АЙЫККЫС КYЙYТ - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ клип 2024

  Рет қаралды 139,346

Сыймык Бейшекеев

Сыймык Бейшекеев

4 ай бұрын

#сыймыкбейшекеев #айыккыскуйут #жаныклип2024 #клип2024 #дастанырлар #сыймыкклип #2024
АЙЫККЫС КҮЙҮТ
Сөзү: Бактыгүл Сейитбекова
Обону: Сыймык Бейшекеев
Жүрөгүм кысат эстеген сайын,
Жүлүнүм сыздап, чыкчудай жаным.
Айыккыс күйүт өзөктү өрттөп,
Арманым күчөп жүрөмүн дайым.
Тагдырга кандай туш болдум эле,
Туурумдан учкан куш болдум беле.
Ишенчээк жаным алданып калып,
Изимди антип жашырдым неге?
Тогуз ай бою омурткам сыздап,
Толгонуп эчен көтөрдүм чыдап.
"Атасы ким?" деп суракка алып,
Айылга барсам эл ушак кылмак.
Жашырып сени жарыкка келген,
Жакшынам элең Кудайым берген.
Жапжалгыз өзүм жалаң кат ороп,
Жашикке таштап кылчайбай кеткем...
Жашиктер катар таштанды толгон,
Жалгызым сенин жайың бир болгон.
Чыдабай кайра таңга жуук келдим,
Энелик сезим жанымды койбой.
Таппадым сени таштаган жерден,
Татынам мага окшош кыз элең.
Таштанды шимшип жойлогон иттер,
Тарпыңды сүйрөп талашып жеген.
Жалаяк жатат орогон сени,
Жанымды коёр жер таппай деги.
Узады жылдар арадан учуп,
Болбодум эне күйүтүм жеди.
Жазалап мезгил көрбөдүм бала,
Жабыктым, күйдүм таппадым арга.
Айыккыс күйүт өзөктү өрттөп,
Арманым күчөйт, арылбай санаам.
Айыккыс күйүт өзөктү өрттөйт,
Арманым күчөйт табылбай арга...

Пікірлер: 293
@user-xg3ul3wx4u
@user-xg3ul3wx4u 4 ай бұрын
Актриса кыз укмуш аткарыптыр прям ошол окуяда жашап аткарыптыр журогу мн корунуп турат професионал экени.Чон чон кинолордон кутобуз.
@user-cr2sl2ge2c
@user-cr2sl2ge2c 4 ай бұрын
Эл эмне деп жашаганыбыздын аркасы ушундай да😢😢😢😢Ушундайга турткунчук болгон эркектерди да жоопко тартыш керек бир нерсе десе аял байкушту озу жатып берген дешет жатып бергенде эле эч нерсе кылбагансып. Акыркы кундун актуалдуу темасын чагылдырган сонун чыгарма чыгармачылык ийгилик Сыймык байке😢😢😢😢😢😢
@nursultan890
@nursultan890 4 ай бұрын
Бир эле эркекти куноолобогуло ошого повод берген кыздарда да бар экоо тен куноолу.
@Elnura83
@Elnura83 4 ай бұрын
@@nursultan890эркек ошого чейин аялды алдап,Ичи койнуна кирет.Аял киши ишенчээк келет.Экоо Тен куноолуу
@user-ie8wi4vp7p
@user-ie8wi4vp7p 4 ай бұрын
Аллахым ушундай да болобу?
@user-hf7ip4ju4o
@user-hf7ip4ju4o 4 ай бұрын
Аягында не болду
@elgizaomurkulova6051
@elgizaomurkulova6051 4 ай бұрын
👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻
@Qwerty.12345nur
@Qwerty.12345nur 4 ай бұрын
Ыр деген ушундай маанилүү болсо, 3 минутка жетпеген ырлар менен хит эмес ит болгондон көрө. Азаматсыз Сыймык байке
@user-pb1gq5df6v
@user-pb1gq5df6v 4 ай бұрын
Коруп ыйлап ийдим мага окшоп ыйлагандар барбы журоко жете турган болуп тартылыптыр 😢😢😢Онорунуз оркундой берсин бироо Зар бала бироого кор бала коргондорго сабак болор айрыча мырзаларга.
