Алга, Кыргызстан! Азиз Батыров ырдаганда орустар тура калыптыр...

  Рет қаралды 61,592

 Алакан TV

Алакан TV

Жыл бұрын

Алга, Кыргызстан!
Сөзү: Мырзайым Айтимбетованыкы
Обону: Азиз Батыровдуку
Аткаруучу: Азиз Батыров
Ала-Тоо өлкөм Кыргызстан,
Ажайып көркөм Кыргызстан.
Укмуштун баары табылган
Уютку чөлкөм Кыргызстан.
Кыргызстан, демим Кыргызстан,
Кылымдык кебим Кыргызстан.
Беш күндүк өмүрүмдөгү,
Бейишим менин Кыргызстан.
Кайырма:
Кыргызстан, алга Кыргызстан!
Кыргызстан, жаша Кыргызстан!
Сен гүлдөп өсө бересиң,
Кыз-уулуң барда, Кыргызстан!
Эх, кандай кенен Кыргызстан,
Экинчи энем Кыргызстан.
Туйлаган тулпар уулуңмун,
Туу кармап берем, Кыргызстан.
Кыргызстан, өсчү Кыргызстан,
Кыйла алга көччү, Кыргызстан.
Ак калпак элим байырлап,
Ансайын көрктүү Кыргызстан.
Өзүнчө дүйнө Кыргызстан,
Көрүнсүн көркүң жылдыздан.
Кубалап бакыт шаштырсын,
Кут даарып күндө Кыргызстан.
Кыргызстан, демим Кыргызстан,
Кылымдык кебим Кыргызстан.
Ала-Тоо койнун ээлеген,
Эгемен элим Кыргызстан.
P.S. Бул видео Дариха Разакованын баракчасынан алынды: ttps:// pandakoff/videos/1383843345516395

Пікірлер: 222
@anonymanonymousov8974
@anonymanonymousov8974 Ай бұрын
Мен мурда кыргызмын кыргызстанды суйом деп жургон экенмин коп жылдан бери мигрант болуп журуп кыргызстаным бейиш жер экенин мекен деген создун маанисин биз учун ото кымбат экенин терен тушунуп жеттим корсо куштарынын сайраганы да болокчо суулардын акканы да болокчо жытты да болокчо экен мен Кыргызстанымды сагындым менин кыргызстаныма эч бир олко жетпейт экен оркундой бер оссо бер кыргызстаным❤❤❤
@user-zj6jo7zk3c
@user-zj6jo7zk3c 19 күн бұрын
Ичи откондун кадырын ич откондо билесин дегендей да ошол алыс жерде журуп билебиз мен дагы ошондой болгомун
@user-de6jg8xk9d
@user-de6jg8xk9d 18 күн бұрын
Туура айтам
@user-xv3vk2tg3b
@user-xv3vk2tg3b 14 күн бұрын
Акча табылат Россияда 22 жыл жашап эми Мекениме келип 2 жылдан бери жашап жатам Кыргызстанда береке бар кайрылып келип жашагыла.Уй жай акча байлык табылат...откон омур табылбайт экен!!
@iskandarzulkar725
@iskandarzulkar725 9 күн бұрын
МЕН ДА САГЫНДЫМ 😢
@arlenaliyev5226
@arlenaliyev5226 Ай бұрын
Орустардын ордунан туруп кол чаап колдогону журок жылытатго молодцыыыыы ❤❤❤
@user-fy1ys9wc7l
@user-fy1ys9wc7l 24 күн бұрын
Биздин орустар Азаматтар.Бир эл болуп бир туугандай болуп калдык .Бул биздин орус эл озубуздуку.
