Бизге жазылыныздар: Биздин сайт: www.oshpirim.kg Фейсбук: / oshpirim.kg Одноклассник: ok.ru/group/52903531708621 Биздин канал: / @oshpirimtv
Пікірлер: 56
@dianamakkamova53623 жыл бұрын
Деймейден ар нерсеге Кайрат дуйшон . Бул жолу канчалык чымыркансада ичтен сызып кайгырганын жашыра албады . Ал мени кайра кайра тигиле карап жакамдын топчуларына чейин эркелеп сылап кыялбай турду . Мен сени омуру жанымдан алыс чыгарбас элем Алтынай . Бирок кантейин менин билимим жетпейт окунун чыныгы жолунан сени кайтара албайм мен болсо ушул жерде балдарды окута берем Кучум канча жетсе ошончо окутам бул Арада тааланы жаныртып отой балбылдаган поезд корунду мына Эми азр жонойсун бактылуу бол канатынды жазып талпынгын Алтынай эч нерседен тайманба окуй бер Алтынай; суйлого дарманым жок ыйлап эле турдум ыйлаба Алтынай баягы биз тиккен терекчелерчи . Мен озум багып остуром Аман болсок кайрылып бир келсен кандай болгонун корорсун Али аныча жарк журк этип шарактаган поезд келип жетти .кана Эми 5 кокул чачындан айланайын бери болчу мандайынан обойун . Дуйшон мени бекем кучактап чачымдан жытап мандайыман опту
@user-ki6zr4od5o2 жыл бұрын
а дальше
@user-em6hx7zj6y5 жыл бұрын
Рахмат кызым эн сонун.
@vvhfxcvnhgghgdfyjhcc72205 жыл бұрын
Азаматсыз эже.
@vchshshsghdhdhddh28424 жыл бұрын
👍👍👍👍👍соонун айтыптыр 👍👍👍👍👍😍😍😊
@FAN.Football7776 ай бұрын
Эң сонун Нурайым ишиңизге ийгилик
@user-sv5dr3in4u5 жыл бұрын
Азаматсыз Нурайым Эже
@talantkadyrov5880 Жыл бұрын
Демейде ар нерсеге кайраты бек Дүйшөн, бул жолу канчалык чымырканса да, ичтен сызып кайгырганын жашыра албады. Ал мени кайта-кайта тигиле карап, жакамдын топчуларына чейин эркелете сылап, кыя албай турду. -Мен сени өмүрү жанымдан алыс чыгарбас элем, Алтынай,-деди.-Бирок менин билимим жетпейт. Кантейин, окуунун чыныгы жолунан сени калтыра албаймын. Мен болсо ушул жерде кармашып балдарды окута берем. Күчүм канча жетсе, ошончо окутам. Балким, кийин сен дагы мугалим болуп балдарды окутуп калсаң, биздин жаман мектепти эстеп күлөрсүң... Бул арада талааны жаңыртып, оттору балбылдаган поезд көрүндү. Станциядагы элдер жүктөрүн көтөрүп, темир жолго шыкап келишти. -Мына эми, азыр жөнөйсүң!-деди Дүйшөн, колумду кармап.-Бактылуу бол. Канатыңды жазып талпынгын, Алтынай. Эчтемеден тайманба, чабыттап учкун, окуй бер... Сүйлөөгө дарманым келбей, мен ыйлап эле тура бердим. -Ыйлаба, Алтынай,-Дүйшөн менин жашымды аарчып, ошондо эсине кандай түшкөнүн билбеймин:-Баягы биз тиккен теректердичи, Алтынай, мен өзүм багып өстүрөм. Аман болсок, кайрылып бир келсең, кандай болгонун көрөсүн али!-деди. Аңгыча жарк-журк этип шарактаган поезд да келип жетти. -Кана эми, беш көкүл чачыңдан айланайыным, беи болчу, мандайыңдан өбөйүн!-Дүйшөн мени бекем кучактап, чачымдан жыттап, маңдайымдан өптү.-Ал эми, сапарың ачылсын, жоодураган көзүңдөн айланайыным... Вагондун тепкичтерине чыгып, тигиндей барып кайрылсам, сындыра чабылган колун мойнуна асынган Дүйшөн, берки соо колун сунуп жүткүнө берди эле, поезд ордунан козголуп, жылып жөнөдү. -Кош, Алтынай! Кош, чырагым!-деп кыйкырды ал. -Кош, агай, кагылайын, айланайын агай!-дедим мен. Вагонду жандап жүгүрүп келе жаткан Дүйшөн, бир убакытта артта кала берип, станциянын капчыгайы солк эте түшкөндөй: -Алтынай!-деп баягыдай, бирок андай да эмес, оюнда турган алда эмнени айтпай калып, өкүнгөндөй кыйкырды. Жүрөктүн түпкүрүнөн атырылып чыккан бул кыйкырык ушул күнгө чейин кулагыма угулуп тургансыйт. Капчыгайды аралап, тешкен тоодон чыгып, улам күч алып ылдамдаган поезд, казактардын даркан талаасы менен эркинделе күпүлдөп, мени жаңы турмушка, жаңы күрөш, жаңы эмгекке алып кетип бара жатты. Кош, биринчи мугалимим, кош, биринчи мектебим, кош, балалык чагым, кош, жер кыртышынын астында көзү ачылбай калган тунук булак өңдүү, эч ким билбеген менин биринчи, менин наристе сүйүүм!
