Жаркылдагым - Сыймык Бейшекеев жаңы ыр 2024

  Рет қаралды 136,420

Сыймык Бейшекеев

Сыймык Бейшекеев

Күн бұрын

#жаркылдагым #сыймыкбейшекеев #жаныыр #2024 #кыргызчаырлар #сыймыкырлары #ыр2024 #бейшекеевырлар
Сөзү: Сыймык Бейшекеев & Назима Алмазбекова
Обону: Сыймык Бейшекеев
Сен, баш ийбес сезимди багындырып,
Сен, жолоочу кылдың жолго камындырып.
Сен, буйруксуз арзуу экенин билип туруп,
Сен, койдуңбу карааныңа кагылдырып?!
Анда неге, бир көрүнүп таптырбадың?
А балким сен мени чындап жактырбадың.
Карааның таппасам да, кабарың айтпасаң да,
Мен сени издеп жүрөм асылзатым.
Дайының таппасам да,
Дарегиң жазбасаң да, мен сени издеп жүрөм жаным.
Сен, узаган жаштыгымды чагылдырып,
Сен, арзуудан асыл тумар тагындырып.
Сен, сүйүүмдүн тунуктугун сезип туруп,
Сен, келбедиң кезигүүгө сагындырып.
Айтчы анда, кандай айла таптырасың?
Эмне кылсам сен да мени жактырасың?
Өзүмдү сүйбөсөң да,
Өрт болуп күйбөсөң да,
Мен сени күтө берем жаным, жаным.
Өмүрдө таппасам да,
Өзүңө жакпасам да,
Мен сени сүйө берем жаркылдагым.
Мен, ой менен учам сага жиреп булут,
Мен, жашаймын элесиңди тирек кылып.
Мен, сезимге сүрөтүңдү катып жүрөм,
Мен, бир жолу жолугам деп тилек кылып.
Анда неге, ак шуруңду калтырасың,
А балким сен ичтен сызып жактырасың.
Үй-бүлөң буза албай,
Үмүтүң үзө албай,
Үндөбөй жүрөсүңбү жаным, жаным?!
Турмушуң коюп бийик,
Тагдырга башың ийип,
Таптырбай жүрөсүңбү, жан кымбатым.

Пікірлер: 172
@Myrzabek_music
@Myrzabek_music 2 ай бұрын
Кайра кайра угуп тойбогондор болсо лайк баскыла. Озумо окшогондор канча киши экенин билели🥰
@АсылбекСатыбеков-е2р
@АсылбекСатыбеков-е2р 2 ай бұрын
Сыймык, Бек десе элдер, булар каарыды деп журуптурмун. Корсо талант башка экенда. Сиздер Кыргыз элинин чыныгы таланттуу адамдарысыздар, тирүү леганда ушундай ырларды жаратыңыздар. 🔥🔥
@BNB91670
@BNB91670 2 ай бұрын
Ото сонун, жаркылдагыбызды таппай отот окшойбуз😢
@Mustafa-xj8fh
@Mustafa-xj8fh 2 ай бұрын
Сыймык Бейшекеев ырдайт! Ырда Сыймык ырда. Жылдыз өчүп калса дагы обон менен ыр өчпөйт! Ырда Сыймык ырда.
@FcgvhHgvhg
@FcgvhHgvhg Ай бұрын
Кайра кайра уксанделе тажаюайсьн Азаматсьн мошньй ьрлврдь таандапсьн бар .болгун суулуу .мьрза....
@ЭрмекБазарбаев
@ЭрмекБазарбаев 2 ай бұрын
Эх эх сонун ыр сыймык Алга адгы
@ЗамираАлииева
@ЗамираАлииева 2 ай бұрын
Соз жок ,мыкты Сыймык аба,коп коп жаны ырлардан чыгарып турунузчу❤❤❤🎉🎉🎉
@эля-в2з8н
@эля-в2з8н 2 ай бұрын
Сонун 👍Кайра Кайра уктум👏👏👏👏Сыймык байке дагы ырларды жарата бериниз
@zamirbek
@zamirbek 2 ай бұрын
Мааниси терен чыгарма болуптур🎉чыгармачылык эргүү сизге байкем🎉❤
@ГулбахираКазакова
@ГулбахираКазакова 2 ай бұрын
Кайра кайра кайталап уктум.Баракелде,жашоодо Жаркылдактар кооп болсун!
