалыбызды да сасытып албайлы.
@НурбекАшимкулов-т9я
@НурбекАшимкулов-т9я 2 жыл бұрын
Аалыке эркек экенсин журогум элжиреп кетет ырларыны уксам колдо бар алтындын баркын билбейбиз да кеткенден аттин кылабыз биз эмес болок эл суктанып колдоп турат а биз ишибиз жок тилене береке дагы коп коп чындыкты кутобуз 😌😌😌🤲🤲🤲
@НамысКалыйдылдаев
@НамысКалыйдылдаев 5 жыл бұрын
жакшы даана так айтын Аалыке
@АлиБатыров-з5у
@АлиБатыров-з5у 5 жыл бұрын
Алга
@mirjanasylbekovich10
@mirjanasylbekovich10 27 күн бұрын
Аалы акын кыргыздын азыркы каймагы, Амандык тилейбиз Аалыга,
@ЭлдинБалдары-ц8п
@ЭлдинБалдары-ц8п 5 жыл бұрын
Аалы агам бар болуңуз! Бүткөн боюңуз таланттан бүткөн экен, көз тийбесин. Элимдин ушул ахыбалын көрүп бизге көз тийгенби же каргышка калганбызбы деген ой кыйнайт мени
@saidjunus
@saidjunus 3 жыл бұрын
Маш Аллах Аалы Ага! Омурунуз узун болсун! Кыргыздын дунуйо арстаны болгон заманды королу!!! Сиздей Акындардын токмолору алдыга суроочу жаштарга дух куч дем берип турат. Хак жолунуздан кайтпаныз! Аллахым колдоп кубаттасын Сизди!
@БекболсунКарабаев
@БекболсунКарабаев 5 жыл бұрын
Алы ака биз ушундай ичи тар бири бирибизди коро албас Кыргызбыз да каныбызда бар экен бирок сиз чындыкты айтып чырылдайсыз рахмат сизге
@kurbanbekzuluev7884
@kurbanbekzuluev7884 5 жыл бұрын
Айнанайын сенин унуукан чондор ойлонор Кыргыз элинин жылдызысын айнанайын
@АзиретКубанычов-ъ9о
@АзиретКубанычов-ъ9о Жыл бұрын
азаматсыз Аалы аке сиз менен сыймыктанабыз
@МираСадыкова-д5ш
@МираСадыкова-д5ш 2 жыл бұрын
Калыстык,чындык созумду айтайын.Илгери шалдыраган абышкалар бийликте эл башында болчу.90ж.ж.дан бери энергичный,орто жаш адамдар келишти эл башына.Ошого карабай кетсин деп эле келе жатабыз.Себеби,коом адашканбыз.Кеп эмнеде таппай жатабыз.Кеп мында.Кеп,ар бир жарандын оз жеринде жашап,иштеши учун казынадан мурдагыдай жумуш ордун ачпай калганында.Мурда ар бир жарандын эч кимден коз карандысыз,башка жанга жалдантпай турган эркиндикте эмгектенип,мамлекетин да башка олколорго коз каранды кылбай,ошол эмгектери менен эл озу чогуу онуктуруп алчу окмот уюштурган эмгек ордулары бар болчу.Ошондуктан жумушсуздук,миграцияланып тентип жумуш издемей деген жок эле.Бирок,ар бир жаранда оз жеринде жашап,иштоочу эмгек орду болгон менен кошумча доходду семейный бюджетке алып келип,бай жашоону элибиз билген эмес.Азыр 90ж.ж.ры жер улушко алгандар жерден,малдан,соода-сатыктан каражат табууну уйронду.Бийлик элди ошол кошумча доход берчулор менен 90ж.ж.дан бери таштап койду.Моменттен пайдаланып карапайым калкты,айрыкча 90ж.ж.дагы улуш алгандан куру калган андан берки жаштарды дуйнодогу жеке байыгысы келгендер жеке менчигинде эмгектерин пайдаланып жалданма эмгекке коз карандылыкка айлантып жатышат.Элде мурдагыдай элдик казынадан эркин эмгек учун эмгек ордун жалпы элге бирин калтырбай уюштуруунун токтошу элди жалданмаларга айландырды да.Жерден,малдан кошумча доход болгон менен алар эртенки кунго жалпы элге ишеним бере албайт.Ар бир жаранда да жок жер,мал деген.,жетээрлик .Малды ылан алып,ууру илип кетчу нерсе экен.Соода-сатык таразалан ойдо-ылдый болуп,чекене баадан кымьат сатылып,ыймансыз элдин занятиеси экенЖерди болсо кыян жууп,мондур уруп эртенки кунго ишенимсиз калтырчу занятиелеи экен.