Америкадагы кыргыз: 400 ашык трак иштетебиз / Сайпидин Туташов / Жаратман подкаст

  Рет қаралды 66,499

Jaratman Podcast

Jaratman Podcast

Күн бұрын

Пікірлер: 706
@ГулжанКадырова-ш3ю
@ГулжанКадырова-ш3ю 9 күн бұрын
Бир дем менен кордум .аябай пайдалуу кенештерди айтып өттү.жаш муундар учун табылгыс подкаст болуптур.ишиниздерге ийгиликтер болсун.келинчеги менен кайсыл учурда таанышып баш кошконун айтып отсо жакшы болмок экен.Кыргызстардан барган учурда студент болгон экен барып иштеп кагылып согулганын айтып өттү. Ошол моменттерде уйлонушту бекен? Уй булоолук бактылуулук каалайбыз.келип Кыргызстан учун иш кылууну каалайм деген жери аябай таасирдуу болуптур.сиздей кыргыздар кобойсо созсуз Кыргызстан онугуп осот❤
@ruslankadyrov4281
@ruslankadyrov4281 4 ай бұрын
11:31 Менин жашым 32де. Москвада аялым менен мигрант болуп журуп орус жарандыгын алууга саналуу кундор калганда, аялым экообуз кенешип Сайпидин аке айткандай 1.биз ал жакта 50 жыл жашасакда ботонбуз. 2.балабыздын тарбиясы, кыргыз экени козунон эле байкалбаса калганы орус сыяктуу болоорун коруп сездик. Кечке 4дубалдын орттосунда камалгандай болуп балдарга кыйын, телефонго кирип кеткен , жаш балдарга кыйын, ата энеси иштеш керек. Чечимге келип кайтууга , баарын нольдон баштоого оз жерибизде бутка туруу, элибизге мекенге пайдабыз тийишине аракет кылалы дедик. Аялым мени колдоп жанымда болду. 2023 жылдын Апрель айында кайтып келип анализ жургузо баштадык, жер коп баары эле дыйканчылык менен аракеттенет эмеспи айылда. Бирок копчулук озу учун гана уйбулосуно жетиштуу гана алектенет. Терен ойлоп эгер ушул жер иштетууго кирсем дыйкан эмес Фермер болуу кажет экенин. Обьем менен коп жерге жол ачыларын кордум. Акыркы убакта бизде ягодаводсто ото каттуу пропаганда болуп ататко. Ушул сфераны коройун деп бирок аздан баштап бул нерсени ичинен коройун дедим. 70минге кочот алып тигип , арада коп окууларга семинарларга ,талааларга чуркап коп катаалардын алдын алууга жетиштик. Жазы менее талаада инилерип аялым менен копченный болуп кеттик😅 . Аялым шаарда чонойгонуна карабай мен менен жарышып чок каптарды желкесине ташып колдогун коруп конулум кокко жетет эле. Ошондо ийгилик биздики болоорун коруп турчуумун. Августта 60 сотых аянтка кобойушо алдык. Карыздар да кобойуп келаткан. Эптеп жазгы момого жетип алсак деп кутчуубуз. Тушубузго да кирчуу кулпунай, кышында да окуутуу курстарга барып билим алып профессионально жандашканга аракет кылдык, себеби билет элем бул жон гана башталышы . Майга жетип момосун терип баштап кубантырды, мы это сделали деген ой толкуп ташып атты. Баткен облусунда чон обьемдо жетиштиргендердин катарына кошулуп билбегендерге уйрото да баштадык. Карыздарды кайтарып ашканына жук ташуучу машына алдык ал да болсо кийинки этаптагы планыбыздын бир болугу. азыркы кезде Бишкекте билимимди ашырып окутууларда журом. 10-15 га аймакты иштетсек , элди иш менен камсыз кылсак аз болсо да биздин гериондо биринчи орунга чыксак жана Кр ны момо жемитер олкосу кылсак деген максатыбыз бар. Ал учун эч кандай тоскоолдук жок деп билем. Эгер азыркыдай болуп ата энем, инилерим жана аялым ишенип ынтымакта колдошсо баары колдон келден. Аларга чон ыраазычык айтат элем бар болгондору учун. 70минден башталган иштен 1млн ашуун киреше таба алган силердин коруучунор.
@КайырканБостоналиева
@КайырканБостоналиева 3 ай бұрын
Азамат,бар бол иним,акылдуу эстүү меенеткеч экенсиң,эл эмгегин жер жебейт дейт,акыбетин көр.эн туура иш кылгансың, балдарыңдын келечегин ойлоп.балдар орусташып кетсе,ким болуп жаралган эли жерин унутса, маңкурт болуп калганы ошо да.анда күнөөнүн баары ошо тарбияны берген ата энеде да,анда бала чоңойтуп эмне кереги бар.рахмат иним акылына.элим жерим деп күйгөн жүрөгүнө.уй бүлөңө терең бакыт каалайм.
@jeki84815
@jeki84815 3 ай бұрын
Азаматсың тууган 🤝✊🫂
@marleskadyrov2951
@marleskadyrov2951 3 ай бұрын
Ишиңиз илгери болсун
@Kyrgyzkg885
@Kyrgyzkg885 3 ай бұрын
МаашаАллах молодец красавчик,аялынызга Аллах ыраазы болсун сизди колдоп турганына😊
@Дамира-б6м
@Дамира-б6м 2 ай бұрын
Азаматсын
@КайырканБостоналиева
@КайырканБостоналиева 4 ай бұрын
Мигранттын азаптуу жашоосун он эки жыл толук башымдан откордум,кыргызстанда эч нерсе жок ,иштейин десен иш жок,турмушка чыгып бала тороп олтурайын десен же жакшы куйоо жок,ал заманда кийейин десен жакшы кийим да жок,жегенге жакшы тамак жок,эл загыоа нан жеп калган заманда айласыздан чаар ала сумканы судуроп алып,россияга кеткем.россияда орустарым кийими жок калган маал экен,аябай кыйынчылык менен бутка турдук.кырк градус суукта туруп иштедим.артымдан бир туугандарымды жетелеп барып иштетип адам болушту.уй машиналарды алышты,кудайга шугур жетишкендиктер аябай жакшы болду,.бир гана окунучтуу жери турмушум жакшы болбоду,балалуу боло албадым,бир кыз торосом инвалид болуп торолуп калды,оор жук которуп иштеп суукта жургондун азабы отту окшоцт билбейм.андан кийин оорукчан кызым менен үйдө олтуруп калдым.кызым менен он уч жыл эчтеке жумуш жасай албай үйдө олтуруп калдым,дагы жакшы уй алып алган элем шаардан.кызым отуп кетти жакында,депресияга туштум , үйдө олтурсаң ар жерин ооруй баштайт экен,анан ойлонуп ,кой иш жасайын деп аракет кыла баштадым,бир жерге иштейин десен жашы өтүп калган адамды жумушка эч ким албайт экен.кой колдон келген жумуш тамак жасоо,мантыны жакшы жасайм .магты жасап алып чыкпайымбы деп жасап чыгып сата баштадым,кудайга шугур жаман эмес,алаксыйт экенсиң,адал иш экен.аракет кылып элге жакшы таза азык жедиргенге аракет жасап атам.булардын баарын жазып жатканымдын себеби мигранттын турмушундагы азап тозоктун баары башымдан өткөн,наркомандарга тонолуп,тепкисин жеп,акчаларды алдырып,эч нерсеси жок еалган күндөр баштан өткөн.кичине иштеп Кыргызстанга келсем,айылда Россияга кеткен аялдар баары бузулуп кетишиптир,бир квартирада эле жашаган үчүн эркектер менен жашай беришет экен деген сөз жүрүп атыптыр,апам байкуш тынчысызданып,чындап эле ошондойбу деп кайгырып алыптыр.катуу таарынгам ошондо.адамдарга.ошо оор заманда Кыргызстан баткакка батып акаев кланы менен Кыргызстанды талап тоноп жеп атканда,ушу бизге окшогон аялдар ала сумканы судуроп,ошо кыйынчылыктан Кыргызстанды судуроп чыкпадык белек.ушу аза да болсо жакшы заманда мигрант кана жаратып жатканы жалганбы.менин айтайын дегеним алыста жакында жүргөн мигрант балдар кыздарыбызга терен таазим.жандарынарды таштан жаратсын аллахым, өзү жар болсун.кылган меенетинердин акыбети кайтсын,силерге ишенем Кыргызстанды унутпай элди жерди жогорку жакшы жашоого жеткиресинер.ыссык саламым менен .магазиндин алдында майда манты сатып олтурган,кыргызстандык эженер.
