ЖАМАЛ АБДУКЕРИМОВА - Серенада - кыргызча караоке текст менен

  Рет қаралды 19,527

Ыркесе

Ыркесе

2 жыл бұрын

🎵 Садыралы Абдукеримовдун "Серенада" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Автордун кызы Жамал Абдукеримованын аткаруусундагы варианты тексти менен.
🎤ЖАМАЛ АБДУКЕРИМОВА - Серенада ырынын үнү жок (минус) варианты • Ж.АБДУКЕРИМОВА / Серен...
🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
#ыркесе #кыргызча_караоке #Серенада #ЖамалАбдукеримова #yrkese
======================================================
- Серенада -
Сөзү, обону: Садыралы Абдукеримов
Аткаруучу: Жамал Абдукеримова
==============================
Алоолоп кармап алып сүйүү жалын,
Акылдан азгырганың түшүн, жаным.
Буулугуп бутагыңа конуп турам,
Бул менин бугум айткан шырылдаңым.
Кайырма:
Сени бөпөлөдүм, жолуң төтөлөдүм.
Аны сезгендирсиң менин көпөлөгүм.
Эрким, эселегим, эстүү секелегим,
Тагдыр насип кылса бактым сенде менин.
Сүйөп үмүт деми, жүрөк сүйүп сени,
Эсим эки болду эзип күйүт мени.
Күнүм жылга айланды, үмүт муңга айланды,
Тунук махабатым бүтпөс сырга айланды.
Жакшынын жандырмагын терметейин,
Эркиме эртеңкини эңсетейин.
Сездирип сүйүүбүздүн неге экенин,
Сен деле айтып чыкчы бекбекейим.
Кайырма:
Түбөлүк ыйык сүйүү уялаган,
Түйшөлтүп жүрөгүмдү сыялаган.
Түшүнчү түйшүгүмө себеп табам,
Бул менин сага деген серенадам.
Кайырма:
Бул ыр менин сага деген,
Сага деген серенадам.
Бул ыр менин сага деген,
Сага деген серенадам.