@azikoaziko6051
@azikoaziko6051 Ай бұрын
Кандай сезимде болгонумду озум тушунбой калдымгоыйла жибердим чоон рахмат Азиз Батыров
@user-uw4ru4to2x
@user-uw4ru4to2x 2 ай бұрын
Орустар колдоп коштоп концерт корушту билишет биздикилер былтыйып похоронго келгендей отурушат
@user-gx1rw1jq8g
@user-gx1rw1jq8g 20 күн бұрын
Эн туура. Биздикилер бири биринен уялып калат андай жерде 😂
@user-fp1zg8yy7e
@user-fp1zg8yy7e 20 күн бұрын
КЫРГЫЗДЫ ТАНКАЛТЫРЫШ КYЛДYРYШ ОТО ООР.❤
@user-lp6uc2mo7s
@user-lp6uc2mo7s 20 күн бұрын
Ооба , акчасын төлөдүм дегенсип алаканын аяп отура беришет.
@user-je3nd9lf1i
@user-je3nd9lf1i 20 күн бұрын
​@@user-lp6uc2mo7sкерек болсо ырдайт да деппи😂
@user-hp5rf6je7m
@user-hp5rf6je7m 19 күн бұрын
Эн туура😂😂😂
@user-cl1ul4dd9y
@user-cl1ul4dd9y Ай бұрын
Орустарыбыз дагы суйот олкобузду ❤,бактылуубуз Аллахыма мин шугур ❤
@user-ej8cy4ik9t
@user-ej8cy4ik9t Ай бұрын
ЖАША КЫРГЫЗСТАН ❤ЖАША.БАР БОЛ КЫРГЫЗСТАН. АЛГА КЫРГЫЗСТАН. БАР БОЛ КЫРГЫЗЫМ КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН❤ ТАРЫХЫ ЗОР КЫРГЫЗЫМ❤
@user-dn9qv7xv5o
@user-dn9qv7xv5o 4 күн бұрын
Менин мекеним❤бейишим❤ Аллахымдын бизге берген керемет кооз белеги,❤Кыргызым❤ Кыргызстаным ❤Кыргыз болуп төрөлгөнумо Аллахыма чексиз шүгүрлөр айтам ❤❤❤
@user-sg3kq5oj9c
@user-sg3kq5oj9c 10 ай бұрын
Азиз уулум азаматсын биз сени ырларынды суйуп угабыз бар бол
@user-py9fm4hg4d
@user-py9fm4hg4d 23 күн бұрын
Өркүндөй бер Кыргызстан!!!
@KanikeyAbdukaarova
@KanikeyAbdukaarova 12 күн бұрын
Мен Азиз Батыровду аябай сыйлайм өз элинин жеринин патриоту деп билемин.Алга Азиз өнөрүң өркүндөй берсин.
@nikoturan9468
@nikoturan9468 20 күн бұрын
бар бол уулум сени менен сыймыктанабыз кай жерге барса да Кыргызстанымды дантап журосун🙏👍🤲
@user-rq2nd7cr5w
@user-rq2nd7cr5w 14 күн бұрын
Орустарыбыз азаматтар, бар болушсун, көп улут болуп ынтымакта жашаган кандай сонун! Кыргызстанда жашаган ар бир улут кымбат, баары биздин мекендештер, биздин жараандар, бөлүнбөйлү, ынтымакта бири бирибизди колдойлу . Аллахым ынтымак берегөр баарыбызга
@user-vl6yj4eo6d
@user-vl6yj4eo6d 2 күн бұрын
Молодцы Ребята Я очень Рада За Вас За Вашу поддержку
@user-on5oq1cr6m
@user-on5oq1cr6m Сағат бұрын
Азаматтар орустар , духту которот го баарыбыз бирге болсок , ынтымак болсо Кыргызстан озу бейиш бейиш го чиркин.Баарыбыз мекенибизди суйгон патриот бололу КЫРГЫЗСТАН АЛГА!!! Кайра кайра уккун келет го чиркин!!!
@user-lu3ev2dx1r
@user-lu3ev2dx1r 14 күн бұрын
Орустарга аябай ыраазы болдум молодцы.❤❤❤
@GulzhamalKalchaeva
@GulzhamalKalchaeva 5 күн бұрын
Гулдой бер суйуктуу мекеним КЫРГЫЗСТАН ❗️🤲🙌❤️❤️❤️🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@user-313badri.