@OdgsgGdhdh7 ай бұрын
❤❤❤❤
@user-tn4qo4kt6j7 ай бұрын
0:18
@user-tv2es7ii7j6 ай бұрын
👍👍❤❤😊
@user-gc3mw6rx8q6 ай бұрын
Текс үчүн чооң алкыш.
@syrgashambetalieva34406 ай бұрын
❤❤❤
@mahabatalymkulova48414 жыл бұрын
Ен сонун супер малоч ийгилик биз сиз менен сыймыктанам
@user-yc9sk7mn7e5 жыл бұрын
Абдан сонун
@user-jb4yn7ys8z5 жыл бұрын
сонун айтыптыр
@user-oc8bk7iw9l6 жыл бұрын
Азаматсын Аксынын Кыргыздын сыймыгы бол
@AZAMMPK3 жыл бұрын
Унунуз сонун экен👏👏👏👏👏🤩🤩😎🤯👏👏🤲
@user-oz8re7vv7d5 жыл бұрын
Бактылуу кыздардан бол карындашым
@user-kr8eq1xr9f4 жыл бұрын
Азаматсыз 👏👏
@jdgegygsgd15825 жыл бұрын
Азаматсын
@user-jt7eu6ub4j4 жыл бұрын
Азамат укмуш
@user-wi8cl3pc5d6 жыл бұрын
Азамат
@user-dn8lm4ky3o4 жыл бұрын
U vas TALANT. I golos vprochem+++
@user-nx5dm1hs5g8 ай бұрын
🤣🤣🤣🤣🤣
@user-ws3ug8mx5x6 жыл бұрын
Азаматсын чон чон ийгиликтерге жет Нурайка. Мектепте окуп жургондо эле талантуу элен.
@umutaiavazbekova51915 жыл бұрын
Эн мыкты!Дагы да кооп ийгиликтерге жет.Адамгерчилигин бийик,асыл инсансын😍😍😍Жакшы короом сеги😙
@nurgultoctacunova12284 жыл бұрын
Молодец
@user-hi7ql6kc8u4 жыл бұрын
Ол азаматсыз жердеш
@garenaff80164 жыл бұрын
Сооооонууун
@user-wv4yg9hc3e5 жыл бұрын
Синдим сен менен сыймыктанабыз ар дайым эжемдин биздин сыймыгыбыз бол🤗😍😊😘✌👍💋
@user-dn8lm4ky3o5 жыл бұрын
Azamat
@user-qr9cf5cl3s4 жыл бұрын
Ушул кыз досумун тойуна чыкты эле аяштын подрушкаларынан экен комуз мн ырдап берген жакшы
@janylisabekova5414 жыл бұрын
Аксынын сулуу кызыгоо молодец эжешкин
@ainurasuiunbekova78253 жыл бұрын
Саламатсызбы мага тексти болсо берип койунузчу пажалуйста
@user-ql2ov9ee6x4 жыл бұрын
👍👍
@user-fj9hl6mx5e4 жыл бұрын
Мен да так ушу маналокту эжейиме айтып бергем
@jyldyzbazarbaeva7444 жыл бұрын
Нурайым азаматсын!!!
@user-wv2lx7sc7r3 жыл бұрын
азаматсыз эже бул тесттин кайдан алсам болот?
@user-qb6kj6xp9h Жыл бұрын
Мен дагы жаттап жаткам кечке үшүп жатам
@user-qr9cf5cl3s4 жыл бұрын
Нурайым той куну драм театрдын жанында скамекада ырдап бергенин эсиндеби?😉
@sadyrturdukulov4393 жыл бұрын
7 а Көк Жангак? Здесь?
@user-nn4pe7ht9x4 жыл бұрын
Текстин кайдан тапсак болот?
@hadichaoruzbaeva14123 жыл бұрын
Ошо айтып койгулачы 😁
@-Zhuyycygdjid5 жыл бұрын
Комуз менен ырдатпадынарго? Мен ыр куттум эле.
@user-lt5fo5qt7u5 жыл бұрын
Саламатсызбы Нурайым еже менин да атым Нурайым мендагы ушул монологду Айтматовдун 90 жылдыгында айтым
@user-yj1tl1ne7m5 жыл бұрын
Кандай мага да ушул монолокту беришти ушуну текстин мага тартып жиберчи суранам