Ай секет Сыймык Бейшекеев

  Рет қаралды 135,153

Сыймык Бейшекеев

Сыймык Бейшекеев

Күн бұрын

Ай секет
Сөзү, обону Элмирбек Иманалиевдики
Арманым бойго сыйбады секет,
Ашыктык дарты кыйнады секет.
Күйүтүм бойго сыйбады секет,
Кургулук күчү кыйнады секет.
Өзүңдү сүйдүм бир гана секет,
Өзөгүм күйөт тим гана секет.
Тактайын ырдап сүйүүмдү эми,
Табалбайм башка бир дабаа секет.
Жылдызы болбо жанымдын секет,
Жыл өтпөй туруп сагындым секет.
Айы сен болбо жанымдын секет,
Ай өтпөй туруп сагындым секет.
Өзгөчө кыздар элде көп бирок,
Өзүңө гана багындым секет.
Мерседес сымал зыркырап секет,
Мезгилдер алга умтулат секет.
Сай-сайдан ылдый суу агат секет,
Саргайып жүрөк уланат секет.
Самаган акын өзүңдү анан,
Сагынбай кантип тура алат секет.
Коктудан ылдый суу агат секет,
Козголуп жүрөк ууланат секет.
Каалаган акын өзүң деп анан,
Какшанбай кантип тура алат секет.
Арманым бойго сыйбады секет,
Ашыктык дарты кыйнады секет.
Күйүтүм бойго сыйбады секет,
Курбулук күчү кыйнады секет.
Өзүңдү сүйдүм бир гана секет,
Өзөгүм күйөт тим гана секет.
Тактайын ырдап сүйүүмдү эми,
Табалбайм башка бир дабаа секет.
Жылдызы болбо жанымдын секет,
Жыл өтпөй туруп сагындым секет.
Айы сен болбо жанымдын секет,
Ай өтпөй туруп сагындым секет.
Өзгөчө кыздар элде көп бирок,
Өзүңө гана багындым секет.
Мерседес сымал зыркырап секет,
Мезгилдер алга умтулат секет.
Сайдан кар ээрип агылар секет,
Саргайып жүрөк уланат секет.
Самаган акын өзүңдү анан,
Сагынбай кантип тура алат секет.
Коктудан ылдый суу агат секет,
Козголуп жүрөк ууланат секет.
Каалаган акын өзүң деп анан,
Какшанбай кантип тура алат секет.
Баскамын сенин артыңдан секет,
Баргандан бирок тартынгам секет.
Кайкалай бүткөн далыңды сенин,
Кара бир чачың жайпаган секет.
Өрттөнүп жүрөк жанчылды секет,
Өзүңсүң жазаар жарпымды секет.
Жылмайсаң түн да жарк этет аттиң,
Жылдыздан түшкөн жансыңбы секет.
Өрттөдүң, күйгөн күл калды секет,
Өмүргө келген бир жанды секет.
Төгүлгөн кундуз чачыңды эми,
Төшөктөн көрөөр күн барбы секет?
Күйгүздүң күйгөн күл калды секет,
Күнүмдүк келген бир жанды секет.
Жайкалган кара чачыңды эми,
Жаздыктан көрөөр күн барбы секет?
Кырдан кар ээрип агылар секет,
Кыйноонун дагы жазы бар секет.
Кыса бир кармап белиңден сенин,
Кызыгуум бир күн жазылаар секет.
Сайдан кар ээрип агылар секет,
Санаанын дагы жазы бар секет.
Саамайың сылап, бой балкып чиркин,
Сагынчым бир күн жазылаар секет.

