Рет қаралды 4,924
Жарыя ! Жарыя ! Жарыя !
Москва Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Москвадагы «Надежда» диний уюму IQRA (Оку!) аттуу китеп окуу жарышын жарыялайт.
Сынак эки китептин бирин окуунун негизинде өткөрүлөт: "Ильдар Аляутдиновдун калемине таандык орус тилиндеги "Пророк Мухаммад ﷺ " же Абдишүкүр Нарматовдун "Өчпөс өмүр" аттуу кыргыз тилиндеги китептеринен катышууга болот. Сынак эки этапта өтөт: 27-февраль күнү онлайн түрүндө , 6-март күнү оффлайн түрүндө Москва шаарында өтөт.
IQRA ("Оку")
Жарышка бардык каалоочулар катыша алат. Катышуу үчүн жарыштын сайтына кирип катталып, тийиштүү маалыматтарды толтуруу керек.
Конкурстун сайты: iqra.su/ru/
Технологиянын заманында түбөлүк баалуулуктарды унутпоо, жашоону көркөм амалдар менен кооздоп, ар дайым өзүн өзү өркүндөтүү жолунда болуу маанилүү. Жарыштын уюштуруучуларынын айтымында, бул маселелерде Мухаммед пайгамбар ﷺ эң сонун үлгү. "Тилекке каршы, өмүр жолу пайгамбарлык миссиясынын ачык белгиси болгон, адамдарга Аллахтын ырайымы катары жөнөтүлгөн пайгамбарды ﷺ жакындан тааныбайбыз. Анын чексиз жоомарттыгы жана терең ырайымы китеп беттеринде гана калган жок. Алар бардык жагынан иш жүзүнө ашырылган. Анткени, ал бардык нерседе чыныгы иш-аракеттин адамы", - деп белгилейт Москва шаарынын муфтийи, Москва борбордук мечитинин баш имамы, Москвадагы мемориалдык жана борбордук мечиттердин жарчысы (имам-хатиби), «Эң мыкты адамдын жашоосу» китебинин автору И.Аляутдинов
"Өчпөс өмүр" китебин белек катары алууну каалайсызбы?
Тез арада биз менен байланышыңыз !
Китепти алуу үчүн эмне кылуу керек ?
- бул басылманы сторизиңизде репост кылыңыз
@mrom_nadezhda
@azat_dzholdubaev
@ iqra.reading
@nasaat.kg
инстаграм аккаунттарына жазылуу
- iqra.su сайтында катталуу
Ал эми бардык шарттар аткарылганын текшергенден кийин, китепти алуу үчүн төмөнкү дарек:
+7 (915) 354-03-19
+7 (925) 440-27-14
+7 (925) 166-42-47
+7 (968) 458-88-72
байланыш үчүн номер!
Адрес: Москва шаары.
Метро;Волгоградский проспект.
Көчөсү: Мельников 3 к7
"МРОМ НАДЕЖДА"
Китепти саат 12:00 дөн 21:00 гө чейин алып кетүүгө болот.