Эртенки кунго ишенимди,эч кимге коз карандысыз жеке кожоюнсуз эркин эмгекти,оз жеринде жашап,иштоону,озулору менен кошо мамлекетин кошо онуктуруп кетууну ошол бийликтин элдин озулору чогуу топтоп турчу казынасынан жалпы элдин озуно улам кобойтуп уюштуруп ачып турган эмгек жайлар ,завод-фабрикалар ишке ашырат.Ар бир адамда эмгек ордунан эртенки кунго ишеним берээр,эртен маяна тиет буюрса деген эмгек акысы бар болсо,анан ага кошумча малдан,жерден,бирдеке сата коюп кошумча каражат тапканды элибиз жакшы эле уйронду.Стабилдуу ар бир жаранда эмгек маянасына кошумча доход тигилерден кошулса,,ар бир жаран бай жашаса болот да,оз жеринде.Ушуну ишке ашырбай элди на произвол судьбы кошумча доход берчулор менен калтырып,ишсиз койгон учун эл нааразы да бийликке 30жылдан бери.Жалданмага айланган элди эмгек ордун казыналан уюштуруп эркиндикке алып чыгуу керек.Мамлекетибиз СССРден болунуп эркин.А элибиз мурда кожоюндары жок элдик ишканаларда иштеп журуп эле 90ж.ж дан бери алар жабылган учун кожоюндарга жалданмаларга айоанып эркиндиктен ажырады.Себеби,керт баштын эркиндигин жеке кожоюндарга иштебеген ,мамлекеттик менчиктерде эмгектенген эркин эмгеги ишке ашырат.
@КарганбекСамаков-ь4ч
@КарганбекСамаков-ь4ч 4 жыл бұрын
Аззамат Аалы!!! Бар бол Кыргызымдын Кырааны!!!👍🤝🤲
@bakytkurmanaliev3555
@bakytkurmanaliev3555 2 жыл бұрын
1000жашаныз кыраан Аалы акын🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@ulukkarachaev4229
@ulukkarachaev4229 Жыл бұрын
Аалы акыныбыз жашытат го жашытат👍✊☝️чыныгы потриот чыныгы талант тазим кылам бар бол,коздон сактасын😢дайыма угам✊🤗
@---bl5hr
@---bl5hr 5 жыл бұрын
Аалыке сизге таазим журогум сыздап турат ак ийилет бирок сыбайт🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@veneravenera9713
@veneravenera9713 Жыл бұрын
Бали. Чындыкты таамай айткан акындарыбыз аман болгула.
@РаимбекМолдобаев-х4с
@РаимбекМолдобаев-х4с 2 жыл бұрын
Азаматсын Аалы
@СуйунБейшеналиева
@СуйунБейшеналиева 5 жыл бұрын
Аалы байке ийгилик
@user-ve7qy3jq5x55
@user-ve7qy3jq5x55 Жыл бұрын
Азыркы замандын демократ акыны. Таланты кудай берет,кудай берген адамга кордук көсөткөн,камап кыйнаган эч качан оңбойт. Биз талантууларды сыйлашыбыз керек.
@Баха-ы5ч
@Баха-ы5ч 2 жыл бұрын
Омурунду Аллахым узуун кылсын оомиин
@АсакеДжумабеков
@АсакеДжумабеков 3 жыл бұрын
Сонунда сонун
@ailurcunbaev5202
@ailurcunbaev5202 5 жыл бұрын
Аалы жарайсын чыркырап чындыкты Гана ырдап келет
@bektemirmatycaev7189
@bektemirmatycaev7189 5 жыл бұрын
Ассаламу алейкум рахматуллахи ва баракатуху! Чооооң рахмат Аалы иним. Чооң рахмат сага админ. Кандай гана сөздөр, угуп көзүмдөн жаш токтобой калды! Ушунчалык чучукка тийчү сөздөр да , верхушкага (галстук таккандарга) жетпей койдуго! Биздин верхушка айыл өкмөткө чейин, кресло сатмай менен алигиче убара! Канчалаган аалымдарыбыз, канчалаган имамдарыбыз тынбастан Алланын улуктугун, пайгамбарыбыздын(с.а.в )хадистерин күн сайын сайрашат. Бул айтылгандар верхушкага тиешеси жоктой! Бул верхушка кудайдын алдында жооп бериш тууралуу деги ойлойбу? Же буларга кооз үйлөр, кымбат баалуу машиналар, кымбат баалуу эс алчу жайлар болсо болдубу? ! Калпты чындай сүйлөгөндү, аябай өздөштүргөндүктөрүнө таң калуунун кереги жок! Эл үчүн иштегенге мезгил келип жетти! Токтоткула жеп ичкенди! Эл үчүн да иштегиле?