Пікірлер: 54
@АскатКудайбердиев-я3о
@АскатКудайбердиев-я3о 3 жыл бұрын
Элмирбек ага бир кылымда бир келген коронголуу, акылы тунук, айтканы улук, атагы бийик мандайыбызга буткон бакыт болгон экен! Эске албай кабырынды, Кеч билдик кадырынды...😔😓
@beksultansharabidinov8529
@beksultansharabidinov8529 3 жыл бұрын
Кайран гана залкарым, Элмикем😢
@KJ-ps1vo
@KJ-ps1vo 3 жыл бұрын
Элмирбек кайра жаралбайт мындай акын кылымда бир жаралат
@svetabeyshikova5355
@svetabeyshikova5355 3 жыл бұрын
ЭХ.ЭЛМИРБЕК ..😭😭😭 КАЙРАНГАНА БУЛБУЛУМ . УККАН САЙЫН ЫЙЛАП АЛАМ 🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲
@АтомКЖ
@АтомКЖ 3 жыл бұрын
Элмирбектин Гулбубуго арнап чыгарган ыры, экоо тен жок эми, жаткан жерлери жайлуу болсун!
@Айка-ь9к
@Айка-ь9к Жыл бұрын
​@Майрам Табалдиева Сыймык Бейшекеев айтып эле журбойбу Элмирбектин "Гукуш" деген ырын Ай секет деп ырдап чыкканмын деп
@россияобщийдом
@россияобщийдом Жыл бұрын
Элмирбек Иманалиев кандай гана керемет инсан эле, 😪 каза болгонун уккан да, аябай ыйлагам... жаткан жериңиз жайлуу болсун... 😭💔 Аттиң арман өмүр кыска экен.. 😭😭😭
@aijamalakmatkulova9422
@aijamalakmatkulova9422 3 жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун 🙏🏼
@ГулайБекмурзаева-л2у
@ГулайБекмурзаева-л2у 3 жыл бұрын
ЖАРАТКАН АЛЛАХЫМ КОЛДОСУН ,БААРДЫК ОЙ ТИЛЕКТЕРИН ИШКЕ АШСЫН . БУЛБУЛДАЙ ЖАГЫМДУУ УНУН КЫЛЫМДАР БОЮ ТАНШЫЙ БЕРСИН !!! ДОСУНДУН АРТЫ КАЙЫРЛУУ БОЛСУН,ЖАТКАН ЖЭЭРИ ЖАЙЛУУ БОЛСУН !!!
@kengekayipova571
@kengekayipova571 3 жыл бұрын
Коп жашаныз..Сыймык ага..Залкарыбыздын арты кайрылуу болуп, бейишин берсин..🤲🤲🤲🤲🤲
@ВперёдПоехали-ь4ь
@ВперёдПоехали-ь4ь 3 жыл бұрын
Эх Элмирбек Элмирбек пусть земля будет пухом тебе,будь в раю 🤲🤲🤲
@Элдик-х5б
@Элдик-х5б 3 жыл бұрын
😓😓😓Аллахым бейиштен орун берсин Элмирбек Агай 😓😓Ичим жамаан орт болуп жатат
@СулиШм
@СулиШм 3 жыл бұрын
Мыкты агалар👍🏻👍🏻 балалык кездери бирге эле отуптурда кандай сонун кез айыл да 👍🏻👍🏻эми токтогулдан сиздердей инсандар чыкпачуудай сезилет
@МедербекЖапаркулов-г3г
@МедербекЖапаркулов-г3г 3 жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун Аамиин Аллахым бейишинен орун берсин Аамиин 😥
@АидаЧилбашева
@АидаЧилбашева 3 жыл бұрын
Аман болунуз рахмат
@ФаризаШайлоокулкызы-е1ч
@ФаризаШайлоокулкызы-е1ч 3 жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун
@Аллагашүгүр-ц9ю
@Аллагашүгүр-ц9ю 3 жыл бұрын
Үнүңүзгө баракелде аман болуңуз үй бүлөлүк Бакыт каалайм залкар акыныбыз бейштен жай насип кылган болсун Аллахым
@ДинараАбдибаликызы-г9ф
@ДинараАбдибаликызы-г9ф 3 жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун ии акыныбыз олгондо кандай ыйладык журогум азыркыга чейин журогум титирейт 😥😥
@blackmamba4307
@blackmamba4307 2 жыл бұрын
Ырдын мааниси терең экен, уккулуктуу үнү да керемет, Бар болуңуз ! С.Бейшекеев. ❤️💙💜
@blackmamba4307
@blackmamba4307 2 жыл бұрын
Э.Иманалиев мекенчил. Кыргыздын мыкты акын болчу, жакшы акыныбыздан айрылдык, жаткан жериңиз жайлуу болсун. 😓😓😪
@КылычА-е4к
@КылычА-е4к 3 жыл бұрын
Бугун Элмирбек байкенин туулган куну ,бирок озу жок аттин.