@StarWorldTeam
@StarWorldTeam 4 ай бұрын
Бугунку кундун койгойу. Абдан жан жуйнону , сай соокту сыздаткан ыр жана клип болуптур! Талантынызга таазим❤ Сыймык куда! Бар болунуз!
@joma.1986
@joma.1986 4 ай бұрын
УЧУРДУН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫКТУУ ЧЫГАРМА БОЛУПТУР 😢, УШУЛ ЧЫГАРМА ЖАШТАРЫБЫЗГА ЧОҢ САБАК БОЛСО ЭКЕН ДЕП НИЕТ КЫЛАЛЫ, ЭЧ КАЧАН НАРИСТЕЛЕР ТАШТАЛБАСЫН🤲 СЫЙМЫК АКЕ СИЗГЕ БЕКЕМ ДЕН СООЛУК, ТАЛАНТЫҢЫЗГА ТААЗИМ БАР БОЛУҢУЗ ✊🤝👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬.....
@user-ITALIA.K.A.N.A.L.Y.
@user-ITALIA.K.A.N.A.L.Y. 4 ай бұрын
Сыймык агайдай эч ким чыгара албайт дастанды, ийинине келтире ырдайт. Амандыкта болунуз, сиз журокко жеткиресиз ар бир куйутту.
@Tanatar.SHOWMAN.
@Tanatar.SHOWMAN. 4 ай бұрын
Дене дүркүрөп чыкты чынында шумдук болуптур👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻😢😢😢😢😢
@bermetsuranbaeva4076
@bermetsuranbaeva4076 4 ай бұрын
😢😢😢😢 АЛЛАХЫМ ар бирибизге ыйман берсин. Уулдарыбыз,кыздарыбыз ыймандуу, акылдуу болуп чонойсун .Эч ким жолунан адашпасын
@user-cl1fn6tk5w
@user-cl1fn6tk5w 4 ай бұрын
Мыкты чыгарма талантынызга таазим 😢😢 өзүңүзгө бекем ден соолук үй бүлөөңүзгө ынтымак берсин
@user-gd8bn3jr3k
@user-gd8bn3jr3k 4 ай бұрын
Нуриза эже супер,азаматсыз,дагы да клиптерден күтөбүз,мыкты аткарат экен,дагы да клипке тарткыла,таланты сонун
@user-cg2it3yg1q
@user-cg2it3yg1q 4 ай бұрын
Клип өтө сонун. Тартылаган жаш актриса өтө сонун аткарган ❤️‍🔥
@Kyrgyz_viness
@Kyrgyz_viness 4 ай бұрын
Актриса кыз жеткире сонун аткарыптыр 👍👍
@user-kv2we9bx6l
@user-kv2we9bx6l 4 ай бұрын
Азыркы учурдун актуалдуу, глобалдуу темасын чагылдырыпсыз ырынызда! Баарыбыз коруп, сабак алчуу чыгарма экен! Сизге дагы чыгармачылык ийгилик, бийиктиктерди багынтып, хит ырларды жаратып журо бериниз урматтуу Сыймык Бейшекеев!!!
@seilkurmanalieva6570
@seilkurmanalieva6570 4 ай бұрын
Нургиза молодец ❤ ты сыграла прекрасно и все эмоции передала 🥹✊
@user-hv7iq8pc3u
@user-hv7iq8pc3u 4 ай бұрын
Нургиза молодец.👍🏻 . Успехов тебе в корьере 😘
@user-gd8bn3jr3k
@user-gd8bn3jr3k 4 ай бұрын
Чындыгында жаш актриса мыкты аткарган ,анан да актрисалар,дагы да клиптен күтөбүз эжеке
@user-mz6oi8yk2x
@user-mz6oi8yk2x 4 ай бұрын
Кыргыз кыздары намыстту болгула,бир алакандай жериңержи сактап кумарга алдырбагыла.Мындай оялар коомдо көп эле болуп атат.Сыймык байке мыктысыз❤
@user-bl4qi5bc6t
@user-bl4qi5bc6t 4 ай бұрын
Эркектерге дагы намыс берсин алдап салдап орто жолго таштап кетпесин 😢
@user-tv4ge7il9j
@user-tv4ge7il9j 4 ай бұрын
Кыргыз кыздарын алдаган эркектерге айтын намыстуу, созго бекем турган жоопкерчиликтуу болгула деп, качан болсо аялга оодарып койосуздар
@galyasydykova8742
@galyasydykova8742 4 ай бұрын
Элибизди тарбиялай турган чыгармалар зор болсун. Чыгармачылык ийгилик,омурлуу бол иним.❤
@user-dw2no3mf2p
@user-dw2no3mf2p 3 ай бұрын
Жакшы чыгарма болуптур Сыймык акенин ырлары менен чонойтуко керемет
@user-nx9xb7xc2j
@user-nx9xb7xc2j 4 ай бұрын
Баракелде,сонун ыр, клип талантың ташкындап, өнөрүң өркүндөп,тарыхта изиң калып,элдин сыймыгы болуп жүрө бер!