@user-313badri. Күн бұрын
Азиз - патриот жигити Кыргызстандын .❤❤❤
@user-ef3ik4uz5u
@user-ef3ik4uz5u 2 күн бұрын
Сонун корунуш орус эли ушунча колдоп ырды молодцы Кыргызстаным онугуп оссо Бер бейиштей жерибизди барктай билели
@Aida-jf1zf
@Aida-jf1zf 20 күн бұрын
Какая песня прекрасная и какое прекрасное исполнение Азиз родной наш ❤❤❤ Бар бол Кыргызстаным я очень скучаю 😢
@user-je3nd9lf1i
@user-je3nd9lf1i Жыл бұрын
Азиз азаматсын укам. Чыныгы патриот жигитсин. Кыргызстаныбыз онуккон олконун катарына кирет инша Аллах🇰🇬🇰🇬🇰🇬👍👍👍
@user-lp6uc2mo7s
@user-lp6uc2mo7s 20 күн бұрын
Кыргызстан бидин Мекен ,Мекенибиз жалгыз. Барктайлы даңтайлы. Ар бир адам Мекенге кызмат кылуу керек.
@user-ef6pl5hv9c
@user-ef6pl5hv9c 9 ай бұрын
Коз тиибесин кыргызстаныма
@kunduzkurmankulova3962
@kunduzkurmankulova3962 9 ай бұрын
Молодец Азиз балам..ырларынды угуп гана отургун келет.коп жаша
@Raya-xx4ld
@Raya-xx4ld 20 күн бұрын
АЛГАЛАЙ БЕР, КЫРГЫЗСТАНЫМ!!!🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇸🇮🇸🇮🇸🇮
@user-ni4xd4pt3m
@user-ni4xd4pt3m Жыл бұрын
Кыргызстан бар бол❤
@user-jw6ux4zf8l
@user-jw6ux4zf8l 8 күн бұрын
Азиз Батыров өзбек уулу болсо да кыргызча так ырдаган молодец Кыргызстандык өзбектер ушундай болуш керек
@kozoevzorobek
@kozoevzorobek 8 ай бұрын
Аллахым ар дайым колдосун
@user-eq4bk7cx2b
@user-eq4bk7cx2b 19 күн бұрын
ЫР. ЯХШИ. БОЛСА. ЛЮБОЙ. ОДАМ. БИРГА. ОЙНАГИСИ. КЕЛАДИ. КАЙСИ. МИЛЛАТ. БОЛСА. ХАМ
@user-um6zf7vn7w
@user-um6zf7vn7w 15 күн бұрын
Туура айтасыз, музыкада улут жок.
@user-oo7ho1yy7c
@user-oo7ho1yy7c 10 күн бұрын
СЕН ТУУРА ЖАЗГАНДЫ УЙРОНЧУ😂
@user-hm3xv6lm5t
@user-hm3xv6lm5t 26 күн бұрын
Жаша Кыргызстан ынтымак каалайм
@user-ef6pl5hv9c
@user-ef6pl5hv9c 8 ай бұрын
Айланайын бейшим мекеним
@user-xe6ds4jx2y
@user-xe6ds4jx2y 4 күн бұрын
Озумун Орустарыман айланып кетейин😊❤❤❤❤❤🎉
@user-fo7ip6ut8o
@user-fo7ip6ut8o 12 күн бұрын
Алга Кыргызстан мен бул ырды аябай жакшы кором
@user-ky2qu4vo1z
@user-ky2qu4vo1z 13 күн бұрын
Кыргызстандагы орустар роднойлорго ❤
@user-vm9qd8qo9y
@user-vm9qd8qo9y 11 күн бұрын
Ушул ыр менин конулумо ушунчалык жагат Мекенге болгон суйуумду кучотот❤❤❤
@DRIVER.211
@DRIVER.211 3 күн бұрын
Онугуп осо бер Кыргызстан 🇰🇬
@user-cj1ce2ij5o
@user-cj1ce2ij5o 6 ай бұрын
Менин алтындан кымбат мекеним кыргызстаным
@user-fv3zl3jy1w
@user-fv3zl3jy1w Ай бұрын
Алга Кыргызстаным оссо бер онуго бер мекенимди жакшы коромун
@user-ok3cg8wd3o
@user-ok3cg8wd3o 9 күн бұрын
Жаратканга шүгүр мен дагы кыргызстандыкмын
@AinashEje