@Медетбек1988
@Медетбек1988 3 ай бұрын
Сизгеда ден соолук, уй булолук бакыт
@tovaaseltilekma2773
@tovaaseltilekma2773 3 ай бұрын
Аллахым сизге коп жакшылык берсин
@InfiSput
@InfiSput 3 ай бұрын
Береке, бакыт берсин
@Дамира-ц1э
@Дамира-ц1э 3 ай бұрын
Ии эже сиздин жашоонуз Бир кыйын болгон экен,абдан мыкты айым экенсиз,
@РозаОсмонова-ч1ф
@РозаОсмонова-ч1ф 3 ай бұрын
Сизге ден соолук , омурунуз узуун болсун
@nurlan5862
@nurlan5862 Ай бұрын
Кино тартса болот экен Сайпидин мырзанын Америкага болгон саякаты. Ыраазы болдум подкастка. Эң жөнөкөй, ачык, мээнеткеч, максатына умтулган инсан экен. Ийгилик сенин колуңда деген тажрыйба экен. Дагы да болсо алга Сайпидин мырза.
@Руслан-с9с
@Руслан-с9с 3 ай бұрын
Мыкты жигит экен, ар Бир кыргыз жигитти ушундай болсо экен.
@АйзаадаОмурбекова
@АйзаадаОмурбекова 2 ай бұрын
Эн мыкты жигит экенсин,кыйынчылыкты жене билген, Американыбагындырган кыргыздын жонокой баласы Американын трак компаниясын ачып, ал иштин козун таап коп ийгиликтерге жеткен, биздин кыргыз жараныбыз экен, сага чон таазим этем, сендей балдар коп болсун! Жолун ачып болуп, ийгиликтерге жете бер.
@Назгул-ю9м
@Назгул-ю9м 4 ай бұрын
Сайпидин сенин берген маэгин аябай журокту толкундантты, эн биринчиден ата-энеден алган таалим-тарбиян, адамгерчилигин ботон жерде да журсон ыйманын менен болуп, бут кыйынчылык, сыноолордон отконун жаштарга позитив болду го дейм,ал Эми азыркы жаштарга же Америкага барам деген инсандарга алтындан да кымбат кенештерди айтып билген-коргон тажырыйбан менен ичи тардыгын жок Эле туура кенештерди айттын. Менин билимим аз болуп калды деп кейибе, сенин ошончолук жылдардагы иш устундогу практикан, сыноолорун Эле канча жыл билим алып, кайра дагын экинчи жолу жогорку билим алгандардан да жогору болгондой эле. Мен Аны сенин чон компанияларды ачып, аларды иштетип, канчалаган ири ишканалар менен келишим тузуу, алар менен туз алакада болуу бул да билим. Мирлан экоонорго ийгилик каалайм! Кыргызстанда да иш баштаганынар да зор эмгек, бир чети ал жакта калып кетпей, жакшы жышаан менен келгенинерге мен да аябай кубандым. Ал Эми жаратман корсотуусун алып барып жаткан Урмат Насыкуловко терен ыраазычылыгымды билдирем, ар бир подкасты коргон сайын кубантат, коз жаш чыгат кубанычтан. Кыргызстаныбыз онуго берсин, ушундай жаратмандарыбыз коп болсун!
@TV-dp1ct
@TV-dp1ct 4 ай бұрын
😊😊😊
@КутманБалбаев-е9в
@КутманБалбаев-е9в 2 ай бұрын
Сайпидин сен эң мыкты жигит экенсиң ишиңе албан албан ийгиликтерди каалайм жаштарга үлгү болуп турган инсан катары баалайбыз жана сыймыктанабыз жараткан жар болсун өмүрүң узун болсун
@adiletkudaibergenov9893
@adiletkudaibergenov9893 2 ай бұрын
Ассаламу Алейкум чооң рахмат ушинтип маек берип Американын жашоосу боюнча кайсы жакшы жактары бар жаман жактары бар жакшы түшүндүрүп айтып кеттиңиз ишиңизге ийгилик Ден соолук Кудай буюрса биз дагы эми аракет кылып өзүбүздү өнүктүрүп окуп тил курстарын анан кийин ишкерлике аттансакбы деп жакшы ниет кылып баштасакбы деп олтурабыз Кудай буюрса Ин Шаа Аллах Биз дагы жаратман болуп Ютуб каналга маек берүүнү насип кылсын 🤲🇰🇬🏡🕌
@nazgultadjibaeva8421
@nazgultadjibaeva8421 4 ай бұрын
Айфон 15😍мага эң керек болуп жаткан телефон🥺 4 метр кездеме менен бизнес баштап 4 ай ичинде 3 рулон алганга жетиштик эжем экөөз балдарыбыз менен👩‍👦‍👦алга жылуудабыз алдыда чоң максаттарыбыз бар🥳 Бир канча жылдан кийин бизда сиздердей болуп история айтабыз иншаАллах🤲 Ар бир историяны көргөндө күч кубат алып,алдыга умтулам өзүбүздү элестетем менда маанилүү учурларды эстен чыгарбай айтам башкаларга сабак болот экен деп😊
@БолотУсманов-щ5ц
@БолотУсманов-щ5ц 2 ай бұрын
Суранба макулуктан жакырчылыктын эшиги ачылат
@nursultantemirbekov5956
@nursultantemirbekov5956 3 ай бұрын
Аябай сонун маек болуптур ,кыргыздын ушундай ишкер, элиме дагы кандай жакшылык кылсам деп элди ойлогон эр азаматтары кеп болсун. Ишиниздерге ийгилик каалайм!!!
