Рет қаралды 2,429
Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дубалдар көгөрүп кетти. Ооруканын азыркы абалын айтып ошол жерде жаткан бейтаптар 7-каналга кайрылды. Учурда бөлүмдүн көгөрүп, паңдап кеткенин так себебин билишпей жатат. Маалыматка ылайык, оорукана өткөн жылы ондоп түзөөдөн өткөн. Курулуштун кепилдик мөөнөтү аяктай электигине байланыштуу оорукана жетекчилиги иш жүргүзгөн компанияга эскертүү берген.