Рет қаралды 159,231
Ак-Ордо конушунда турак жайы түрттүрүлүп, 4 баласы менен көчөдө калган Марал Шараболотовага ошол эле жер тилкеде кайра жаңы үй курулуп баштады.
Бирок бул жер тилкенин мыйзамдуу ээсимин деген Толкун Самудинова 9-мартта маалымат жыйында окуянын чоожайын айтып берди.
Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып: «Урматтуу Садыр Нургожоевич, менин
үнүм угулбай, укугум корголбой жатат. Менин да үнүмдү угуп, кабыл алууңузду
суранам», - деди.
Т.Самудинованын маалыматы боюнча, жер тилкенин кызыл китебин мыйзамдуу
алып, анын негизинде Жогорку сот анын пайдасына чечим чыгарган. Бул маселеде
ортодогу алдамчылардын кесепети тийип жатканын белгиледи. Өзү пол жууп
эмгектенерин, ал эми жолдошу курулушта иштеп, карайым жашоодо күн кечирип
келишкенин айтты. Учурда ижарага алган үйдө жашап, миграцияга кеткен
сиңдисинин 3 баласын багып жатканын билдирди.
Толугу менен barakelde.org/...