@arakemayrambekov4856
@arakemayrambekov4856 3 ай бұрын
Чынында үлгү боло турган адам, үлгү боло турган биография экен. Жөнөкөйлүк, ачыктык менен баарын жай айтып берди. Кээ бир адамдар ийгиликке жеткенден кийин өздөрүнүн эмгегине басым жасашат, башкалардын эмгегин жана насип, буйрук деген нерсени көп айтышпайт. Ийгилик жараткан адамдардын артында дайым жөлөп таяган адамдар болорун айтканы жакты. Ак ниеттүү бир тууган, чыдамкай жар, ишенимдүү өнөктөш жана негизгиси ата-энеси Сайпидин байкенин эң күчтүү жагы деп ойлоп калдым. PS Анан калса 14 жыл АКШда жашаса да кыргызчасы мыкты денгээлде экен. Муну чет жакта жашагандар же башка бир тилди эркин сүйлөгөндөр түшүнөт.
@Гулина-ш2ш
@Гулина-ш2ш 3 ай бұрын
Сайпидин менин классташым. Мектепте да ото аракетчил, жонокой акылдуу болчу... Молодец
@gulandaakunova5796
@gulandaakunova5796 3 ай бұрын
Сайпидин менен Мирлан силерге эн биринчи чын ден-соолук,уй-булоолук бакыт,ынтымак тилейбиз!!! Экоонор тен Чикагодогу эн ыймандуу,сыйкор,кичипейил балдардын катарында журосунор. Кыргызстан менен Американын ортосундагы кызыл копуро болуп,ишинер ге ийгилик,ар дайым элдин керегине жарап аман-эсен болгула👍🤲🏻🤲🏻🤲🏻🙏🙏🙏❤️❤️❤️
@Bakyt-o8s
@Bakyt-o8s Ай бұрын
Сайпидин эн мыкты тырышчаак, алысты коро билген инсан экенсин. Ушундай жаш болсонда чет олкодо чон бизнести уюштуруп жанкан Кыргыздын чыныгы жаратман кулуну экен. Ишинизге ийгилик мындан дагы коп жетишкендике жетип, дагыда болсо кыргыз атын чыгарып олкого салып кошуп журо бериниз. Дагы коп ийгиликтерге жетишет деген ишеничтемин. Стздин маекти коруп жатып озумдо дагы Америкага баруу кыялы пайда болду десем болот. Адам ойлой берет экенда коркуп ал жака барсам кандай болот, балким ал жактан мен ойлогондой болбой калсачы деп бирок сиздин маектен мен адам алдыга ар дайын тайманбай кадам ташташ керектигин тушундум. Кудайым колдосун сизди бар болунуз...
@Pe_rm
@Pe_rm 4 ай бұрын
"За каждой тягостью наступает облегчение" говорил пророк Салих (мир ему). Сколько не было бы трудностей, нужно смело идти вперед. Ты не знаешь что будет завтра, послезавтра, надо думать позитивно и верить в чудо. Вы большие молодцы ребята. Продолжайте дальше делать контент, этот подкасты подтолкнет многих людей на веру и силу воли. Алла разы болсун 😊
@ДикаОмурзаковп
@ДикаОмурзаковп 3 ай бұрын
Сайпидин Туташов! Азаматсын! Ишине ИЙГИЛИК! Сени менен Сыймыктанабыз! 👍👍👍👍👍
@AlgaKyrgyzstan996
@AlgaKyrgyzstan996 4 ай бұрын
Кыргыздар кай жакта жүрбөсүн: эң башкысы ден соолукта, ийгиликтүү, иштери жакшы, үй бүлөсү аман эсен, өз ата энелерине кайрымдуу, элине берешен болсун. Алга, жаратмандар! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@qw8161
@qw8161 4 ай бұрын
Уй булоосу менен сыймыктанса болот. Эн сонун адамдар!!!
@bmamatkdyr
@bmamatkdyr 4 ай бұрын
@АйнурКерезова-т5х
@АйнурКерезова-т5х 2 ай бұрын
Ички дүйнөсү таза, чыныгы кыргыз мырзасы, чыныгы кең пейил кыргыз уулу экенин байкадым, азаматсын иним көп жаша,ишиңе ийгилик үй бүлөңдө амандык болсун! Жаштар тажрыйба алмашып үйрөнө турган сонун кеңештериңе ыраазычылык билдирем!!! ЖАШТАР толугу менен көргүлө эң сонун сөздөр,эң сонун окуялар айтылган өкүнбөйсүңөр, үйрөнүүчү көп нерселерди айтып кетиптир,азамат!!!
@ruslanruslan5659
@ruslanruslan5659 4 ай бұрын
"Мен кайда жүрбөйүн , жүрөгүм ушул тоолордун арасында" деп Абдылдабек айткандай, кыргызстан үчүн күйгөнүң билинип турат 👍.
@ulisunny
@ulisunny 4 ай бұрын
Кыргызча китеп окуш керек экен Сайпидин байке, создук запас азайып кетиптир америка чойро тасири астында...ишинизге ийгилик жана денсоолук!!
@tovaaseltilekma2773
@tovaaseltilekma2773 3 ай бұрын
Жумурткадан кыр издебегилечи,сонун эле суйлоп атат,ким эле китеп окуп атыптыр убакыт жок
@malvina89talantbekova22
@malvina89talantbekova22 3 ай бұрын
Үмүтүң өчүп алсырап баратканда ушундай патриот байкелерибиз бар экени дем, күч берет! Эң башкысы ден-соолукта болуңуз! Соонун маек болуптур, соонун кеңештер, тажрыйбаларыңыз айтылды 🙌🙌🙌
@ИскендерТурдушев-б3ч
@ИскендерТурдушев-б3ч 3 ай бұрын
Кыргызстандын кичинекей айылынан чыккан,Америкада оз ордун тапкан кыргызстандын чыгаан мырзасы,соонун подкаст болуптур бир дем менен угуп чыктым,иштеринизге ийгилик.
@skibidi446
@skibidi446 4 ай бұрын
Азаматсыз Сайпидин кыргызымда сиздей жигиттер кобойсун .Ата эненизге таазим сиздей уулду тарбиялаган .Аллахым омурунузго береке берсин.Менин уулдарымда сиздей сабырдуу меенеткеч жигиттер болсо экен деп тилейм Аллахтан.
@ИхласАбдимаматов
@ИхласАбдимаматов 4 ай бұрын
Мен да Сайпидин байкенин жашоосунан откондой болдум угуп олтуруп,ыйлап да алдым. Сиздей патриот адамдар бар экен Кыргызстан дагы да болсо онугот. Ийгилик!