@AinashEje Ай бұрын
Азиз балам таазим сага эн соонун чыгарма
@user-nm5ys6vv8x
@user-nm5ys6vv8x 14 күн бұрын
Ууууууу Кыргызстан алга ❤❤❤❤❤❤
@user-yz6nt1cu3l
@user-yz6nt1cu3l 10 күн бұрын
Алга Кыргызстаным😘😘😘✊🏻
@user-ce7do8fp7u
@user-ce7do8fp7u 9 күн бұрын
Орустарга рахмат биздикилер былтыйып олтурушат тоа кылдым
@user-ok2ee3kd9x
@user-ok2ee3kd9x 17 күн бұрын
Кыргызстан керемет алга ❤❤❤❤❤
@user-dy4kw1wd3q
@user-dy4kw1wd3q 4 күн бұрын
Кыргызстаным менин❤❤❤❤❤❤❤❤
@AsdfgvxguVbufdvh
@AsdfgvxguVbufdvh Ай бұрын
Азиз балам садага омурлуу бол бали кыргызстанды даназалай бер алланын колдосун оомин
@user-ph6qt1fe1j
@user-ph6qt1fe1j 4 күн бұрын
Азиз азаматсың Аллахым колдосун оомийин😊❤
@user-uc6dn1xx8t
@user-uc6dn1xx8t 5 күн бұрын
Дуйно жузундо тынчтык болсун🌹🌹🌹
@samsunggalaxsy3919
@samsunggalaxsy3919 Ай бұрын
Кандай жагымдуу музука укулуктуу ырдаган адамда жакшы ырдаган Алга Кыргызстан элим.
@AMINA.RAYANA
@AMINA.RAYANA 14 күн бұрын
Вот это поддержка💪 А наши почему то не Падпивает😢😢😢 молодцы ребята. Так держать✋
@user-ke1hp4nb8c
@user-ke1hp4nb8c 18 күн бұрын
Кыргызстан алдыга жылганына орустар да сүйүнүп жүрүшөт го❤
@user-mj7bx3fd7f
@user-mj7bx3fd7f 15 күн бұрын
Молодцы Аллахым разы болсун орустарга😊
@Zaur84
@Zaur84 Ай бұрын
Биздин орус улутундагы мекендештерибиз адамгерчиликтуу биздин менталитетке синип конуп калышкан башка улуттун орустарындай эмес ❤❤❤
@user-zf2bb4vc8i
@user-zf2bb4vc8i 18 күн бұрын
Аллахым дуйно жузун ынтымакта кылып койсо экен жон эле адамбыз деп журсок экен улут болбой молодец Азиз 🎉
@user-hn3wn9id1w
@user-hn3wn9id1w 8 күн бұрын
Алга Кыргызстан
@user-nh4rm6rv4m
@user-nh4rm6rv4m 3 күн бұрын
Мир, Дружба, Ысык,- кол!!! Люди любите друг друга, по больше улыбайтесь.
@kanybekbazarbaev928
@kanybekbazarbaev928 14 күн бұрын
Маладец орустар ушунчплык разычылык билдирип жатышат
@user-bf8ir9jr1h
@user-bf8ir9jr1h Ай бұрын
Онорун оркундой берсин чыгармачылык ийгилик каалайм онорунор оркундой берсин ийгилик
@user-wu6ye3gk3t
@user-wu6ye3gk3t 15 күн бұрын
Азаматсын Кыргыздын сыймыктуу куйо баласы
@elamanahmatov7748
@elamanahmatov7748 16 күн бұрын
Кыргызстаным дегенде коздон жаш чыгатго Ата менкенинден ата эненде алыста омурунду жарымын чет жакта откорсон баркыны ушундай сезет экенсин
@user-oy6yf5yc4c
@user-oy6yf5yc4c 7 күн бұрын
Дуйнодо эн сымбаттуу кыздар орус кыздар болуш керек менин пикирим
@user-uy6zp5tu9p
@user-uy6zp5tu9p 10 ай бұрын
Азиз маладец укам
@user-ci7sf2uq1k
@user-ci7sf2uq1k 16 сағат бұрын
Салям землякам с Татарстана!