@ЖылдызСакенова-ю6ш
@ЖылдызСакенова-ю6ш 3 жыл бұрын
Голос 👍👍👍
@ЫйманнуруЫйманова
@ЫйманнуруЫйманова 3 жыл бұрын
Кандай соонун ырлар созу маазмуну ото баалу создор уй булоонуз менен ден соолукта болунуз уй булоонузго ыйман ынтымак ырыскы ден соолук бак береке тилейм уйунуздон кут кетпесин элибиз онорунузду баалап озунузду барктап ырларынызды сыймыктануу менен угабыз бар болунуз эл уулусуз омурунуз узуун болсун унунузго береке бар болунуз Элмирбектин жаткан жэри жайлуу топурагы торко болсун Аллахым беейиштин торунон орун берсин ото окунучтуу арабызда жок
@ЗалкарКороче
@ЗалкарКороче 2 жыл бұрын
Эх элмирбек кандай гана талант
@БактыярКыдырбаев-п6ц
@БактыярКыдырбаев-п6ц 2 жыл бұрын
Сыймык Байкем Токтогулдук жердешим залкар адамсыз талантынызга соз жок кулк мунозунуз да жакшы
@АселБапышева
@АселБапышева 3 жыл бұрын
Ушундай мурунку ырларды жуктонузчу
@НурматТулобердиев-ы7ж
@НурматТулобердиев-ы7ж 3 жыл бұрын
Сыймык Бейшкеев аткарган кайдагы Омурзак
@ГулмираМатраева
@ГулмираМатраева 3 жыл бұрын
Ден соолук Сыймык
@АнварАжыгулов-м7я
@АнварАжыгулов-м7я 3 жыл бұрын
Досунуздун арбагы ыраазы болсун
@МиеаварзанБабамирзаева
@МиеаварзанБабамирзаева Жыл бұрын
Элмирбек кайталангыз талант эле аттин Арман жанын жанната болсун
@НурикНуракматМойдунов
@НурикНуракматМойдунов Жыл бұрын
😢биздин журогузбо Элмирбек Иманалиев
@mekenimkyrgyzstan9189
@mekenimkyrgyzstan9189 3 жыл бұрын
1
@ЖоомартНадырбекуулу
@ЖоомартНадырбекуулу 2 жыл бұрын
Соонун 😭😭😭😭
@Kyrgyzkel
@Kyrgyzkel Жыл бұрын
Ийй секет ийгилик сиз Ага
@дана-я2ц
@дана-я2ц 11 ай бұрын
Мына эми ай секетти экоо эрчишип кете берди жаткан жери жайлуу болсун
@ХондаАкорд-р6р
@ХондаАкорд-р6р 3 жыл бұрын
Кузгу ношор ырыныздын акардеон менен чыкканында жуктосонуз
@ЖыпарбекБейшекеев-х9о
@ЖыпарбекБейшекеев-х9о 3 жыл бұрын
kzbin.info/www/bejne/f4vPqICCbcqsfLs
@ГульнурТуйгунбекоыа
@ГульнурТуйгунбекоыа 3 жыл бұрын
😭😭
@КабылалиеваАнара
@КабылалиеваАнара 3 жыл бұрын
👍👍👍🙏🙏
@АйнагулМанасова
@АйнагулМанасова 2 жыл бұрын
Абдан, жакшы ырдайт эле.