@user-uq8cx1bw9c
@user-uq8cx1bw9c 4 ай бұрын
Сыймык азаматсын, 2024- жылдын мыкты клипи болуптур, тарбиялык мааниси да таасирлуу, талантына баракелди!!!
@askamedia01
@askamedia01 4 ай бұрын
Актуалдуу тема😢😢😢 Жаш актриса мыкты аткарыптыр. ASKA MEDİA ютуб каналында интервьюсу да бар
@gulzar6744
@gulzar6744 4 ай бұрын
2024жылыбыздын эң маанилүү мазмундуу клиби болуптур ❤Сыймык агабызды колдогондор барбы туугандар класс баса кетебиз анда
@user-ip6dp1nr2m
@user-ip6dp1nr2m 2 ай бұрын
Ыйладым...Бул ыр күкүк энелерге таштанды балдарга арналган жүрөк өйүткөн жан дүйнөңдү антарган сонун уккулуктуу чыгарма болуптур
@aibekbekjanov5412
@aibekbekjanov5412 4 ай бұрын
Мыкты инсандан,тарбиясы зор чыгарма👍👍👍 Бар болуңуз,Эл Сыймыгы👏👏👏
@user-ym8qg4zq6w
@user-ym8qg4zq6w 2 ай бұрын
Нургиза эже сиз менен сыймыктанам❤ Чындыгында баардык жагынан мыктысыз😘😘😘😘😘
@zamirbek
@zamirbek 4 ай бұрын
Азыркы убактагы актуалдуу тема😢мыкты клип🔥
@user-bn1uv8id7o
@user-bn1uv8id7o 4 ай бұрын
Азыркы мезгилдин адамды ойлонто турган чыгарма болуптур ......айрым адамдарга сабак.болот деп ойлойм.....тагдыр ......калемин курчуй берсин Сыймык ,чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын .
@adilachakeev
@adilachakeev 4 ай бұрын
Ото окунучтуу,чындыкты чагылдырыпсыз,журок зырп эте тушту
@user-ie2gq8lo2r
@user-ie2gq8lo2r 4 ай бұрын
Сыймык сага рахмат. Бул чыныгы актуалдуу проблема, турмушту чагылдырган, ачуу чындыкты чагылдырган чыгарма болуптур. ❤❤❤ Мумкун, коп жаштарды ойлондуруп, туура жагын тандоого, бир себеп болоор. Чыгармачылык ийгилик. Аман бол элдин Сыймыгы.❤❤❤
@user-uy8sg4vn7b
@user-uy8sg4vn7b 4 ай бұрын
Жүрөктү ооруткан чыгарма экен!!!Тагдырдын ачуу чындыгы!!!Кудайым уул-кыздарыбызды түз жолунан адаштырбасын!!! Жүрөктөрүно ыйман толсун!!
@user-fw1xt4hw7h
@user-fw1xt4hw7h 4 ай бұрын
Эн соонун ыр болуптур соз жок Сыймык байке эн соонун ырдайсыз создан ырларынызды кубануу мн угамын
@user-ve7lt7sm2g
@user-ve7lt7sm2g 4 ай бұрын
Ушунчадык жүрөгүм зыркырады. Кудай сактасын тооба кылдым коркуп эле кетим.