@БурулЖумабаева-я1ц
@БурулЖумабаева-я1ц 3 ай бұрын
Мусулман адам алып эмес берип байыйт дегендей , берешен элибизди берчулордон кылсын Кудайым 🤲🤲🤲
@bayastanbekkubatov1656
@bayastanbekkubatov1656 4 ай бұрын
Азыркы учурда Америкада ишкана ачып, Кыргызстандан барган мигранттарга чоон жардам кылып жатышкан биздин мекендештерди биздин окмоттун партнерлору деп эсептейм! Анткени биздин экономикага канчалаган чон жардамдар болуп жатат. Ишине ийгилик Сайпидин кыргыз элинин өнүгүп өсүүсүнө салымынарды кошуп жатканынарга, дагы коптогон бийиктиктерди багынткыла! Менин дагы бир өкунучум бар, убагында Америкага барып иштеп калбагыныма!
@Jinek_Ulanbekova
@Jinek_Ulanbekova 3 ай бұрын
Омурумдо коргон эн таасирдуу подкаст болду. Мага азыркы учурда ушул создор, ушундай мотивация жетишпей жаткан. Эми жаны дем менен кайра озумдун чакан бизнесимди кайрадан баштайм Жартманга жана Сайпидин байкеге ыраазычылык. 🙌
@Элдияр-з3х
@Элдияр-з3х 3 ай бұрын
Ааламга жол айылдан башталат дегендей айылда коруп жатам бул талкууларды.Аллах ыраазы болсун жигиттер!белек албасак деле коп кеп-кенеш алдыкко рахмаат!!!
@АйжаркынОмуркулова
@АйжаркынОмуркулова 4 ай бұрын
Абдан сонун маек болду. Бир дем менен көрдүм. Ар бир кыргызда, Табылды Эгембердиевдикиндей жана сиздин иниңиздей ат токуру болсун! Ушунчалык жумуш орундарын түзүп берип, өз жанын эмес, эл баккан, кыргыздын жаратман уулдарынан болуп жүрө бериңиз!
@ЖылдызТоялиева-т3к
@ЖылдызТоялиева-т3к 3 ай бұрын
АЗАМАТСЫН БАЛАМ. АМАН БОЛ ИЙГИЛИК. БОЛСУН.. БАЛАМ..❤
@AseSad-ll5um
@AseSad-ll5um 4 ай бұрын
Сайпидин менин жердешим бир айылданбыз. Кичинекейинен аябай тырышчаак бала болчу,озу айткандай шаардан балмуздак майда чуйдо алып барып айылга сатчу. Ишине ийгилик мындан да бийик ийгиликтерди багындыр
@МукалбекБактыбеков
@МукалбекБактыбеков 4 ай бұрын
Кайсы Айылдан болот?
@БаяманЖапарович
@БаяманЖапарович 4 ай бұрын
​@@МукалбекБактыбековЖаны турмуш деген айылдан болот Кара суу району
@жизньилисмерть
@жизньилисмерть 3 ай бұрын
Мен азыр Европада иштеп журом ,ушул жакта иштеп журуп жашоого болгон коз карашым озгоргон .Сайпидин байкен беркен кенештерин угуп дагыда теренирээк ойлонуп жашомду озгортоп деп чечтим. Сиздерге рахмат
@ЖылдызТоялиева-т3к
@ЖылдызТоялиева-т3к 3 ай бұрын
Ар бир иштин устундо чоон. Мээнет. Турат. Талбай иштесен доолоту да бар баарына. Чыдаш керек. Азаматсын. Балам..❤
@ЖылдызДехканова-к3л
@ЖылдызДехканова-к3л 2 ай бұрын
Журоктон чыккан, ичине баарын камтыган маек болуптур: ата-эне, бир тууган, жубайга болгон ыраазычылык; бекем достук; билимдин маанилуулугу; ийгиликке болгон умтулуу; кыйынчылыкка туруштук беруу; мотивация
@АйзадаЕгембердиева
@АйзадаЕгембердиева 4 ай бұрын
Сайпидин мырза , чынында абдан мыкты экенсиз! 💪 Ушунча кыйын жолдорду басып өткөрүптүрсүз.😒 Тажадым, болбойт экен деп колду шилтеп басып кетпестен, чөгүп, сынып кыйналса да алдыга умтулуп өзүнө болгон ишеними мага абдан жакты! Сайпидиндей күчтүү,чыйрак, көрөгөч даанышман болгон Кыргыздын уулдары көп болсун! Ата- Энеси колдон, буттан алып, басып турса да батасын беришкен экен! Өзгөчө азыркы жаштарга жол көргөзүп, билим алгыла, шашпагыла деген сөздөрү абдан жакты! Кичинекей айылда, кичинекей мектепте окуп өскөн баланын турмушун бир дем менен көзүм, кулагым ачылып угуп отурдум! Ушунчалык мотивация берген эфир болду. Сайпидинди кармап турган улуу күч , бул өзүнө болгон ИШЕНИМ! ЖЕРДЕ ЖАТКАН ЖУМУРТКА АСМАНДАГЫ УЧКАН КУШ БОЛОТ!💯 Чыныгы Жаратман! 💫 Йгилик!
@kyle8877-b5g
@kyle8877-b5g 4 ай бұрын
Маңдайы жарык, адамгерчиликтүү адам экен. Бардык нерсенин болгонун болгондой айтып берди.
@ГулсараБадирова-я8п
@ГулсараБадирова-я8п 4 ай бұрын
Мен өзүм башталгыч класстын мугалими болуп иштеймин. Телевизордон көрүп башынан ,аягына чейин,бул баланын мектепте окуп журүп бизнеске кызыкчуумун звачкилерди алып келип,класста менден эле алгыла деп сатчуумун деген жери аябай жакты.Сөз менен айтыш оңой,бирок иш жүзүнө ашырыш өтө кыйын. МЕН аябай сүйүндүм биз окуткан балдар ушундай кыргыздын кыраан жигиттери болгонуна.Дагы да ишине ийгилик каалаймын Сайпидин!!!
@Azamattls
@Azamattls 4 ай бұрын
Эн жакшы маек болуптур тилегибиз СЭМ экспресс компаниясы америкадагы номер 1 трак компаниясы болсун ал эми Jaratman podkast кыргызстандагы эн мыкты подкаст
@bmamatkdyr
@bmamatkdyr 4 ай бұрын
Машаллах. Сиздерди Кыргыздардан чыккан unicorn компания болуунуздарды каалайм жана Кыргыздарды ушундай чоон иштерге туртуп жана мотивация берип журо бериниздер.
@KyrgyzGigachad
@KyrgyzGigachad 4 ай бұрын
unicorn деген эмне?
@bmamatkdyr
@bmamatkdyr 4 ай бұрын
@@KyrgyzGigachad Жонокой соз менен айтканда эгер компаниянын баасы 1 миллиард доллардан ашса unicorn деп атап коюшат.