Пікірлер: 31
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
Садыралы Абдукеримовдун "Серенада" ырынын караокеси тексти менен. ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз: 👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет! 📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)! 📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз! ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ 💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз? ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз. Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫
@user-br3ow2ur8d
@user-br3ow2ur8d 2 жыл бұрын
,
@yamaneleser1266
@yamaneleser1266 Жыл бұрын
Аллах жаннатан жер берсин топурагын торколу болсун билип билбей кылган кунонду кечирсин
@user-vc1fy5dr7t
@user-vc1fy5dr7t 2 жыл бұрын
Жайы жаннаттан болсун, билип-билбей кылган куноолорун Аллахым озу кечирсин. Аянычтуу омуру ото кыска болуптур. Бейиштен орун берсин.Ыйлагым келди го .Неге. Байкушум. Неге жашоо мындай. АДАМ ОЛБОС БОЛСО КАНА ЭЛЕ. АЛТЫН АПАМДЫ САГЫНДЫМ ГО АРМАН.
@newskg2551
@newskg2551 2 жыл бұрын
Артты кайрылуу болсун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам, боор оору менен күрөшүп бул дүйнө менен кош айтышып кеткенине абдан өкүнүчтүү.
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
Ыйманы саламат болуп, жаткан жери жайлуу болсун. Жаш кетиптир. Жакындарына көңүл айтабыз.
@user-hg8ch6oh8b
@user-hg8ch6oh8b Жыл бұрын
Аллахым бейишинен орун берсин билип билбей кетирген куноолорун Аллахым кечирсин 🤲🤲🤲🤲🤲🤲🙏🙏🙏🙏🙏🙏
@user-qg1mf3td6r
@user-qg1mf3td6r 2 жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун😢
@yamaneleser1266
@yamaneleser1266 Жыл бұрын
Жаткан жерин жайлуу болсун Аллах жаннатан орун берсин билип билбей кылган кунолорун кечирсин 😭🤲😩😓😔
@user-lk2jo2cc9k
@user-lk2jo2cc9k 2 жыл бұрын
жайы жаннаттан болсун.билип билбейм кылган куноолорун Аллахым озу кечирсин
@yamaneleser1266
@yamaneleser1266 Жыл бұрын
Жаткан жерин жайлуу болсун, Аллах билип билбей кылган кунонду кечирсин бейиштен жер берсин. Мамана Аллах сабыр берсин
@user-wb8iy7wm8r
@user-wb8iy7wm8r 2 жыл бұрын
Жамал жаткан жерин жайлуу болсун !
@user-ye5uh9fz3c
@user-ye5uh9fz3c Жыл бұрын
Жаны жаннаттан болсун уй булосуно сабырдулук тилей ин
@gulnaratajikankizi2683
@gulnaratajikankizi2683 2 жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун алла бейишинен орун берсин эжекебиздин😢😢😢😢
@mirbekmamatkasym9721
@mirbekmamatkasym9721 2 жыл бұрын
Кош бол, Жамал!
@tazaguljusubalieva4964
@tazaguljusubalieva4964 2 жыл бұрын
😓😓😰😰Аллахым оз рахматына алсын 😔топурагы торко жумшак болсун Кудайым бейишинен оорун Берсин🤲🏻
@user-ek8sn3bf9g
@user-ek8sn3bf9g 2 жыл бұрын
жаткан жери жайлуу болсун.
@baburturdaliev
@baburturdaliev 2 жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун.
@user-uu3cs6pw2p
@user-uu3cs6pw2p 2 жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун 🤲
@user-yr1cy9pu1y
@user-yr1cy9pu1y 2 жыл бұрын
Ото соонун азаматсыздар
@gylaiomarbekova539
@gylaiomarbekova539 2 жыл бұрын
Жайы жаннаттан болсун
@user-mg7qb3ej2x
@user-mg7qb3ej2x 2 жыл бұрын
Бейиштен орун берсин Аллахым
@user-mi8fl9ur5f
@user-mi8fl9ur5f 2 жыл бұрын
Ыйманы саламат болсун
@user-dg4tm8xu2v
@user-dg4tm8xu2v 2 жыл бұрын
Ностальгия
@user-dg4tm8xu2v
@user-dg4tm8xu2v 2 жыл бұрын
Кутуп журдум эле рахмат
@Yrkese
@Yrkese 2 жыл бұрын
Эчтеке эмес, ырдап жүрүңүз.
@user-ob7vq7hg6j
@user-ob7vq7hg6j 2 жыл бұрын
😢😢😢
@123zsa
@123zsa Жыл бұрын
Жамалтай Аллахым бейиштен берсин жайынды🤲 Биздин келинибиз эле , жаркылдап келип жаркылдап кеттин алтыным, сени биз келин катары эмес оз кызыбыздай кордук, айрыкча эжем экоондун ортонордо , келин менен кайнене эмнс эне баланы кордук. Бирок боору таш ажал алып кетти , тынч укта алтыным , сен биздин элесибизде, жана жургобуздо чогу жашайсын 😪😪😪😪😪
@umutai2258
@umutai2258 5 ай бұрын
Төтөлөдүм деген не маани?
@user-yn6js8hg1x
@user-yn6js8hg1x Жыл бұрын
Садыралы абдукеримов менен редакцияда бирге иштеп калдык эле. Аттин ай, угуп ото жаман болдум. Арты кайрылуу, топурагы торко болсун. Женебизге жана марал менен жамалга конул айтам.
@firdaus6339
@firdaus6339 5 ай бұрын
Канча жашында кетти бул дуйнодон? Балдары бар беле? Жайы жаннаттан болсур
Жамал Абдыкеримова "Серенада"  (Audio)
4:23
Шайырбек Арапов
Рет қаралды 43 М.
She ruined my dominos! 😭 Cool train tool helps me #gadget
00:40
Go Gizmo!
Рет қаралды 30 МЛН
Omega Boy Past 3 #funny #viral #comedy
00:22
CRAZY GREAPA
Рет қаралды 37 МЛН
When Steve And His Dog Don'T Give Away To Each Other 😂️
00:21
BigSchool
Рет қаралды 17 МЛН
СЕРЕНАДА Корком тасмасы. Толугу менен.
1:25:27
Nasikat Kabyldaeva
Рет қаралды 176 М.
Майрамбек Осмонов Сезим караоке минус
2:52
Элмирбек Иманалиев "Жалгыздык". Караоке
4:55
Красное яблоко
Рет қаралды 433 М.
Ulug'bek Yulchiyev - Ko'zlari bejo (Premyera Klip)
4:39
ULUG’BEK YULCHIYEV
Рет қаралды 1,7 МЛН
Төреғали Төреәлі & Есен Жүсіпов - Таңғажайып
2:51
Ademim
3:50
Izbasar Kenesov - Topic
Рет қаралды 84 М.
Eminem - Houdini [Official Music Video]
4:57
EminemVEVO
Рет қаралды 73 МЛН
Ariana Grande - the boy is mine (Official Music Video)
6:17
ArianaGrandeVevo
Рет қаралды 15 МЛН
BABYMONSTER - 'LIKE THAT' EXCLUSIVE PERFORMANCE VIDEO
2:58
BABYMONSTER
Рет қаралды 54 МЛН
DAKELOT - ROZALINA [M/V]
3:15
DAKELOT
Рет қаралды 143 М.