@user-ur6ks8rm8s
@user-ur6ks8rm8s 4 ай бұрын
Азамат Нургиза образды мыкты жеткире аткарыпсын таланты н ташкындай берсин ийгилик❤❤❤
@user-it7wy1hv1i
@user-it7wy1hv1i 4 ай бұрын
Сыймык байке аябай сонун чыгарма болуптур өзөгүмдү өрттөп жерди чыгарма чылыгынызга ийгилик!!
@user-xg3ul3wx4u
@user-xg3ul3wx4u 4 ай бұрын
Азыркы болуп жаткан корунушко Сыймык агабыздын тарбиялык ыры экен.Сизге таазим
@user-xy9hm4nn6v
@user-xy9hm4nn6v 4 ай бұрын
Сыймык мырза талантынызга таазим. Учурдун глобалдуу проблемасын чагылдыргансыз...
@user-oo7qk2od5e
@user-oo7qk2od5e 4 ай бұрын
Кудай ай энелер кыздарынар мн сырдаш дос болгулачы 😢😢😢😢😢😢бир ойлонбой баскан кадамы омур бойу азап мн отпош учун кыз мн эне дос сырдаш болуш керек 😢
@meil436
@meil436 4 ай бұрын
Бактыгул Чотурованын чыгармачылык кечесинен коп жыл мурун угуп качан чыгат болду экен деп аябай кутуп жургом азаматсыз Сыймык байке сизге чыгармачылык, ийгилик каалайм❤❤❤
@sairagul694
@sairagul694 2 ай бұрын
Сыймык Бешекеев сизе ийгилик
@user-eu1ue5iy7v
@user-eu1ue5iy7v 4 ай бұрын
америкадан чон салам ! 👍👍🇰🇬
@user-fz5jw8fu3e
@user-fz5jw8fu3e 4 ай бұрын
Сыймык байкени ыры журоко жетет бары сонун ырлары бар сылыктарды ушул байке Алма сонун болмок😢❤❤❤❤
@user-ig6ee4wo3u
@user-ig6ee4wo3u 4 ай бұрын
Сыймык калемиң курчуй берсин өмкрлүү бол
@user-rj3ow6tr1i
@user-rj3ow6tr1i 4 ай бұрын
Мына сага ыр, мына сага клип.отто соонун отто маанилуу !
@user-nq4bd2vn2c
@user-nq4bd2vn2c 4 ай бұрын
Нургиза молодец өтө сонун өнөрүң өркүндөй берсин мындан ары дагы көптөгөн ийгиликтерди жарата бер👍👍👍
@user-us8er5kv9x
@user-us8er5kv9x 4 ай бұрын
100% молодец.Сыймык байке.😢😢😢
@user-ye2vj3pt5f
@user-ye2vj3pt5f 4 ай бұрын
Молодец оркунун осмун👍
@Faunder_
@Faunder_ 4 ай бұрын
Сонун 👍😍 жаштарга тарбиялык мааниси абдан жакшы болуптур 😍 эч кимдин энеси ыйлабасын, балдар бактылуу болушсун 🥰 ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз 🔥 Нургиза биздин мыкты окуучубуз❤️
@user-bj6jt1nm3o
@user-bj6jt1nm3o 4 ай бұрын
Жекшенова Нургиза Талатбековна ,маладец таланты на таазим ,мыкты аткарыптырсын бактылуу бол,атактуу актрисалардын оордун толуктай беришине тилектешпиз
@user-ew5ke3mc4q
@user-ew5ke3mc4q 4 ай бұрын
Абдан таасирдүү жазыптыр рахмат сизге Сыймык ага көрүп жүрөгүм ооруду
@user-gk3rm6yy7s
@user-gk3rm6yy7s 4 ай бұрын
Аллахым ар бирибиздин жүрөгүбүзго бекем ыйман берсин! Бекем ыйман гана ар кандай ыплас иштерден тосот.
