Рет қаралды 8,776
Ар бир улуттун жашоо, жаратылыш, мүнөзүнө, дүйнө таанымына,рухий байлыгына жараша элдик кол өнөрчүлүк да ар түрдүү болот. Мына ушундай кол өнөрчүлүктө улуттук колоритти жаратып, учур талабына жараша эл аралык деңгээлде өркүндөткөн Ош облусунун Алай районунун кол өнөрчүлөрү бар."Узчулук деле укумдан-тукумга, кандан-канга өткөн өнөр болушу керек, кол өнөрчүлүктүн түрүн кийинки муунга үйрөтүүнү максат кылганбыз” дешет кол өнөрчүлөр. Көп кырдуу талант ээлери, колунан көөрү төгүлгөн уз чебер, өнөрпоздордун эмгеги, кол өнөрчүлуктун сырлары бүгүнкү “Чыгыш берметтери” көрсөтүүсүнүн чыгарылышында.