Рет қаралды 12,121
Айсана Жанибек кызы Кош жылдыз.
Эстечи, андай чак кайда,
Экөөбүз бакта басканда.
Коңур жел жортуп таң эрте,
Кош жылдыз, кош жылдыз,
Кош жылдыз турган асманда.
Жылдыздай сүйүү мен тилеп,
Жылдыздай сүйүү сен тилеп.
Ал экөө биздин жылдыз деп,
Албадык, албадык,
Албадык беле энчилеп.
Кош жылдыз өңдүү жанашып,
Кош жылдыз өңдүү жарашып.
Эрмектеш болуп жүрө албай,
Экөөбүз, экөөбүз,
Экөөбүз кеттик адашып.
Жаз сайын булак шылдырап,
Жашка жаш кошуп жыл-жылат.
Көргөндө көктөн кош жылдыз,
Көзүмдүн, көзүмдүн,
Көзүмдүн жашы кылгырат.
С. Жусуев