@NuradilKaldybaev-zx2sf
@NuradilKaldybaev-zx2sf 4 ай бұрын
Сыймык байке чыгармачылык ийгилик атыңызга затыңыз жарашкан инсансыз
@aitolkunakylbekkyzy741
@aitolkunakylbekkyzy741 4 ай бұрын
Сонун чыгарма😢журокко тийди
@user-ys7dv6pi9k
@user-ys7dv6pi9k 4 ай бұрын
Чыгармачылык ийгилик укмуш чыгарма болуптур
@user-kn2ti7mz3w
@user-kn2ti7mz3w 4 ай бұрын
Ай кудайым ай адамдар эмне болуп баратабыз. Аябай сезимди козгогон чыгарма болуптур.Талантың өркүндөй берсин.
@birge_dayardayblz
@birge_dayardayblz 4 ай бұрын
Аябай сонун клип болуптур. Актриса мыкты аткарыптыр 🎉🎉🎉
@user-ez4cc7if9y
@user-ez4cc7if9y 4 ай бұрын
Ай кандай соонун клип чындап азыркы тумушту чагылдырыптыр кыргызымдын кыздары ар намыстуу болсо экен баарыны ыйман берсин омиин
@user-dr4lx6dl8u
@user-dr4lx6dl8u 4 ай бұрын
Жакшы Дастан болуптур журокту ооруткан
@user-uj1qo8cl2x
@user-uj1qo8cl2x 4 ай бұрын
Молодец Нургиза онорун оркундой берсин ,соонун тарбиялык клип болуптур 😊🎉😢
@juparkulumurzakova2929
@juparkulumurzakova2929 4 ай бұрын
Тарбиялык мааниси терең,актриса жеткире аткарыптыр
@nurkyzerkeeva7007
@nurkyzerkeeva7007 4 ай бұрын
Иттер талашкан жеринде журогум тилинип тилинип кеткендей болду, журогум жаным менин балапаным, эч бир наристенин башына мындай тагдыр салбасынчы Аллахым
@ulanbekazimbay3193
@ulanbekazimbay3193 4 ай бұрын
Соонун болуптур Сыймык байке👏 Нургиза жакшы аткарыптыр👍
@user-dp4th3ml5o
@user-dp4th3ml5o 4 ай бұрын
Сыймык бейшекеевдин ырлары мага жагат.
@user-zk7eg6fq1n
@user-zk7eg6fq1n 4 ай бұрын
Чыгармачылык ийгилик. Клип жакшы чыгыптыр ,ыр дагы.
@user-pw4gl8jk6o
@user-pw4gl8jk6o 21 күн бұрын
Сыймык байкенин ырлары адамды ыйлатпай койбойт.Коруп алып ыйладым 😢😢
@user-ku2yp7xe9q
@user-ku2yp7xe9q 4 ай бұрын
Эн сонун ыр журокту эзген кыздар кандай абалга туш келсенерда баланарды таштабагыла силер.энесинер Сыймык мен сыйлап кадырлаган ырчы зоболон жогору болсун дайыма
@user-ss5sk6mj2b
@user-ss5sk6mj2b 4 ай бұрын
Кандай сонун уккулуктуу ырлар, талантыңыз ташкындай берсин Сыймык байке
@user-fj6fb1tj2v
@user-fj6fb1tj2v 3 ай бұрын
Тарбиялык мааниси терен, журоктун тупкуруно жеткен, ыр саптар, клиптеги каарман мыкты аткарган.
@user-gl8iz6wm5x
@user-gl8iz6wm5x 4 ай бұрын
Сыймык,омурлуу бол.Эн таланттуу адамсын
@user-ce8lf1uo5f
@user-ce8lf1uo5f 3 ай бұрын
Оо кудайым жараткан ыйман бере кор
@vilenaormokeeva9141
@vilenaormokeeva9141 4 ай бұрын
Чынында эн мыкты клип болуптур!
@demir89matemir12
@demir89matemir12 4 ай бұрын
Сыймык байке тарбиялык мааниси чон ырлар казалдар чыгарганызга таазим.
@user-rq4sw1gz4i
@user-rq4sw1gz4i 4 ай бұрын
Кыздын рольун Нургиза молодец жакшы аткарган.Удачи.Нургиза Ысыккульская.