@FaridaImanalieva
@FaridaImanalieva 2 ай бұрын
Сонуун чыгармааа экен Алла жар болсун дайым Кудайым колдосууун
@ЧолпонКасмакунова
@ЧолпонКасмакунова 2 ай бұрын
Бараеклди сооооооонун.чыгарма.болуптур.Ар.бир.адамдын.жаркылдактары.аман.болсун.❤❤❤❤❤❤❤❤🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉
@kadukadu6786
@kadukadu6786 2 ай бұрын
Жаркылдактар жаркылдап ийсе жаман болуп калбайвы
@СалтанатИссакбаева
@СалтанатИссакбаева 2 ай бұрын
😊😊😊😊​@@kadukadu6786
@Давлет-ф7й
@Давлет-ф7й 2 ай бұрын
Биздин жаштыгыбыз Сыймык Бейшекеевдин ырлары менен жалындады. Кандай ыр болсо да жүрөгүбүзгө жакын👍
@asyazakirova4602
@asyazakirova4602 2 ай бұрын
Группалашым ар дайым бар болун! Чыгармачылык бийиктиктерди каалайм .
@ДженишканОмурова
@ДженишканОмурова 2 ай бұрын
Чынында биринчи лайк,анан ырды угам,Сыймыктын,ырлары,укканда жагымдуу, соонун Чыгармачылык ийгилик каалайм.
@НургульКамбаралиева-и5у
@НургульКамбаралиева-и5у 2 ай бұрын
Жаркылдагым❤️
@АйнагулМанасова-щ1п
@АйнагулМанасова-щ1п 2 ай бұрын
Баракелде, мыкты, ыр экен.👍👍👍👍👍👍🌹🌹🌹🌹🌹💯
@АйчурокАшираликызы
@АйчурокАшираликызы 2 ай бұрын
Мыкты ыр Назима Алмазбекова дагы коптогон ырларды чыгара бер.
@АзизоваГулжамал
@АзизоваГулжамал 2 ай бұрын
Сонун ыр экен. Чыгармачылык иийлик болсун. 🎉🎉
@Шарапат-р7е
@Шарапат-р7е 2 ай бұрын
Керемет,чыгармачылык ийгилик❤❤❤❤🎉🎉🎉🎉🎉
@aisuluumavlianova2304
@aisuluumavlianova2304 2 ай бұрын
Сонун, керемет чыгарма, ийгилик 🎉🎉🎉🎉
@dgumakanamadalieva6878
@dgumakanamadalieva6878 2 ай бұрын
Соонунго, Сыймык чыгармачылыка ийгиликтер болсун, Ден -соолук, Уй булолук бакыт болсун, дайыма жакшылыктар жандап журсун силерди...!
@anara05kg
@anara05kg 2 ай бұрын
Бул ырды угуп ыйладым😢
@politikkg3023
@politikkg3023 2 ай бұрын
Коп жашаныз Сыймык байке,каарыбаныз,Кыргыздын журогун уялап чыгармаларыныз мн мин жашаныз! Ырга соз жок,бар болунуз бийик болунуз!