@bermetsaryeva6850
@bermetsaryeva6850 2 ай бұрын
Салам Сайпидин and Урмат! Бул выпуск аябай кызыктуу жана пайдалуу болуптур 🙌силерге алкыш✊🏼. Ушул американский компания Кыргызстанда бар экенин бир жылдан ашык билем жана озум дагы 15 жылдан бери мигрант болуп иштеп келгенмин, Сайпидин мырза компаниянызга иштегени буюрса сертификат утуп калаармын деген үмүт бар😊, утпай калсам значит не судьба деп башка жол менен орношкону аракет кылам🙌🤲🏼
@aidadjeenchoroeva5859
@aidadjeenchoroeva5859 3 ай бұрын
Ассалям Алейкум!!! Кыргыздын чыныгы жаратман жигиттери. Мыкты чыгарылыш болуптур, чын журоктон аягына чейин уктум. Алга кыргызымдын жаштары👍👍Кооп жаштарга жакшы кенеш болду, ушундай жакшы инсандар бар учун дуйно сакталып турат. Ар дайым ишеним учун иштеген мыкты мырзалар кооп болсун. Ийгилик жана ийгилик🎉🎉🎉🎉
@ГульнараСартова-п3ю
@ГульнараСартова-п3ю 4 ай бұрын
Уулум өтө кызыктуу баарлашу болуптур.,,Саргара жортсоң,кызара бөртөсүң,же,,Сабырдын түбү ,сары алтын",- дейт элибизде.Сенин көз жашыңды көрүп,эне катары жүрөгүм ооруп кетти,бирок сенин сүйлөгөндөрүңдү бүт аягына чейин угуп,тарбиялуу бала экениңе жүрөгүм сүйүндү.Келечегиң кең болсун,өмүрүң узун болсун.Кыргыздын сендей балдары көп болсун.
@СаматЕрматов
@СаматЕрматов Ай бұрын
Сонун байке экен.азаматсыз👍
@editaosmonova5788
@editaosmonova5788 2 ай бұрын
Жаратман подкаст, сиздерге терээн ыраазычылык!🙏🏻
@You-dt1jy
@You-dt1jy 4 ай бұрын
Сайпидин, Мирлан ишенерге ийгилик!!! Кыргыздарга силердин ырыскынар насип болсун. Ата-Энени сыйлап оз жолун издеген адамдар коп ийгилектер насип болсун!!!
@АидаАкунова-ф3ь
@АидаАкунова-ф3ь 3 ай бұрын
Мугалимдерди унутпай сыйлаган адам эч качан жерде калбайт,Азамат👍👍👍
@ЖыргалбекКенжебаев-ъ3ь
@ЖыргалбекКенжебаев-ъ3ь 3 ай бұрын
Молодец Сайпидин иним кудайым колдосун. Ж-Турмуш алга
@TechTravelsTipsOmur
@TechTravelsTipsOmur 4 ай бұрын
Жаратмандан жандуу контент болуптур, Көпчүлүктүн купулуна толуптур. "Америкада иштөө"- деген кыялды, SAM экспресс орундатып коюптур. Трак менен орундатып кыялын, Тээ алыста жүрөт кыргыз мырзасы. Ар тараптан буйрутманы таап берген, Диспетчерге ырахматын айталы. Үлгү болуп өсүп жаткан жаштарга, Жүрө бергин,"Кыргыз"- деген ат менен . Алыс жолго чыгам деген кыялды, Аткарыңыз SAM express менен. Өсө берсин буйрутмалар дагы да, Өсө берсин,трактардын саны да. Кызмат кылып, өз жерине ар дайым, Бар болсунчу,SAM express компания! 📝Мамытбеков Өмүрбек
@ГуляАмиракулова-е1к
@ГуляАмиракулова-е1к 4 ай бұрын
Кыргыздын мыкты мырзасы экенсин ! Иштерине ийгилик ❤
@РаянаКейджи
@РаянаКейджи 4 ай бұрын
Эгер ушул жазган комментариим эн коп лайк топтоп, Сайпидин агай айткан айфон 15ти утуп алсам, анда бир адамга бекер Куран окутканга даярмын, анткени озум Курандан сабак берем ❤
@jeki84815
@jeki84815 3 ай бұрын
Аллахым тилегиңизди орундатсын 🤲
@jeki84815
@jeki84815 3 ай бұрын
Ушул сөздүн (ниеттин) баалуулугун билгенде миллион лайк да аздык кылмак аттиң 😢
@Chek55555
@Chek55555 3 ай бұрын
Айфон утуп алыныз 👍👍👍👍👍🫂
@Мария-я3в8з
@Мария-я3в8з 3 ай бұрын
Айфон эмне кереги бар ,Колунуздагы Алтындын баркын билиниз ,Мен Куран Окуй албай журом ,Аллахым Сизге Куран окутуу ийгиликтин баарына жетиниз мени туура тушунсонуз
@kerezasekova5517
@kerezasekova5517 2 ай бұрын
@@РаянаКейджи жакшы тилек жарым ырыс
@Кто-то-э9п7к
@Кто-то-э9п7к 3 ай бұрын
Абдан жонокойлугу жакты, адамдык сапаттарды акчадан дагы бийик коюп, оор кыйынчылыкдарды женип, умут узбой акырына чейин чыдап мына азыр эн сонун ийгиликтерди жаратып олтурат экен Сайпидин мырза. Мындай инсандар менен абдан сыймыктанам жана сизден дагы чоон мотивация ала алдым. Себеби чынында иштейин десен жакшы жумуш жок, Кыргызстанда айрыкча госжумуштар сокращение болуп жатат (озум Минфин КР иштегем, 2 дипломум бар) кичине бизнес ачсам, онуктуруу абдан кыйын барып эле акчага такалып калат экен. Ошого ар дайым Жаратман подкастын коруп умутумду жандырып турам. Чон алкыш сиздерге🙏
@zeus-1ooo
@zeus-1ooo 4 ай бұрын
Ааламга жол айылдан башталат! Сайпидин аке, Кыргызстанда жаны баштоолорунузга ийгилик, келечекте кыргызды жаны бир денгээлге чыгарыныз. Эл, мамлекет, денгээлин которуучу инсан кутуп жургону анык!
@MrZhyrgalbek
@MrZhyrgalbek 4 ай бұрын
Сайпидин жана SamExpress командасы - силер мыктысынар! МашаАллах.
@dairbekkimsanov3620
@dairbekkimsanov3620 3 ай бұрын
Мигранттын жашоосун мигранттар гана түшүнөт го дейм Кайда болсок аман эсен өз элибизге кайтууну насип кылсын 🤲🏻 өзүбүздүн мекенде жашап өзүбүздүн жерде гана жан берүүнү насип кылсын
@АзизаРусланбекова
@АзизаРусланбекова 3 ай бұрын
Жаратман подкаст эң сонун эфир экен! Мага абдан жакты. Ар бир чыгарылышта сөзсүз пайдалуу, керектүү, мыкты инсайттарды алабыз, бизге чоң мотивация берип, алдыга карай максатыбызга умтулдурат❤ Сайпидин байке ыймандуу, адамгерчидиктүү, жөнөкөй, адам экен. Аллахым баардык жакшы тилектерине жеткирсин! Ушундай патриот адамдар көп болсун! Ишиңиздерге ийгилик!!! Аллах ыраазы болсун!!!❤❤❤
@bakytusubaliev3062
@bakytusubaliev3062 4 ай бұрын
Ассаламу алейкум жаратман өтө жакшы подкаст.Сайпидин инибизге ийгилик, үй-бүлөсүнө бекем ыйман,тапканы берекелүү болуң.
