Рет қаралды 537
Мындан бир жарым ай мурун, башкача айтканда ушул жылдын 3-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында "Мубин" такси кызматы ачылган. Аталган такси кызматы жүргүнчүлөрдөн түшкөн каражатынан кайрымдуулука бөлүнөт деп убада кылган. Мындан улам бүгүн Аль-Мубин кайрымдуулук фонду менен биргеликте аз камсыз болгон бир канча үй бүлөөгө 25тонна көмүрдү кайрымдуулука таратууда. Бул да болсо элдин жана айдоочулардын жардамы аркылуу. Мындай саамалык мындан ары да улантылып турат.
Мубин таксини чакырууңуз сиздин кайрымдуулугуңуз!