@СабырбуНазаралиева
@СабырбуНазаралиева Ай бұрын
Сен- арзуудан асыл тумар тагындырып . Кандай сонун создор 👍
@aisuluumavlianova2304
@aisuluumavlianova2304 2 ай бұрын
Кайталап, кайра кайталап уккандар барбы , мага окшоп😊
@АТа-ц8ф
@АТа-ц8ф 2 ай бұрын
Жок
@АсельАбдуллаева-ш6п
@АсельАбдуллаева-ш6п 2 ай бұрын
Оа
@Adil004
@Adil004 2 ай бұрын
@@АТа-ц8ф😂😂😂
@daniiarermekbaev2489
@daniiarermekbaev2489 2 ай бұрын
Жаркылдака жолуккандар укса керек
@buuaidarasulkyzy6734
@buuaidarasulkyzy6734 2 ай бұрын
Ушул ыр мага жазылгангооо
@RahidaSubanalykyzy
@RahidaSubanalykyzy 2 ай бұрын
Менда кайра кайра угуп жатам Сыймык байкенин баардык ыры жагат
@АрстанбекТоктобаев
@АрстанбекТоктобаев 2 ай бұрын
Керемет ака🎉🎉🎉🎉🎉ташкындай берсин
@Nurkamilbazarbaev
@Nurkamilbazarbaev 2 ай бұрын
Ен мыкты ырчысыз Сыймык байке унунузго береке
@АидаКурбаналиева-ъ5ю
@АидаКурбаналиева-ъ5ю 2 ай бұрын
Керемет. Керемет Керемет
@RahatKanybek
@RahatKanybek 2 ай бұрын
Сонун ❤Кунт коюп уктум!👍👍
@CholponaiBusurmankulova
@CholponaiBusurmankulova 2 ай бұрын
Сонун👍👍ыр. Сиз мн сыймыктанабыз Сыймык ака👍👍
@kumarbekmaksutov7452
@kumarbekmaksutov7452 2 ай бұрын
Супер
@urmat_ks444
@urmat_ks444 2 ай бұрын
Мыкты🎉❤❤ көптөн бери жаны ыр күтүп жаткам
@nurgulisakova8557
@nurgulisakova8557 2 ай бұрын
Мыкты ырчысын Сыймык! Орчуй бер! 👍👍👍👏🏻👏🏻👏🏻
@АйнагулМанасова-щ1п
@АйнагулМанасова-щ1п 2 ай бұрын
Супер.👍💯
@raiisamomunova3400
@raiisamomunova3400 2 ай бұрын
Сыйык иним! Сонун керемет чыгарма болуптур!
@АйнагулМанасова-щ1п
@АйнагулМанасова-щ1п 2 ай бұрын
Таланттуулардын талантына,жашынын эмне тийешеси бар,тооба ырдай беришсин,таланттарына таазим. 👍👍👍💯
@ЫрысЭралиева
@ЫрысЭралиева 2 ай бұрын
Керемет обон! Бар болунуз!!!!
@ӨмүрбекАсранкулов
@ӨмүрбекАсранкулов 2 ай бұрын
Ар дайым ден соолукта болуңуз
@АйнагулДжаманкараевна
@АйнагулДжаманкараевна Ай бұрын
Буйруса Алла жар болуп ийгиликтерди багындырып келишсин❤
@АсираТашбаева
@АсираТашбаева 2 ай бұрын
👏👏👏👍👍👍ийгилик.
@МинаварМамаева
@МинаварМамаева 2 ай бұрын
Аябай сонун чыгарма Ийгилик
@anara05kg
@anara05kg 2 ай бұрын
Соонун чыгарма болуптур озгочо жана башкача 🥰
@АйнагулМанасова-щ1п
@АйнагулМанасова-щ1п 2 ай бұрын
Керемет ыр, таланттына таазим, унуно береке, супер.🌹🌹🌹🌹🌹🌹👍💯❤️
@zloy_polzovatel
@zloy_polzovatel 2 ай бұрын
Сыймык ар дайым бар бол!!!
@КурбаналыПолотов
@КурбаналыПолотов 2 ай бұрын
Азамат кыз Назима . Сыймык сыймыгыбыз
@БекжанТаалайбекуулу
@БекжанТаалайбекуулу 2 ай бұрын
Chygarmachylyk iygilik kaalaiym 🇰🇬
@ӨмүрбекАсранкулов
@ӨмүрбекАсранкулов 2 ай бұрын
Баракелде Сыймык
@УулканБактыбаева
@УулканБактыбаева 2 ай бұрын
Ийгиликтер болсун
@музыкатв-я4е
@музыкатв-я4е Ай бұрын
Абдан соонун журокко жете Турган ыр экен Сыймыктын ырларынын ббары мазмундуу уккулуктуу
@a.osmonkulov77
@a.osmonkulov77 2 ай бұрын
Эң мыкты чыгарма болуптур.
@user-ux7gf5ie9t
@user-ux7gf5ie9t Ай бұрын
Талантыңа таазим кылам айланайын иним! Аман бол айлананайын!
@АйнагулМанасова-щ1п
@АйнагулМанасова-щ1п 2 ай бұрын
Керемет.