@adiletsatkeyev9915
@adiletsatkeyev9915 4 ай бұрын
Ишенимди сактаганга аракет кылып, ийгилике жеткен Азаматтар!
@GulbidinTurdubaev
@GulbidinTurdubaev 3 ай бұрын
Сайпидин байке ото жакшы жетекчи, ар бир драйверге (шопурга)кылдаттык менен мамиле кылат! Ишинизге ийгилик! Уйбулонуз менен тынч болун💪👍
@kyrgyzkyrgyz5924
@kyrgyzkyrgyz5924 2 ай бұрын
Сайпидин мырза абдан кичипейил,жонокой ,акконул инсан экен.Аллах Таала берешен, чынчыл адамдарга ырыскыны эселеп берет.Ата-энене таазим.Сендей мекенчил,Эл учун кызмат кылган,элим жерим деген уулду тарбиялап остургонуно,.Ото сонун маектешуу болуптур.Айрыкча мага акчаны кайра тапса болот,бирок ишеним,намыс кетсе кайра кайтаруу ото кыйын деген созу жакты.Ищтерине ийгилик,Уй булоно бакыт,таалай,балдарындын омуру узун болсун!!Ар дайым Эл учун пайдалуу иштерди кылып журо бер....
@GulNazaralieva-ey5ty
@GulNazaralieva-ey5ty 3 ай бұрын
Сайпидин мырзага ишине ийгилик баракелде кудайым ыраазы болсун, жаратман корсотуусуно чоон рахмат ушундай инсандарды дагы коп чакыргыла ишинерге ийгилик
@budni_001
@budni_001 3 ай бұрын
Ушундай чыган байкелеребиз коп болсун,анын артынан силерден биз сабак алып жолунарды улайлы , буюрса Кыргызстандын келечеги чоон 🤲
@АйбийкеЖумабаева-т5д
@АйбийкеЖумабаева-т5д 3 ай бұрын
Сайпидин байкенин омур жолу аябай кызыктуу экен. Достукта эн биринчи Ишенич дегени таамай айтылды. Мен дагы ординатурамды Америкадан отосом деген максатым бар. Ишинизге ийгилик, оркундоп осо бериниз✊🫶. Жаратман -эн мыкты подкаст!!!
@gulumgulanabieva3821
@gulumgulanabieva3821 4 ай бұрын
Мен негизи ушундай тагдырдын татаал жолун коруп камчыланып кыйын кундорду коруп ийгилике жеткен адамдарды ушунчалык баалаймын ... Менда озумду бир кун ушундай бизнес леди болуп маек берип жатканымды элестете берем...же бала мн уйдо олтурганда ушундайлар козуно башкача корунуп журогундон башкача жай алабы замандан артта калып кеичудой сезе берем бирок энелердин ээн чон жумушу балдарга тактыктуу тарбия беруу Ишинизге ийгилик. Аман болунуз 14 жыл жашап журсонузда кыргыз жыттанып кыргыз бойдон калыпсыз.. Алып баруучуда соонун иш алып барасыз Суроолорунузда маанилуу маныздуу. Ийгилик баарынарга Аллахым эки дуйно бактылуулугун берсин. Дуйнодо тынчтык болсун
@ГулгаакыСуйуналиева
@ГулгаакыСуйуналиева 3 ай бұрын
Азаматсын Сайпидин! Сиздей жаратмандар көбөйсун! Урмат сизге дагы ийгилик,ушундай сонун Жаратманлэндиянын инсандардын чакырган үчүн!!!!!
@АйбарчаСатыбекова-у1ж
@АйбарчаСатыбекова-у1ж 2 ай бұрын
Кыргыз бардык кыйынчылка.чыдамкай келет, ишиң илгерилей берсин.бири бириңерди таштабагыла,башка элде бирдиктүү болгула.
@topleader01
@topleader01 3 ай бұрын
Баардык ишибиз ниетке жараша Кыргыздардын баардыгы болуп кетишсинчи🤲🏻
@РусланРахымбердиев-ь7м
@РусланРахымбердиев-ь7м 4 ай бұрын
Көрүп кубанасынго мекендешибизге!!! Алга,алга, алга, Кыргыз элим.
@TynybekovaAizhamal
@TynybekovaAizhamal 3 ай бұрын
Бул жашоодо таза жолду танда , Мүмкүнчүлүк келет ар бир жанга, Өзүм дебей бир өмүрдө күйүп, Эмгегиңди элиң үчүн арна . Деп Акбар Кубанычбеков жазып кеткендей эмгегиңиз кыргызстанда өркүндөй берсин .
@МээримАкунова-у3ь
@МээримАкунова-у3ь 4 ай бұрын
Жаратман подкасты өтө маңыздуу жана кадимки булактын көзүн ачкандай таасир калтыра турган көрсөтүүлөрдү сунуштап жатасыздар. Дайыма ар бир жаңы чыгарылышты күтүп көрүп жатабыз. Чындыгында 400 адамды жумуш менен камсыз кылуу бул жакта калсын жалгыз кара жанын же үй бүлөсүн бага албаган жарандарды көрүп жаткан коомдо жүргөн биз үчүн өтө чоң секирик,чакырык болду дал ушул подкаст. Аккан арыктан суу агат дегендей дагы деле кыргыздын тамырында кайнап турган кызыл каны үстөмдүк кылып, намыс үчүн жанталашып эл алдында, жанын үрөп эмгектенүү сезими жашаган жаштардын бар экендиги абдан кубандырат. Демек , саамалык боло турган агасы бар кыргыз уландардын келечегинин бүлбүлдөгөн шооласы дагы деле өчпөй андан ары улантып кетиши дал ушундай жаратман жигиттердин бар экендиги менен байланышкан!!! Алга кыргызымдын жаштары!!! Анан да айта кетүүчү нерсе ата энесинин колдоосу бала үчүн чоң сүрөөн экенин баса белгиледи. Баламдын бардык баштоолорун колдоого үндөп кеткенин таң калып кабыл алдым. Бизде бир жолу жаңылса болду деп чоң мөөр басылып колунан эч нерсе келбейт деп коё калмай адатыбыз бар экендигинин үстүндө иштөө чечимин кабыл алдым 🎉
@Sagynbek81
@Sagynbek81 4 ай бұрын
Сайпидин Мирлан кыйын жигиттер экенсиздер, чың денсоолук узун өмүр каалайм! Кыргызстан үчүн күйүп атканыңар көрүнүп турат. Бизнесиңер өнүгүп өсө берсин 🤲🤲🤲🤲чын жүрөктөн 🫀🫀🫀🫀
@АлмабубуМоби
@АлмабубуМоби 3 ай бұрын
Эн негизи окуш керек дегенин мага абдан жакты.Акчага кызыкпай билимди унутпаганын.Биз дагы кыйналганыбызга карабай балабызды чет олкодо окутуп келебиз.Ушунчалык басып откон жолунду угуп,акыры жеткен мээнетине сен татыктуу жигит болупсун деген чечим кабыл алдым.Соз жок,,😊❤
@aliyakubanychbekova9729
@aliyakubanychbekova9729 3 ай бұрын
Посмотрела подкаст от начала до конца,получила очень нужную и полезную информацию об Америке. Собираемся через год в Америку по гринкарте,думали открыть какой-нибудь бизнес там,и судя по тому как гость рассказал о своих фейлах,и фейлах других,сделали выводы и начали думать и планировать другое😁 спасибо большое! процветания бизнесу sam express и моему любимому подкасту Жаратман!🎉
@АйданаШерматова-п4ы
@АйданаШерматова-п4ы 3 ай бұрын
Бул интервьюну корупатып мага Салам Нью-Йорк тасмасы эсиме тушуп олтурат. Адамдын башына эмнелер кана келип кетпейт,эмнелер кана болбойт ,сиз озунуздун аракетиниз менен ушунча ийгилике жетишип олтурасыз АЗАМАТСЫЗ✊🏻Канчалаган кыргызды жумуш орду мен камсыздаптырсыз.Жаратман подкастынын ар бир чыгарылышын чыдамсыздык мн кутуп коромун.Мен да буйруса бир кыргыздын керегине жараган кыздардан болуп.Ушул жерде озумдун башымдан откоргон, ийгилике жеткен жолумду айтып отурсам деп озумо максат койдум! Кудайым ошол кундорго жеткирсин.