@user-pu9mo6io4f
@user-pu9mo6io4f 7 күн бұрын
Азамат коп жаша бактылуу бол уну керемет
@tixsjxjc8121
@tixsjxjc8121 2 ай бұрын
Супер. Азиз азаматсын❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
@mahaseidakmatova7586
@mahaseidakmatova7586 12 күн бұрын
Ырга маани бербейт ушундай бейиштей жерде жашаганында сезишпейт кээ бирлери,кол чабуу алар үчүн кыйын маселе, Кыргызстан жөнүндөгү ырларды укканда өзүнчө эле ырахат аласың ар ким ар кандай кабыл алат экен.
@kubanychbek1553
@kubanychbek1553 18 күн бұрын
Молодцы мир каждому дому счастья
@baktybek-yk7uu
@baktybek-yk7uu 2 ай бұрын
❤🎉Алга
@user-vc2gn5cx6j
@user-vc2gn5cx6j 19 күн бұрын
Бул биздин орустар да ❤
@user-pq9dx2hm1c
@user-pq9dx2hm1c 8 күн бұрын
Красавчик 🇰🇬 🇰🇬 🇰🇬
@user-ts7tw5gm2p
@user-ts7tw5gm2p 15 күн бұрын
Булар орустар эмес Кыргыздар анча мынча саткындарга караганда патриот ❤
@user-ep9jv3cw8t
@user-ep9jv3cw8t 12 күн бұрын
Оо туура айтасынар Биздин Орустар. азаматар Кыргызстаным алга❤❤❤❤❤❤❤
@user-sj4bd6zo8u
@user-sj4bd6zo8u 2 ай бұрын
Азиз Алга кудай жаман коздон сактасын
@BurulJaparovna
@BurulJaparovna 18 күн бұрын
Супер. Благодарю россиян за поддержку нашего народа. Пусть процветает Россия, Кыргызстан. Браво.🎉🎉🎉
@user-op9ms3zj5d
@user-op9ms3zj5d 14 күн бұрын
Кандай керемет
@user-cb4tg5yr4d
@user-cb4tg5yr4d 24 күн бұрын
Кыргыз жери керемет, жаратылышы коз тайгылткан кооз жер эмесби ошого чет элдиктер гулго конгон аарыдай болушуп айланчыктап кете алышпайт.Бул жерлерди убагында баатыр бабаларыбыз найзанын учу, кылычтын мизи менен ээлик кылып алып калышкан.Биз гана, азыркы кыргыздар анын кадырын билбей, баалабай келебиз.Биздин жер башка элдердин колунда болгондо мисалы: озбек же казак же орус элдери, бул жерди бейишке айлантып салмак.
@user-gi3rl4gv5g
@user-gi3rl4gv5g 18 күн бұрын
Алга Кыргызстан ❤
@user-uk7cf7sj2k
@user-uk7cf7sj2k 19 күн бұрын
АЗИИИИИЗ. АЗАМАТСЫН, БАР БОООООЛ!!!!❤❤❤❤❤❤
@user-mm4mr6pm7w
@user-mm4mr6pm7w 5 күн бұрын
Азаматсын улуттун жаманы болбойт орустардын да жакшылары бар
@user-vk2pr5wn4c
@user-vk2pr5wn4c 18 күн бұрын
Алга Кыргызстан.
