Рет қаралды 106,569
#ЫдырысИсаков, #Алай, #Гүлчө
Көп учурда роликти тартып жаткан учурда ар кандай сөздөргө, окуяларга алаксып ойду жыйнай албай калмайым бар. Бул жолу Алай районунун борбору Гүлчө айылына бардым. Гүлчөнүн тирилигин чала-бучук тарттым.
Дарыянын боюнда жайгашкан Гүлчөдө таза суу тартыш экен. Архитектуралык максаттуулук деген түшүнүк Гүлчөдө такыр жок. Тротуарларды милицияканасы баш болуп тосуп алган. Жол боюндагы столбалардын баары жол четиндеги үйлөрдүн короосуна кирип алгандай.
Аким бош имарат жок дейт. Ошол эле учурда каралбай аңгырап бош турган имаратты кадам сайын кезиктирип аттым.
Гүлчөдөгү көп кабаттуу үйлөрдүн эч биринде канализация жок. Андагы жашоочулар айласыздан короого өз башынча даратканаларды куруп алышкан. Айрымдары балдар ойной турган аянттарды өз башынча ээлеп отурушат.
Ошол эле учурда Сарыбашевдин атасынан калган үйү Гүлчөдөгу алдыңкы хансарайлардын бири экенин көрдүм. Садыр Жапаров жиберген Акими менен маектештим. Анын баарын эртең ушул эле ютуб каналга жарыялаймын.
Каналга катталып, акмалап туруңуздар. Аймактагы көйгөйлөрдү, андагы жетекчилердин көзү артында экенин алымдын жетишинче айтып, көрсөтүп бергенге тырышып келатам. Бар болуңуздар.