Рет қаралды 31,129
Абжали маңдайындагы жүдөмүш күйөө баласын бейтааныштай көрүп, баятан берки жоругуна кайдигер олтурганын сезгенде өзүнө таң калды.
Үсөн бармактайынан ата-энесинен ажырап, мектеп-интернатта чоңойду. Кийин бой тартып, онунчуну бүткөндө шофёрдук курсту бүтүп, айылдагы тагасыныкында жашап иштеп жүргөндө Азизага жолугат. Бышкан жемиш сабагында турабы. Эки жаштын ою бир жерден чыгат. Тойдон кийин: «Агам шаарда. Айылга келер-келбесин айта элек… Апам жалгыз бой. Карып калды. Таянар тоосу мен. Убактылуу болсо да, апам менен бирге туралы. Ага чейин пасылке бөлдүрүп, тамыбыздын каражатын аз-аздан топтой беребиз» деген келинчегинин сөзүнө Үсөн жок дебейт. Мезгил - канаты талбаган куш го… Ошондон бери төрт жыл өтүптүр. Эки наристе төрөлдү. Үсөн:
- Келгениңиз жакшы болду. Апаңызды Пурунзеге алып кетпесеңиз болбойт, - дегенде Абжали таяк менен төбөгө жегендей шалдайды, бирок ал өзүн ачууга жеңдирген жок. Кулагына каттагы апасынын сөзү жаңырды.
Эмгекти баалап, колдоо корсотууну каалагандар учун: Мбанк:990 550 269
ruhesh.kg/ky/dasmiya/1373-mati...
#кыргызча #аудиокитеп #кыргызстан #бишкек #audiobook #жомок #китеп #укмакитеп