Рет қаралды 71,414
Ассалому алейкум, урматтуу биздин көрүүчүлөр! Бүгүн бизде конокто ырчы, жеке ишкер, алып баруучу, актриса, мотиватор, «Бактылуу Айым» реалити көрсөтүүсүнүн автору, «Адилет» телесериалынын продюсери, «Лика» косметика жана атырлар брендинин, сулуулук салонунун негиздөөчүсү. «САДАКАДА БИРГЕ» кыймылын жүргүзүп, мүмкүнчүлүгү чектелген наристелерге 15 жылдан бери жардам берип келе жаткан Анжелика Кайратова.
Бүгүнкү чыгарылышта Анжелика айым, өзүнүн жол кырсыгына учурап, жерде жаткан кезде көз алдынан өткөн өмүрү, эмне үчүн "Ислам" дини, жоолук салынган кездеги жакындарынан келген сыноолор, хейтке кабылганы туурасында баяндап берди.
Анжелика айым менен "аялдарга жасалып жаткан кордук жана зордук", "эне менен кыздын ортосундагы бузулган мамиле", "Аллах Таала менен болгон мамиле", "дубалардын кабыл болушу", "коомчулуктун жоолук салынган айымдарга карата көз карашы", "аял жана ишкердик", туурасында кеп кылдык.
Сиздерге бул тасма жагарына ишенебиз, андыктан пикириңизди жазып, башкалар менен бөлүшүп коюңуз.
Подкасттын башкы өнөктөшү, Нурзаман курулуш компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз!
@nurzaman_bishkek
Даамдуу достор: @dodopizzakg
Локация: @dogtas.kg