Рет қаралды 40,121
Камай калып чоңдорум,
Кудай таалам ургандай.
Кызматымды басат деп,
Коркконуңар бул кандай?
Басып алат дедиңер,
Башым каалап тургандай.
Жемкор жолун басканча,
Өлгөн артык булганбай.
Башын чайкап эл турса,
Байлыгыңды не кылам,
Бир күн бараар жер турса,
Бийлигиңди не кылам?
Чолуп-олуп кызматтан
Чоң болууну не кылам?
Соруп алган калкымдан,
Сомдоруңду не кылам?
Акыйкатты кор кылган,
Ак үйүңдү не кылам?
Жалпы журтка жакпаган,
Жаңы үйүңдү не кылам?
Бийлигиңе тийбеймин.
Болбогула кыжаалат,
Чындык айтам болгону,
Чыркыраба чычалап.
Мен акынмын болгону,
Ырга салган көргөндү.
Артка эмес ар убак,
Бетке айтууга жөндөмдүү.
Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат
/ ayt_ayt_dese
#кыргызстан #цензура #садыржапаров #ташиев #бийлик #жогоркукенеш #болоттемиров #акылбекжапаров #коррупция #уланниязбеков #кланбакиевых #сөзэркиндигинекысым #жетим-тоо #минэнерго
Биздин фейсбук: www.facebook.c...
Биздин Тик-Ток: www.tiktok.com...
Биздин Инстаграм: www.instagram....