Рет қаралды 4,520
2022-жылдын 13-июнда Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын катчылыгынын начальниги, милициянын полковниги Дооронов Бекмурза Калмаматович жана Ош ОИИБдин финансы-чарбалык бөлүмүнүн начальниги Джеенбаев Анатолий Сатыбалдиевичтерди ардактуу эс алууга узатышты.
Милициянын полковниги Бекмурза Дооронов Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында жеңилдетилген эсеп менен жалпы 38 жыл 9 ай эмгектенген. Ал эми милициянын полковниги Анатолий Джеенбаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында жеңилдетилген эсеп менен жалпы 41 жыл 1 ай эмгектенген.
Ардактуу эс алууга жөнөтүү аземи Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын аянтында өздүк курамдын катышуусу менен салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Иш чаранын аягында жаш кызматкерлер менен ардактуу эс алууга узатылып жаткан кызматкерлер эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.