Ассалам алейкум Майрамбек байке сизге Аллах раазы болсун. Чынында ушул прогаммаңыз аркылуу көптөгөн ырлардын автролорун билдим. Идея өтө жакшы болуптур. Ишиңизге ийгилик. Мен сиздин чыгармачылыгыңызды сыйлайм, ырларыңыз аябай жагат. Дагы да унутулуп бараткан таланттууларды чыгара бериңиз. Менде сунуш бар эле. Билесиз кыргызда башка элде болбогон өзгөчө адамдар бар. Булар төкмөлөр жана манасчылар. Ушуларга да жакшы көңүл бурулбай келет. Акындарды айтыштардан, анан заман шартына байланыштуу тойлордон эле көргөнүбүз болбосо алар тууралуу, алар кандай адамдар, алардын мүнөздөрү сапаттары кандай, жашоо тиричилиги кандай экенин билгибиз кетет. Аларды да чыгарсаңыз жакшы болот эле деп ойлойм. Мисалга алсак Элмирбек Иманалиевдин кадырын билбедик. Чыгармачылыгы өлгөндөн кийин көбүрөөк эскерилди. Чыгармачыл адамга чыгармачыл адам эле баа бербесе мамлекет көп деле баа бере бербейт экен. Эл деле анча баалай калды. Анткени техниканын заманы жаштарды башкача тарбиялап жатат. Сунушуму эске аласыз деп ойлойм. Чоң рахмат