Рет қаралды 53,180
«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары - 31 жаштагы Ниязбек уулу Баяман жана 19 жаштагы Обрежа Елизавета Николаевна. 2025-жылдын январь айында баш кошушкан түгөйлөр жай мезгилинде үйлөнүү тойлорун өткөрүшөрүн Turmush басылмасына билдиришти.
«Мен 1994-жылы Ош облусунун Алай районунун Мурдаш айылында жарыкка келгем. Келинчегим Елизавета 2005-жылкы, Молдованын борбору Кишинёв шаарынан болот. Үй-бүлөдө мен 6 бир тууганмын, келинчегим 2 бир тууган. Учурда Бишкек шаарында соода-сатык менен алектенем, кесибим боюнча механикмин.
Келинчегим менен социалдык тармак аркылуу таанышып калгам. Баарынан да мага жөнөкөйлүгү жана адамгерчиликтүү мамилеси жакты. Муну менен катар албетте сүйкүмдүү, сулуу келбети да арбап алды. Бири-бирибизди жакшылап тааныш үчүн көп убакыт бою социалдык тармак аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Убакыттын өтүшү менен ортобузда жылуу мамиле, ыйык сезим пайда болуп, Елизаветага үйлөнүүнү туура көрдүм.
Жаңы жылда ага "менин түбөлүктүү жарым болосуңбу?" деп суроо узаттым, ал кубануу менен макулдугун берди. Анан ал арадан 3 күн өтпөй, Молдовадан учак менен келди. Мен колума гүл кармап, Елизаветаны аэропорттон тосуп алдым. Ошондо интернет аркылуу тапкан виртуалдык сүйүүмдү биринчи жолу көрдүм. Жашоодо сүрөттөгүдөн да жагымдуу жана жакшынай болуп чыкты», - деди ал.