@sapariskenderov8639
@sapariskenderov8639 4 ай бұрын
Азаматсың, Сайпидин мырза, иштериң иргерилей берсин, Америкада жашаган миллиардер бол Кыргызстандан чыккан ,✊
@АбдимиталипАбласанов
@АбдимиталипАбласанов 3 ай бұрын
Жаратмандын жарыясы жайылсын, Кыргызстандын соцонуугусуно чоң салым кошууну тилеп кетемин.
@adjanii
@adjanii 3 ай бұрын
не могу не согласиться с автором в том, что наличие образования имеет огромное значение в последующей жизни человека во всех сферах. как во взаимоотношении с коллегами по работе/бизнесу, так и в личной жизни. по человеку легко определить, отучился он или нет, это видно по манерам. к сожалению, многие бросают учебу спустя год-два. благодарность ведущему и гостю за такой чудесный подкаст! за то, что раскрываете глаза людям, ведь у многих до сих "розовые очки" относительно Америки. слишком распиарена она, реальность далеко не сладкая.
@АлинаЮсупова-и2й
@АлинаЮсупова-и2й 4 ай бұрын
Сайпидин мырза чыныгы жаратман мырза экен,абдан мыкты подкаст болуптур,силердей жаратмандар менен сыймыктанабыз,менин уулум да силердей кыргызымдын чыныгы жаратман мырзасы болуусун жаратканым насип кылсын деп тилеймин,чон рахмат ,ийгилик каалайбыз.
@TynybekovaAizhamal
@TynybekovaAizhamal 3 ай бұрын
Саламатсыздарбы Сайпидин байкебизге ийгиликтерди каалайбыз . Кыргызстанга дагыда болсо чоң бизнес ачып , ийгиликтерди жарата бериңиз . Жаратман подкас га дагы ийгиликтерди каалайбыз . Чет мамлекетте иштеп жүргөн мекендештерге дагы ден соолук жана ийгилик каалайбыз . Кыргызстанга аман - эсен кайтыңыздар . ❤❤🎉🎉
@СаматАсанбаев-у5ш
@СаматАсанбаев-у5ш 3 ай бұрын
Сайпидин иним жарайсын , Жаратканыбыз колдосун
@НурсултанЖамакеев-ж4ш
@НурсултанЖамакеев-ж4ш 4 ай бұрын
"Жоктон барды жараткан - Жаратман" демекчимин! Сайпидин мырза менен аябай мыкты баарлашуу болуптур! Чыныгы Жаратман экени корунуп турат. "Адамдын эн кыйыны- күн сайын адам болуу"- деген соз чыныгы сизге тийешелүү экен. Канча кыйналып турсаныз дагы адамдык касиетинизди жоготпой, адамгерчиликтүү кадамдарга барганыңыз жакты! Кудайым тилегинизди берсин! 40 жашка чыгып Мекенибизге кайтып келип, жакшы бир Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошооруңузга тилектешмин!
@AiZh-xf2lz
@AiZh-xf2lz 3 ай бұрын
Молодец!Ийгилик каалаймын.Мага эн жаккан жери подкастта бул баланын иниси жакты акча деп бербей озум уй булоом десе болмок.Жок бирок байкесине ишенип акчанын козун карабай ищи кылып таазим кыламын, ошондой кишилерге.Мен да 14 жашымда озум кеткемин РФ ге.Азыр 35 тен аштым иштедим кыйын кундор коп отту 3 бала тороп бактым бизнестерди ачтым банкрот болгом менин да эжем келип каанча жылдап иштеген акчаларын мага берген,эжеме да таазим этемин,дайыма журогумдо ❤колуман келсе коколотот элем эжеми.Телефону жок азыр ,видео жонотсом коро албайт байкушум ,ачпай атат обновите деп атат деп.суротуну жонотуп койчу сени корсом болду айтып эле бер дейт видеодо эмне бар деп😅.айфон утсам эжеме берер элем.Эжеме утсам айфон озум байып ошол айфонду эмки жылы башка бироого белек кыламын🙏Анан бизде аялын уруп бетин сыйрып кулагын жулган эмес ушундай аялымын номерин алып койдум деп кыжаалат болуп аялдарынан до слез уялган эркектер коп болсун 🙏Ар бир адам тилегине жетсин🤲🏻
@bekturahatjanovich5977
@bekturahatjanovich5977 4 ай бұрын
Сайпидинди мен лично тааныйм(Manas Expresste трагын айдап иштеп калганмын)Адамгерчиликтуу, жаман оюу жок, колдон келген жардамын аябаган жакшы жигит. Ишинерге, компаниянарга мындан ары осуп онугушуно тилектешмин! 👍🏻
@Gelwa-z4n
@Gelwa-z4n 3 ай бұрын
Менинмче Сайпидин ага Америка жонундо абдан жакшы Жана пайдалуу маек куруп берди. Мен абдан канаттандым
@zhazgulnurdinova574
@zhazgulnurdinova574 3 ай бұрын
МашАллах, ар бир сөзүндө Кудайга шүгүр келтирип жатты. Аллахым мындан ары да иштериңиздерге чоң ийгиликтерди насип этсин 🤲🏻
@adiletakynaliuulu8035
@adiletakynaliuulu8035 4 ай бұрын
Соонун чыгарылыш болуптур. Ак сеек болуп унчукпай четте карап тургандын ордуна, Озунун жашоонон алган тажрыйбасыны ачык белушуптур. Бир адам кудук казса мин адам суу ичет дегендей, элдин кызматын аркалай бериниз!!!