@МиссСирена
@МиссСирена 3 жыл бұрын
2
@СулиШм
@СулиШм 3 жыл бұрын
Эмне ал
@indiraaidarbekova8086
@indiraaidarbekova8086 3 жыл бұрын
😢😢😢
@jasmintaabald1eva10
@jasmintaabald1eva10 Жыл бұрын
😓😓😓
@kairattorogeldi3834
@kairattorogeldi3834 3 жыл бұрын
Жаш кезде чогу болушкан экенда
@jojo_eyes_11
@jojo_eyes_11 3 жыл бұрын
😂
@gulnaraabykova3853
@gulnaraabykova3853 2 жыл бұрын
Алтын жигит,алп акын
@ГулмираМатраева
@ГулмираМатраева 3 жыл бұрын
😪😪😪😪😪😪😪
@ЖыргалбекУсонов-ж6т
@ЖыргалбекУсонов-ж6т 2 жыл бұрын
Сыймык Элмирбек ыры эмес Жанат Канат уулу деген ырчы ырдаган
@ТокбаевАзамат
@ТокбаевАзамат 2 жыл бұрын
Сыймык агай 5 б класста ырынызды жуктоп койосузбу анан Таалайбек Бектургановдун сагыныч аттуу ырын озунуз аткаруунузда жуктоп койосузбу.
@ИсаКулукеев
@ИсаКулукеев 3 жыл бұрын
Бул ырдын аткаруучусу Өмүрзак Кайыпов. Элди адаштырып, туңгуюкка айдаганыңарды качан токтосуңар? Бүт кыргызстандын маалымат булактары, мындай бир нерсени текшербей туруп ура беришет. Анан элдин арасында түшүнбөстүктөр пайда болуп, элдин арасында аркандай ойлор ойноп кетет. Кичине мындай тагыраак маалыматты элге жеткиргенге аракет кылсаңар боло...
@АтомКЖ
@АтомКЖ 3 жыл бұрын
Ырдап аткан С. Бейшекеев, Өмүрзак Кайыпов эмес. Элмирбектин Гүлбүбүгө арнап "Гүкүш" деп чыгарган ыры. Сыймык "Ай секет" деп атап "ырдап чыккам" - деп маек берген
@АзатКыдыкбаев-к7й
@АзатКыдыкбаев-к7й 2 жыл бұрын
1994жылы чыккан ыр, а дегенде Э Иманалиев Гүлбү деп жазган экен анан С Бейшекээв Секет деп өзгөртүп мен ырдайын деп сурап алган
@МиеаварзанБабамирзаева
@МиеаварзанБабамирзаева 8 ай бұрын
Элмирбек кайталангыз талант эле кайран Жигит жаткан жерин жайлук болсун Аллахым Оз ырайымына алып кунолорунду кечирип Жаннатан лрун берсин
Акматбек Султан уулу "Жан секет"
7:11
Изат Айдаркулова
Рет қаралды 45 М.
哈莉奎因怎么变骷髅了#小丑 #shorts
00:19
好人小丑
Рет қаралды 51 МЛН
The Joker wanted to stand at the front, but unexpectedly was beaten up by Officer Rabbit
00:12
POV: Your kids ask to play the claw machine
00:20
Hungry FAM
Рет қаралды 19 МЛН
КАЙЫРЧЫНЫН КАЗАЛЫ - Сыймык Бейшекеев
12:01
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 1,8 МЛН
Элмирбек Иманалиев: "Сүйүү бул кудайлык маселеге кирет"
49:53
Nazira Aytbekova Назира Айтбекова
Рет қаралды 1 МЛН
Алагушов Бек - Ак Бакай
5:59
JANAT KANAT UULU
Рет қаралды 411 М.
КОМУЗ МЕНЕН ЫРДАЛГАН ЫРЛАР - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ
14:07
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 86 М.