Дениздеги жалгыз калган кайык сымал, Шамалы жок дарегимден жылбай турам. Айнек үйгө камакталган балык сымал, Тагдырымдын тардыгына сыйбай турам. А сен мага дем бересиң, жел бересиң, Сен мага түпсүз, терең көл бересиң. Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм? Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм, Махабат мейкининде бийге түшөм. Жер-асмандын ортосунда түркүк болуп, Табияттын же мыйзамын мен буза алармын. Алтын тордон бошотууга бүркүт болуп, Канат күүлөп сен тарапка сыза алармын. Анткени сен чыгарасың туңгуюктун торунан, Буулукканда бир өзүңө жолугам. Кубат алам көздөрүңдөн алган жообуман, Себеби билем, менин жеңилүүгө жолум жок, Бир өзүңдөн башка жанга орун жок, Эч жүрөгүмдө, көкүрөгүмдө. Анткени сен мага дем бересиң, жел бересиң, А сен мага дем бересиң, жел бересиң, Сен мага түпсүз, терең көл бересиң. Мен кантип үмүтүмдөн күдөр үзөм? Ал көлдө өзүң менен бирге сүзөм, Махабат мейкининде бийге түшөм, Махабат мейкининде бийге түшөм.
@aidinsher8520 Жыл бұрын
Молодцы ребята! Шикарное исполнение👏👏👏 Только вперёд🚀🚀🚀
@БайырбекМаксатбеков2 жыл бұрын
Народ требует разбора!!! 🔥🔥🔥
@Nursultanraimbekov2 жыл бұрын
Мне Очень понравилось как они исполнили 😁👍👍👍🦾
@azamat41049 ай бұрын
Ассалам алейкум, сделайте разбор на гитаре пожалуйста!🙏🏿