@ArgenKosmosov
@ArgenKosmosov 2 ай бұрын
Дайымкыдай сонун👍👍👍👍
@ЭркинбекБагышбеков-о4ц
@ЭркинбекБагышбеков-о4ц 2 ай бұрын
Биринчи лайк анан ырын укмайго Сыймык акенин.❤
@Gulzat-hw5dx
@Gulzat-hw5dx 2 ай бұрын
Кайталап кайра кайра уккандар мен силер менен😍
@Akmaral1981
@Akmaral1981 Ай бұрын
Сонун текст! Жолугушат эми ал жерде башкалар! Эхххх!🥹
@АааЭэээ-б8б
@АааЭэээ-б8б 2 ай бұрын
Назима мыкты автор
@ИмамназарМааткаримов
@ИмамназарМааткаримов Ай бұрын
Азаматсын Сыймык жакшы ыр чыгарыпсын
@АйжанАркбайева
@АйжанАркбайева Ай бұрын
Хорошо песня
@Kani82876
@Kani82876 2 ай бұрын
❤❤❤ Керемет болуптур.
@ГулайБекмурзаева-л2у
@ГулайБекмурзаева-л2у 2 ай бұрын
Жакшы жазылган ырга , эн сонун обон жаралыптыр ,кайта кайта уктум, чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын ,ушундай сонун обондорду ,коп коп жазып,ыр дуйносуно жакын адамдардын журогунон орун алып , бул жашоодо ар дайым жаркылдап жайнап , дайыма ийгиликтерди жаратып ,бакубат турмушта бактылуу жаша Сыймык !!!
@АйнагулМанасова-щ1п
@АйнагулМанасова-щ1п 2 ай бұрын
Баракелде, Сыймык.
@АйнагулМанасова-щ1п
@АйнагулМанасова-щ1п 22 күн бұрын
Соз жок, керемет ун,азаматсын сонун ыр,обонуда керемет. 👍👍👍👍💯
@ЭркайымКочконбаева-с7ж
@ЭркайымКочконбаева-с7ж Ай бұрын
Жүз жолу кайталап уккан ырым❤
@ШиринОмургазиева-ч5у
@ШиринОмургазиева-ч5у 27 күн бұрын
Суйоомдо Сыймык авамды ❤❤❤❤❤уй булолук бактылуулук ,бактылуу болунуз ар дайым ,Аллахым колдоп журсун жаман коздон создон сактасын
@НасыйкатАлиева
@НасыйкатАлиева 2 ай бұрын
Ваай 🤩 соонун чыгарма болуптур, адаттагыдай эле. Мыктылардын, мыктысы 👍
@CholponaiBusurmankulova
@CholponaiBusurmankulova 2 ай бұрын
Кечээтен бери кайра кайра угуп атамгоо😍😍Жүрөгүмө жакын кабыл алып.
@АйнагулМанасова-щ1п
@АйнагулМанасова-щ1п Ай бұрын
Керемет ❤❤❤👍💯
@fermabubukydyrbaeva5361
@fermabubukydyrbaeva5361 2 ай бұрын
Соонун чыгарма Сыймык сен азаматсын бар бол ийгилик каалайм.❤
@FcgvhHgvhg
@FcgvhHgvhg 2 ай бұрын
Супер.сонун.ьр.болуп.чьгьптьр.Молодец
@TuratbekAlymkulov
@TuratbekAlymkulov 2 ай бұрын
Бар мен кайра кайра угуп жатам ото мыкты ыр экен сыймык бейшекейев тагам болотко
@АйымканБекмурзаева
@АйымканБекмурзаева 2 ай бұрын
Азамат мыкты керемет узаак узаак жаша
@ЖаркынСултангазиева
@ЖаркынСултангазиева 2 ай бұрын
Керемет чыгарма❤
@ЧынараНурбекова-о6в
@ЧынараНурбекова-о6в 2 ай бұрын
Мыкты чыгарма эмнегедир менин тагдырыма окшош
@МаксатТавалдиев-ъ5й
@МаксатТавалдиев-ъ5й Ай бұрын
Эн сонун 👍🏻👍🏻👍🏻
@SHAIYRBEK777
@SHAIYRBEK777 2 ай бұрын
Керемет!!! ❤❤❤
@НурзатКарабаева-р4л
@НурзатКарабаева-р4л 2 ай бұрын
Сыймык Бейшекеев Аллахым колдосун сизди Соонун чыгарма болуптур 👍
@ОктомАбдулаева
@ОктомАбдулаева 2 ай бұрын
Сыймык сени мен сыймыктанам 🌞🌞🌞💐💐💐
@eldarnazarkuluulu3670
@eldarnazarkuluulu3670 2 ай бұрын
❤❤❤❤❤❤❤ Соонун экен
@НургульАдамова-ф9л
@НургульАдамова-ф9л 2 ай бұрын
Сыймык азаматсыз ырлары сонун!!Бек байкеге окшоп кыздарга жакын эмес.уй булосун сыйлаган адам болсо керек
@ЫрысгульНуркулова
@ЫрысгульНуркулова 2 ай бұрын
Сонун чыгыптыр.
