Рет қаралды 1,675
Шайлоого карата Ош ОИИБи күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
2021-жылдын 24-ноябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата коомдук коопсуздукту сактоо максатында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын жана Араван, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын багыттагы “Шумкар” атындагы полкунун 3-батальонунун өздүк курамы жана 703 ички аскер бөлүгүнүн жоокерлери катышкан горнизондук саптык кароо болуп өттү.
Горнизондук саптык кароонун максаты шайлоо күнүндө коомдук коопсуздукту сактоодо, кызматкерлердин кызматтык формаларынын саптык уставка ылайыктуулугу, сырткы келбетинин жагымдуу көрүнүшү, мыйзамдардын талаптарын так аткаруусу, техникалык каражаттардын оң абалда болуусун көздөн өткөрүү болуп саналат. Бул иш-чарада кызматкерлеге шайлоо учурунда жарандардан келип түшкөн арыз даттанууларды ыкчам кароону, ыкчам чара көрүү боюнча талап коюлду. Ар бир кызматкердин бөлунгөн участогунда мыйзам чегинде иш алып барууну, жарандарга карата сылык мамиле кылууну, алдыга койгон кызматтык милдеттерин так аткаууну эскертти. Ыкчам кызматтар тарабынан коомгоо коркунуч келтирүүчү издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо жана аракеттерине бөгөт койучу багыттама берилди.
Саптык кароону Кыргыз Республикасынын ИИМдин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиевдин жетекчилик астында, Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов жана Ош ШИИБдин начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасеитов менен биргеликте өткөрүшүп, техникалардын жана өздүк курамдын даярдыктары менен таанышып чыгышты. Саптык кароо учурунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин орун басары милициянын полковниги Н. Абдиев тарабынан ИИМдин буйруктарын жеткирип алдыда келе жаткан шайлоо кунундө укук бузуулардын алдын алуу боюнча ар бир кызматтарга тиешелүү тапшырмалар коюлду жана нускамалар берилди.
Шайлоо күнү Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жалпысынан 593 шайлоо участкаларга 1500дөн ашуун милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөшөт. Мындан сырткары 37 документтештирүү топ, 300гө жакын ыкчам-тергөө тобу күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Ошондой эле милиция кызматкерлери менен биргеликте 900гө жакын элдик кошундардын өкүлдөрү жана 150гө жакын Ички иштер органдарынын ардагерлери жардамдашат. Саптык кароодон кийин алыскы райондорго бюлетендерди жеткирүү жана коомдук коопсуздукту сактоо максатында 25-ноябрь күнү бөлүнгөн кызматкерлер шайлоо участкаларга жөнөп кетишет.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.
24 ноября 2021 года на центральной площади г.Ош состоялся гарнизонный развод личного состава УВД Ошской области и УВД города Ош. На центральной площади построились колонны сотрудников центрального аппарата УВД Ошской области и УВД г.Ош, ОВД Араванского, Алайского, Кара-Кулжинского, Кара-Суйского, Ноокатского, Узгенского районов, а также сотрудников 3 батальона ПСН “Шумкар” МВД КР, военнослужащих внутрених войск 703 МВД КР. Все указанные подразделения задействованы в обеспечении общественного порядка и безопасности во время выборов депутатов парламента, намеченных на 28 ноября 2021 года.
Гарнизонный развод проходил под руководством заместителя министра внутренних дел Кыргызской Республики Нурбека Абдиева, начальника УВД Ошской области полковника милиции Женишбека Абитова, начальника УВД г.Ош полковник милиции Акылбека Мамасеитова. Руководители провели строевой смотр, особое внимание уделено внешнему виду сотрудников милиции, задействованных в избирательных участках во время выборов, соответствию форменного обмундирования установленным нормам, наличию средств индивидуальной медицинской защиты, а также осмотрели задействованный автотранспорт. Заместитель министра внутренних дел Нурбек Абдиев, выступая перед личным составом, потребовал неукоснительного соблюдения требований законов КР, нормативно-правовых актов, регламентирующих деятельность ОВД КР и выборного законодательства. «Во время несения службы по охране общественного порядка и обеспечению безопасности граждан вы обязаны проявлять бдительность, в обращении с гражданами проявлять тактичность и вежливость, в оперативном порядке реагировать на заявления граждан о правонарушениях» - отметил заместитель министра. Органы внутренних дел будут принимать все необходимые меры на местах в целях поддержания правопорядка и сохранения стабильности.
В УВД Ошской области и УВД г.Ош в период подготовки и проведения выборов депутатов ЖК созданы 37 групп документирования, в день выборов более 300 следственно-оперативных групп будут нести службу в усиленном режиме. Также для обеспечения общественного порядка в день выборов привлекаются свыше 900 дружинников и 150 ветеранов органов внутренних дел, которые вместе с сотрудниками милиции будут обеспечивать общественный порядок на избирательных участках.
Пресс-служба УВД Ошской области