Рет қаралды 8,545
Баткенде дүйнөдө сейрек кездешүүчү Айгүл гүлү гүлдөдү. Аны көрүүгө Кыргызстандын бардык аймактарынын жашоочулары жана туристтер келип баштады. Бул тууралуу аймактык кабрчы билдирди.
Айгүл келген кишинин көзүнө дароо уруна бербейт. Гүлдөрдү тоонун бийик бооруна чыгып барып көрүүгө гана болот. Анткени бул кызыл китепке кирген гүл жылдан-жылга азайып, тоо этектеринде дээрлик гүлдөбөй калган.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындан 10 жыл мурда Айгүл гүлү тоодо жайнап турчу. Жашоочулар мамлекеттик деңдээлде көңүл бурулуп, гүлдөрдү кайра көбөйтүү керек деген пикирлерин билдиришти.
Ошол аймакка жакын жерде мал багып жүргөн Акбари Сатыгулов гүлдөрдү ушундай кезинде көбөйтүп жана сактап калуу экендигин айтат. Буга чейин айгүл гүлдөгөндө тоонун боору килем төшөлгөндөй көрүнчү.