@ГорячийКыргыз
@ГорячийКыргыз 5 жыл бұрын
Аз калды
@beisheevbacyt7beisheev200
@beisheevbacyt7beisheev200 4 жыл бұрын
Аалынын ар бир ыры сезимди ойготот мольодец
@АлманбетоваДинара
@АлманбетоваДинара Жыл бұрын
Аллахым ыраазы болсун
@ulukkarachaev4229
@ulukkarachaev4229 Жыл бұрын
Аалы акынга таазим. Аллахым озу колдосун☝️✊
@DollaRKg
@DollaRKg 5 жыл бұрын
Акындар айткан эзели, Ак таңдай сөздүн кезеги. Аалы агам төктү го, Ашатып *тозор-безерди*. Аңдайлы эми чоңдорду, Акырын болсо этеги. Алышып жетпей алыбыз, Алкым деп жүрүп калкыбыз. Арт жагынан деги эле, Алыска кетти баркыбыз. Алдыга кетти коңшулар, А биз эмне жардыбыз. Аферист болбой, деги эле, Акылдуу болсок жалпыбыз. Америкага тең келер, Акыры болот наркыбыз!!!
@УларбекИсайев-д8ъ
@УларбекИсайев-д8ъ 5 жыл бұрын
Эн туура айтасыз!
@УларбекИсайев-д8ъ
@УларбекИсайев-д8ъ 5 жыл бұрын
Создон ишке отолу!
@АртыкбекЭшбаев
@АртыкбекЭшбаев 5 жыл бұрын
👍👍
@ЫрысАскаровна
@ЫрысАскаровна 3 жыл бұрын
Алдыңа кетем жарыгым Аман эсен бол
@МайрамРысбековна-л2ц
@МайрамРысбековна-л2ц Жыл бұрын
Откур акын ,Кудайым жаман коздон сактасын ! Кыргыз элимдин жакуту
@ggss3934
@ggss3934 5 жыл бұрын
Омурлуу бол онорунду орго чап
@AS-ud4no
@AS-ud4no 2 жыл бұрын
Ай Бали Кудай омуруно Береке БЕРСИН
@БурулЖумашова
@БурулЖумашова 2 жыл бұрын
Эң соонун
@ЕрмаматстамбековКурбанкулов
@ЕрмаматстамбековКурбанкулов 4 жыл бұрын
Ушул бала эн жакшы акын Азамат
@АрзимбекШадыканов
@АрзимбекШадыканов 4 жыл бұрын
Аалы иним дунуйо турганча тур
@МусаЖалил-ц2ф
@МусаЖалил-ц2ф 5 жыл бұрын
Аалыке сен бизге Аскар тоодой дем берсин!
@БактыгулРахманова-й8ж
@БактыгулРахманова-й8ж 2 жыл бұрын
Азамат. Бар бол
@ТаразЖамбыл-т4ц
@ТаразЖамбыл-т4ц Жыл бұрын
Осындаи Аалыдаи ақындарыбар қырғыздар ұлы халыққои
@БурхонЗулпукааров
@БурхонЗулпукааров 5 жыл бұрын
Молодец брат браво
@ГугугугруВггвгуВггвгуу
@ГугугугруВггвгуВггвгуу 3 ай бұрын
Маладес
Аалы Туткучев"Тулпарлар"
14:07
BIR BOL ELIM
Рет қаралды 1,1 МЛН
Strange dances 😂 Squid Game
00:22
عائلة ابو رعد Abo Raad family
Рет қаралды 29 МЛН
Thank you 😅
00:15
Nadir Show
Рет қаралды 46 МЛН
Миллионер | 6 - серия
28:05
Million Show
Рет қаралды 1,6 МЛН
Ыраймаалы менен Бегимайдын махабаты
14:15
Tynchtykbek Bektashtegin
Рет қаралды 8 МЛН
Жаратылыштын жан сакчысы | "Керемет өлкөм"
9:19
Аалы Туткучев. эгемен
10:01
уркалиев Амангельди 04
Рет қаралды 3,8 М.
Аалы Туткучев✔.АЧУУ ЧЫНДЫКТЫ АЙТЫ.
8:36
Аалы Туткучев Ким эле кыргыз, ким болду
12:39
Бактыбек Аликеев
Рет қаралды 216 М.