@user-yu1yf4xt2q
@user-yu1yf4xt2q 8 күн бұрын
Молодцы 🎉🎉🎉
@user-ps7zf6kc8u
@user-ps7zf6kc8u 18 күн бұрын
Ии дадан балама ден соолук ийгиликтер болсун ылаайым Кошконун менен кошо кары ылаайым ❤😊
@user-vz7wy6ve7p
@user-vz7wy6ve7p 16 күн бұрын
Кыргызстан мекеним сыймыетанам Кыргыз болуп жаралганыма кичинекей мамлекет болсо дагы дуйно жузундогу эн кооз эн таза Жана бай мен учун ❤❤❤ жаша Кыргызстаным 🎉🎉 Кыргыз элиме бакубат жашооо тартуулаган Аллахыма чексиз шугур 🙏 мен сени Суйуом Кыргызстан🫶🫶🫶🫶
@user-dy3vg8ez8b
@user-dy3vg8ez8b 19 күн бұрын
Кандай керемет ыр кандай сонун ырдаган жигитибиз алга орустарыбыз рахмат просто прелесть болот экенсин кыргызбайлар туруп койгулачы коштоп
@Janam88
@Janam88 4 күн бұрын
Керемет❤❤❤❤❤
@user-hg3dj4mr9i
@user-hg3dj4mr9i 3 күн бұрын
Булардын журогу Кыргызстан деп согуп кыргыз болуп калды да
@user-ho4dp9vv7o
@user-ho4dp9vv7o 19 күн бұрын
Алга Азиз,бар бол!
@user-eu6ms3sj1h
@user-eu6ms3sj1h 19 күн бұрын
Алга Кыргызстан, Алга Азиз❤
@user-ji9jn3id5f
@user-ji9jn3id5f 11 күн бұрын
Россияда жүргөндө ушул ырды угуп ыйлайт элем Аллахым чексиз шүгүр азыр Кыргызстанда келип угуп отурам сүйүнүп Алга Кыргызстан сүйүктүү мекенибиз.❤
@user-bz1yg4fv4d
@user-bz1yg4fv4d 15 күн бұрын
Молодцы👍👍
@user-gx4pp5bt1g
@user-gx4pp5bt1g 13 күн бұрын
Ий ананайын орустар шайыр, жакшы отурушуптур, ырдап бийлеп
@user-cd6zi8mb6j
@user-cd6zi8mb6j 19 күн бұрын
Алга Кыргызстан😊, сагындым❤
@karipovaguljan7377
@karipovaguljan7377 17 күн бұрын
Орустар молодцы.
@user-be6zn6fw9o
@user-be6zn6fw9o Ай бұрын
Ушундайды корсом кеткимкелет кыргыстанга ❤❤❤❤😢😢атин мигрант болуп кун кечирип журом
@user-um5mq2jj7u
@user-um5mq2jj7u 22 күн бұрын
Келда акча деп олгонсунор силер
@Aelina883
@Aelina883 7 күн бұрын
Эн сонун
@user-di9fg7ob8w
@user-di9fg7ob8w 18 күн бұрын
Молодцы орустар кыргызстанды баалашат экен
@user-fr3cl9zp7u
@user-fr3cl9zp7u 10 күн бұрын
Чет олкодо журуп дайым айтам ушундай жерлерлен калбайм деп кайра эле барбай кайтам чет олкого
@AlbinBibin
@AlbinBibin 4 күн бұрын
Биздикилер жалпайып отурушат места менен бир болушуп суйулуп
@user-nz7bs1xv4v
@user-nz7bs1xv4v 18 күн бұрын
Концертти мына ушундай коруш керек, колдоп, коштоп
@user-ld8ff1wq1d
@user-ld8ff1wq1d 19 күн бұрын
❤❤❤❤ АЛГА КЫРГЫЗСТАН ❤❤❤❤
Мы никогда не были так напуганы!
00:15
Аришнев
Рет қаралды 4,2 МЛН
OMG🤪 #tiktok #shorts #potapova_blog
00:50
Potapova_blog
Рет қаралды 17 МЛН
Ушундай хахалар көбөйдү//БЕШТАПАНГА 20 жыл 5-бөлүк
25:00
Куудулдар Академиясы
Рет қаралды 241 М.
ЫРЧЫ АЗИЗ БАТЫРОВ ТҮРКҮН ТИЛДЕ ЫРДАП БААРЫН ТАҢДАНТТЫ
20:35