@user-yf5vf6sc7s
@user-yf5vf6sc7s 4 ай бұрын
Кыздарыбыздын ачылып чачылып жургону ушуга алып барып жатат
@user-vj3gc2fd8n
@user-vj3gc2fd8n 4 ай бұрын
Укмуш чыгарма болуптур ай😢
@Elaman95ema
@Elaman95ema 4 ай бұрын
Бар болунуз❤денсолукта болунуз тез тез чыгыптурунузчу сагындым унузду❤
@aiganysh7889
@aiganysh7889 4 ай бұрын
Учурга ишенип келечекке план түзүп алданып ак ниеттер ишке ашпай жер оодарылгандай жашоон алмашып не деген үмүттөр менен кыялданып жашайбыз! Көрсө адамдар маанайга жараша сүйлөп убада берип, а биз болсо ишенип жашообуздун баарын арнап берип… орто жолдо эч кимге кереги жок бир буюм сымал калат экенбиз! Баласын таштап энесине өзү жоопкерчиликтен качкан жоопкерчиликсиз эркектер көп! Эле көзүнө ☑️ биртке жардам берген болуп тийип качкан аталар көп, балдарын бат эле унутуп жаны жашоо баштап бат эле жаны төрөлгөндөй болуп эскини унуткан эси жок аталар көп! Бирөөнүн бактысын тартып бирөө бактылуу болгон адамды көргөн жокмун, мүмкүн бактылуу бирок убактылуу бир учурда гана, бирөөнүн чүрөктөй кызы периштедей болгон наристелердин убалы бар….сөзсүз жараткан мезгили менен таразалайт жообун ошого жараша ар бир адам алат. Жоопкерчиликти, милдетин билбеген эркектер көп! Ажырашканда бала энесинде калдыбы компенсация төлөп берилүү керек мисалы миллион ага канча бир убакыт аралыгында төлөө жагы каралып же болбосо алимент менен бала 18ге чыкканга чейин ошол компенсацияны төлөө,милдеттүү түрдө энени балдары менен үй менен камсыз кылып берүү милдетин артып ушул сыяктуу мыйзам чыгарса ажырашуулар азаймак деп ойлойм!Бул менин жеке пикирим эркектер чычалабагыла коомубузда жоопкерчиликсиз кийген шымына ылайык эмес сөзүнө турбаган эки жүздүү жалганчы эркектер көп! Статистика боюнча жалгыз бой энелер көп балдары менен квартиралап күнүмдүк оокатына иштеп өзүн курман кылган баатыр энелер көп. Ошондой үй бүлөөсүн таштаган эркекке экинчи болуп тийип жаткан кыздар бир күн сени дагы ташташы толук мүмкүн!
@user-ou1gr5wq5d
@user-ou1gr5wq5d 4 ай бұрын
😢😢😢😢😢 Эркек күнөөлүү баарына.
@user-qs5il2lq4g
@user-qs5il2lq4g 4 ай бұрын
Сыймык байке, клип сонун, ишинизге ийгиликтерди каалайм, ото мааанилуу клип болуптур!!!
@valentinakarnauhova398
@valentinakarnauhova398 4 ай бұрын
Аябай сонун Сыймык уулум ылайым омурун узууун болсун Аллахым колдоп журсун Омиин 🤲🏻 Кана Эми адамдар ыбрат алса
@gulnuramederbekova7544
@gulnuramederbekova7544 4 ай бұрын
Абдан сонун ыр актриса кыз сонун аткарыптыр журогум оруп турат 😢😢😢😢😢😢
@user-vg9yr9ov2u
@user-vg9yr9ov2u 4 ай бұрын
Кудай сактасын.😢😢😢😢😢Ар бир инсанга кудай ыйман берсин
@asylbekkalybaev8801
@asylbekkalybaev8801 3 ай бұрын
Аттиң дейбиз.. Сыймык Бейшекеев азаматсыз,ийгилик коштосун!