@FcgvhHgvhg
@FcgvhHgvhg 2 ай бұрын
🎉🎉🎉🎉
@ДиясМолдобеков-т8б
@ДиясМолдобеков-т8б 2 ай бұрын
Сергитетго❤️‍🔥
@ЖаннатАйдос66
@ЖаннатАйдос66 Ай бұрын
❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤сендей жигиттер омур бою жигит бойдон журот ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤жактырган менен айла жок биздин куракта❤❤❤🤲🤲🤲🤲🤲
@АйдынканОрозалиевна
@АйдынканОрозалиевна Ай бұрын
Зор
@Kyzburak-xm9mc
@Kyzburak-xm9mc 2 ай бұрын
Автор Назима Алмазбекова болсо керек👍👍Мыкты инсандардан сонун чыгарма болуптур.Кайра-кайра уга берчү
@Аллатоо
@Аллатоо 2 ай бұрын
Сыймык коп жаша омуруно береке 80ге чыккандада кемпирлерге арнап бир ыр чыгарып бир дун дечи
@culzabaabdukalil632
@culzabaabdukalil632 2 ай бұрын
👏👏👏👏👏👏👏
@ОморалиеваНазгул
@ОморалиеваНазгул Ай бұрын
❤❤❤❤Ардайым аман болунуз❤❤❤❤
@ГульмираСаидова-н4ц
@ГульмираСаидова-н4ц 2 ай бұрын
Молодец браво браво ❤❤
@igul.koshmanova
@igul.koshmanova 2 ай бұрын
Соонун уккан сайын уккун келет
@FcgvhHgvhg
@FcgvhHgvhg 2 ай бұрын
Баардьк ьрь озуно топ келет МашАлла
@КумарканИшеналиева
@КумарканИшеналиева 2 ай бұрын
Элдин уулу Сыймык сыймыктанчу эле жигитсиң! Дагы толтура ийгиликтер каалайм.
@АйнагулМанасова-щ1п
@АйнагулМанасова-щ1п 12 күн бұрын
👍👍👍👍👍👍👍👍💯
@Жазгул-б5ъ
@Жазгул-б5ъ 2 ай бұрын
👍🏻👍🏻👍🏻
@ЖаркынКасымбекова-е6щ
@ЖаркынКасымбекова-е6щ Ай бұрын
Жаркылдактардын азабын көп тартат окшойбуз 😂
@ШайырбуКоенова-и6в
@ШайырбуКоенова-и6в Ай бұрын
Айланып кетейин балдарым силерди Кудайым колдоп,эн алдынкы орундарды ээлеп Кыргызстандын данкын дуйно жузуно дунгурото бергиле,.
@janizarylbekova3144
@janizarylbekova3144 2 ай бұрын
Уга электе эле лайк басып анан уккандар❤😊
Сыймык Бейшекеев - 50 жаш  жаны ыр 2024
4:20
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 208 М.
Как подписать? 😂 #shorts
00:10
Денис Кукояка
Рет қаралды 7 МЛН
Expected Ending?
00:45
ISSEI / いっせい
Рет қаралды 11 МЛН
665...Тандалма чыгармалар
33:05
КАНЫБЕК ДАЙЫРБЕК УУЛУ
Рет қаралды 996 М.
А БАЛКИМ - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ \ Жаңы ыр 2024
3:37
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 466 М.
Бек Борбиев - Татынакайым
4:31
БЕК БОРБИЕВ
Рет қаралды 1,2 МЛН
НОСТАЛЬГИЯ - Сыймык Бейшекеев жаңыр 2024
3:30
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 38 М.
Көрүшпөй кантип өтөбүз - Сыймык Бейшекеев жаңы ыр 2023
3:47
Анвар Нургалиев   Клипы и песни часть 4
1:11:24