Рет қаралды 1,146,234
Менден улуу агам Медет үйлөнүп, ага өзүнө окшогон токтоо, чырайлуу кыз жубай болду. Мына ошондо кызыктын баары башталды. Акыл калчап иш кылган акылман апам күндөн күнгө өзгөрүп эле барат. Байкуш жеӊемдин кылган ишинен кыйкым таап, качан болсо арызданганы арызданган. «Же үйдү таза кармабайт. Кыйратып тамак жасаса бир жөн. Ушул бучук мурундун кайсы жерин жактырды уулум? Башын айлантып эле тийип алды. Ушундай болорун башында эле сезгем...» деп куру доомат артканын койбойт.