Рет қаралды 12,879
Былтыркы жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтүндө 3 эле сессия өткөрүлгөн, бирок акыркы айылдык кеңештин токтомунда 11-сессия деп жазылып жүрөт. Быйылкы жылы 8 сессия өткөрүлүп, алардын бир да протоколу депутаттарага берилген жок.
Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ак-Турпак айылдык кеңешинин депутаттары билдиришти.
Алардын айтымында, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиев менен айылдык кеңештин төрагасы Алмарсбай Имаров бир тууган болуп болуп эсептелет. Андыктан алар токтомдорду каалагандай калчап, мыйзамсыз иштерди көп жасап жатышат.
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин Баткен облусу боюнча координатору Маматкадыр Абдугаппаров сессиялар мыйзамсыз өтүп, мыйзам бузуу иштери бар экендигин айтты.