Рет қаралды 11,169
Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылынын тургуну Төлөк Саматов териден камчы жана ат жабдыктарын жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, камчы жасаганды кичинекей кезинде атасынан үйрөнгөн. Анын чоң аталары күмүштөн зер буюмдарды жасашкан.
«Эчкинин, койдун, торпоктун терилеринен оруп, ар түрдүү камчыларды жасайм. Аларды айыл ичине сатам. Ошондой эле, жайында чет өлкөлөрдөн келген туристтер камчыларга кызыгып, алып кетишет. Бир камчыны 1000-1500 сомго баалайм. Ал эми, дүң баада 800 сомго сатам. Камчы жасоого керек болгон бардык материалды өзүм сатып алам. Мындан тышкары, буйрутма менен тердик, жүгөн, куюшкан жасайм», - деди ал.
Т.Саматов жубайы экөө 2 кыз жана 4 уулдун ата-энеси.