@zuuraalymova9658
@zuuraalymova9658 4 ай бұрын
Аттин ай бирого зар дуйно бирого кор дуйно 🥹🥹🥹🥲
@TheKg2014
@TheKg2014 4 ай бұрын
Тарбиялуу клип болуптур ❤👏💐
@user-yg6xf7gu1y
@user-yg6xf7gu1y 4 ай бұрын
Сыймык ананайын бактылуу бол өзүн да обондорун да чыгармаларын да сонун азыркы кездешип жаткан окуяны чагылдырыпсын байкуш кыздар ишенчээк болот да сүйөм күйөм деп башын айлантып анан качып кеткен шүмшүк эркектерди да күнөөлөсө сооп болот эле алтын кыздар күйөөгө тиймеинче эркектерге ишенбегилечи жакшынакай кыз жигит болуп сүйлөшсөнөр
@user-ji7ij6ni3y
@user-ji7ij6ni3y 4 ай бұрын
актриса эже такая красивая❤️эн жакшы аткарыптыр
@user-yf5vf6sc7s
@user-yf5vf6sc7s 4 ай бұрын
Ыйлап ыйлап алдым жашоон кургур😢😢😢
@saikalerkinbekova5298
@saikalerkinbekova5298 4 ай бұрын
Азаматсың, Курбум❤сыймыктанаи🫂🥹🥲
@taipan777
@taipan777 4 ай бұрын
Откундой омур ...
@fermabubukydyrbaeva5361
@fermabubukydyrbaeva5361 4 ай бұрын
Бали оркунун оссун ❤
@elzadaalymbekmuratbekova838
@elzadaalymbekmuratbekova838 4 ай бұрын
Клип укмуш жаш кыздын ролун аткарган актриса соонун аткарыптыр
@user-oz2ni3gr8j
@user-oz2ni3gr8j 4 ай бұрын
Жакшы килип болуптур
@jrjrificfd
@jrjrificfd 4 ай бұрын
Эн соонун чыгарма болуптур
@mikasubanov5313
@mikasubanov5313 4 ай бұрын
Эсибизге келечи адамзат
@user-bv3wm3of9q
@user-bv3wm3of9q 4 ай бұрын
Кудай сактасын коро албадым, ото журок ооруйт
@user-ke5ms1vn7x
@user-ke5ms1vn7x 4 ай бұрын
Азаматсынар,сонун чыгарма аты эле айтып турбайбы бул клипти аткарган эже синдилерибиз бизге даана жеткизди эн сонник аткарышыптыр Аллах ОЗУ колдосун сиздерди
@adinaijekshenova4561
@adinaijekshenova4561 4 ай бұрын
Абдан сонун мыкты
@user-iw6jm5oz4j
@user-iw6jm5oz4j 3 ай бұрын
Өтө мыкты аткаруу🎉
ЧООЧУН АЯЛ - Сыймык Бейшекеев \ жаңы клип 2021
6:39
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 6 МЛН
У мамы в машине все найдется
00:38
Даша Боровик
Рет қаралды 3,3 МЛН
АРУУ СЕЗИМ - Сыймык Бейшекеев жаңы ыр 2023
3:15
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 126 М.
КИМ ЭЛЕ КЫРГЫЗ, КИМ БОЛДУ?- Сыймык Бейшекеев
8:23
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 467 М.
Караоке кыргызча  "Атакем"  Сыймык Бейшекеев
4:26
Кыргызча караоке ырлыры
Рет қаралды 12 М.
Мирлан Баеков - Өксүк ыры / 2022
4:21
Мирлан Баеков
Рет қаралды 176 М.
Ишен Назаров - Дагы эле сүйөмүн / Жаны ыр 2024
3:48
Ишен Назаров
Рет қаралды 854 М.
КАЧАН КЕЛЕСИҢ? - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ
4:26
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 1,3 МЛН
Alisher Konysbaev - Ol Aru (Official Music Video)
2:40
Alisher Konysbaev
Рет қаралды 6 МЛН
Nurbullin - Есімде | Бейнебаян
4:23
Nurbullin
Рет қаралды 59 М.
Голоса Животных - Кукутики и Любаша Зебра в клеточку
3:51
КУКУТИКИ - Детские песенки и мультики
Рет қаралды 1,8 МЛН
POLI - Mama (Official music video)
1:18
POLI
Рет қаралды 2,5 МЛН
Қайдағы махаббат
3:13
Adil - Topic
Рет қаралды 60 М.
Kalifarniya - Hello [official MV]
2:54
Kalifarniya
Рет қаралды 2,6 МЛН