Рет қаралды 7,110
Бүгүн, 17-октябрда «Теңирчилик» дин борборунун мүчөлөрү: Анарбек Усупбаев (“Манас Ордо” коомунун төрагасы), Кубан Тезекбаев (“Теңирчилик” дин уюмунун төрагасы), Арсланбек Малиев (экс-депутат, экономика илимидеринин кандидаты), Мелис Арып (жазуучу, Теңирчилик дининин дүйнөлүк борборунун башкы катчысынын милдетин аткаруучу) журналисттерге маалымат жыйын өткөрүштү. Алар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешовдун кечээ (16-октябрда) парламентте калп айтып, президентти, депутаттарды, коомчулукту алдаганы үчүн кызматынан кетишин талап кылышты.
2017-жылы президенттик шайлоодо ат салышкан экс-депутат Арсланбек Малиев “Теңирчилик” диний уюмун каттоодон өткөрүүнү 2012-жылы эле, андагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Абдилатиф Жумабаевге арыз жазгандарын айтып, ал арыздын көчүрмөлөрүн көрсөттү. Ошондон бери каттоодон өткөрө албай келаткандарын баса белгиледи. Бул маселе боюнча президент Сооронбай Жээнбековго эки жолу кат менен кайрылып, жооп ала албагандарын айтып, “эмне президенттик аппарат “черная дырабы?” эмне үчүн жооп беришпейт?”, - деди.
Экс-депутат Арсланбек Малиевдин айткандарын толугу менен төмөндөгү видеотасмадан көрө аласыздар:
Эске сала кетсек, кечээ, 16-октябрда, парламентте депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашкан. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов катышып, өлкөдө каттоодон өтпөгөн 20 экстремисттик уюм табылганын, теңирчилер диний уюм катары каттоодон өтпөгөнүн айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg