Рет қаралды 662,076
Бул баян өлкөнүн ушул күнгө чейин адам буту баспаган ээн аймагында өзгөчө мааниге ээ унаа жолдун курулуп жатканы тууралуу болмокчу.
Жүздөгөн чакырым жол чийиндери. Өлкөдөгү эң узун тоннель. Албууттанган Нарын аркылуу өткөн эбегейсиз эстакадалык көпүрөлөр. Эки миң жумушчу, 700гө жакын оор техникалар, жүздөгөн тонна цемент жана жардыргычтар.
Мунун баардыгы - Түндүк-Түштүк жолу. Эгемендүүлүктү алгандан берки Кыргызстандагы эң эбегейсиз долбоор.