Рет қаралды 381
Соттук отурумда саясий туткун Jenish Moldokmatovдун сөзү:
«Алымкадыр Бейшеналиев негизги күбө катары чакырылсын!»
- Мен жактоочу Замир Жоошевди колдойм. Бул иш кайра каралышы керек. Жаңы жагдайлардын негизинде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди негизги күбө катары чакырылсын.
Жалпысынан октябрь окуялары боюнча сот иши сынат, аягында бузулат. Анткени ким эмне кылганын биз билебиз. Видео тасмалар, миңдеген күбө адамдар бар. Бизге коюлган кинелерде К.Асанов, Т.Султанбеков жанымда болгон эмес. Саат 20:30да Акүйдү басып алган дейт. Алымкадыр Бейшеналиев революцияны Садыр Жапаров кылган, бийликти биз алганбыз деп жатат. 100067881464...
Анда биздин эмне тийешебиз бар. 20:30да аянтта эмне болгонун ЖМКларда видеолор турат. Мен жана башка саясатчылар аянтта турганда укук коргоо органдары тарабынан граната жарылган, биз качканбыз. Акүйдү басып алганга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Акүйгө барганга менин шартым дагы болгон эмес. Ошондуктан жактоочунун ходатайствосун толугу менен колдойм!
Урматтуу прокурорлор качанкыга чейин адилетсиздиктин курмандыгы болуп жүрө бересиңер? Мен таңгалам. Эң биринчи сотко силер кайрылышыңар керек болчу. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча: "Расмий өкүл, аткаруу бийлигинде министр азыркы президенттин башаламандыкты уюштурган боюнча, революцияны кылганы боюнча ачык айтты. Ишти токтотолу, тергейли кайра алып келели"- деш керек болчу..