@agachannel1
@agachannel1 4 ай бұрын
Сайпидин, Мирлан адамгерчиликтуу, ыймандуу мыкты жигиттер. Ишинерге ийгилик.
@БурулЖумабаева-я1ц
@БурулЖумабаева-я1ц 3 ай бұрын
Кудайым озу колдосун , жолунар ачык болсун , оомат берсин 🤲🤲🤲
@DanaAtakulova
@DanaAtakulova 4 ай бұрын
Азаматсын,У.Салиеванын бутуруучулору ушундай азаматтар.Силер менен сыймыктанабыз.
@muratmanasov8135
@muratmanasov8135 3 ай бұрын
Ишкерлерге эркиндик берсек, бизде да ушундай ишкер адамдар кобоймок.!
@КаринеБечелова-ч6р
@КаринеБечелова-ч6р 4 ай бұрын
Кутман кун мен Мурда музыка уксам азыр ушундай подскаттарды угуп адамдардын кандай экенин ички туюмдарын угуп озумо жакшы жагын жугузуп алганга уйрондум,Айылга жол ааламдан башталат мыкты экенсиз ишиниз илгери болсун ар Бир адамдын Иши журушуп Жаратмандык кылып Эл сыймыгы болушуна тилектешмин 🎉🎉🎉🎉
@aijanaturgenbaeva7736
@aijanaturgenbaeva7736 3 ай бұрын
Сайпидин мырза аябагандай жонокой адам экен. Ишинизге ийгилик, жана дагы ото коп кызыктуу башыныздан откоргон окуяларды айтып бердиниз. Ыраазычылык билдиребиз. Айта кетчу нерсе конкурска коюлган белектердин баасынан дагы баалу подкаст болду❤
@zarinakmc
@zarinakmc 4 ай бұрын
Рахмат Жаратманга, рахмат Кыргызстанды өнүктүрүп жаткан адамдарга🫰🏻🥰 ушундай сонун адамдар менен замандаш болгонума сүйүнүп турам🤗
@shamil4196
@shamil4196 2 ай бұрын
Кыргыз элинин келечеги кенен кудайым буюрса ушундай кызгыздын жигиттери турганда онугуп особуз. Бекем денсоолук ишинерге ийгилик. Жаратман подкаст ишинерге ийгилик жаштарга жакшы мотивация берипатасынар.
@КалбубуОколоева
@КалбубуОколоева 3 ай бұрын
Сайпидин,саламатсызбы,абдан жакшы,жалпак тил менен,журокко жетчуу малымат,тажриба менен болуштунуз. Сизден жана сиздин жубайыныздан,бир тууганыныздардан,ата - эненизден Аллахым ыразы болсун, сизди кыйын акыбалда сизге жолок болуп,сиз менен тен которушуп сиздин оор мушкул убагынызды,таазим этем. Сиздин балдарыныздар буйруса силердей ата эненин тарбиясын коргон,ыймандуу,келечекте элге,журтка керектуу , айланасындарга жакшы таасир эткендерден болот деп ишенем,сиздин турмуш жолунузду уккандан кийин. Эн негизи сиз айткандай билимдуу адам эч жаман болбойт,озун дагы жоготпойт,ар кандай акыбалда. Аман болунуздар,ойлогон тилектериниз ишке ашсын. Чон рахмат. Озгочо рахмат алып баручуга,ушундай биздин балдардын,мигранттардын турмушун эфирге алып чыкканынызга,анткени азыр коп жаштар чет мамлекетке баргысы келет, бул маекти уккандан кийин,балким 7 олчоп бир кесер.
@syrgastalbekova5248
@syrgastalbekova5248 3 ай бұрын
Ассаляму Алейкум! Мен бул поткасты көрүп жатып. Жакшы адамдар күн сыяктуу Жарыгын унчукпастан чача берет-деген созго ишендим. Канчалык илимдүү билимдүү адам экениниз көрүнүп турат. Жүрөк таза болгондо гана тилден кооз сөз чыгат" дейт. Сөз - адамдын адамкерчилиги менен паам парасатынын күзгүсү. Сөз -жандын азыгы. Тилибиз ушундай жакшы сөздөрдү айтуудан кургабасын деп тилейбиз. Аллах оозубузга тек гана жакшы сөз салсын. Ишинизге ийгилик дагы да коптогон ийгиликтерди жарата бериниз. Мен эки бала менен уйдо олтурган декреттеги келинмин сиздин сөздөрүңүздү угуп абдан таасирлендим. Менин баламда сиздей мыкты инсан болсун! Биздин кичинекей жаш үй-бүлөөбүзго сиздин белек буйрусун!.😊
@ObitoUchiha-m4i
@ObitoUchiha-m4i 3 ай бұрын
Билим жана илим алуунун коп жолу эскерткени жакты. Диспетчерлерден тышкары, КРда туруп Америкалыктар менен иштешип, ошол жактагы айлыктарды тапкан гид-котормочу уул-кыздарыбыз бар. Алар Америкалыктарды КР боюнча кыдыртып, ички экономикабызга сонун пайда алып келишет. Азыркы кылымда билимин жана таланттарын озу жашап жаткан мезгилдин жана жердин муктаждыктарына жумшап, коомго пайда алып келсе, ал киши эч качан кем болбойт, туугандар. Сайпидин акенин жашоо таржымалы биз учун мыкты мисал. Инсан финансалык стабилдуулукко жана орто-чон ийгиликтерге жетуусуно убакыт, сабр жана эн маанилуусу “ишеним” коп керектигин дагы бир жолу эстейлик. Бул подкасттын мейманына ачык-айрым, толук болушуп суйлоп бергенине чон ыраазычылык!
@Suerkul
@Suerkul 4 ай бұрын
Азаматсын Сайпидин!!! Ардайым Аллаа колдосун жана Уй-булоон менен эки дуйно бактылуулукту насип кылсын!!! Сендей Жигит менен сыймыктанабыз!!!🎉🎉🎉
@User1848-u8e
@User1848-u8e 2 ай бұрын
Алла разы болсын ❤✌️👍 Лекцияңыз от 🔥🔥🔥👍 Мән мағынаға толы лекция болды👍😊
ДЕНЬ УЧИТЕЛЯ В ШКОЛЕ
01:00
SIDELNIKOVVV
Рет қаралды 3,8 МЛН
小路飞嫁祸姐姐搞破坏 #路飞#海贼王
00:45
路飞与唐舞桐
Рет қаралды 28 МЛН
СГЛАЗ | PodCast НА РАХАТЕ #25
1:29:52
DARULFIKR
Рет қаралды 15 М.
ДЕНЬ УЧИТЕЛЯ В ШКОЛЕ
01:00
SIDELNIKOVVV
Рет қаралды 3,8 МЛН