"Балалыктын элеси" Көңүл бийлеп тиктеп калсам көзүңдү, Көрдүм андан көзүң толо өзүмдү. Сен кайтаарда булак суусун чакалап, Мен алдыңдан тосуп чыкчу кезимди. Желпилдеген жоолугуңду бир байлам, Кыз кезиңди кызыл тазыл кир жайган. Мышыгыңды терезеңден ай кетпеген, Апакеңди ак чач болуп улгайган. Көрдүм төрдү кулундары байланган, Ак булуттар акмалашып айланган. Сүткананын сүттөй аппак дубалын, Кишилерди кийимдери майланган. Кармайбыз деп чаарчыгын эликтин, Колу сынып жаткан күнү Тейиттин. Түнү бою от жылтылдап чыкканын, Арасынан маңдайдагы бейиттин. Күмүш жапкан көк шумкардын оймосун, Көөдөй кара чайнектердин чоргосун. Улар этин чайнап жатсак ай күтүрөп, Тишке урунган мерген аткан ай коргошун. Окуу жайга өткөнүндө сөз айтып, Сен ошондо убадаңды бош айтып. Сүт ташыган машинанын эй үстүндө, Кеткен күндү балалыкка кош айтып.
@chyngyz_suiunbek4 жыл бұрын
Биз бой тиреп 8-9-класс болуп калганда ушул ырды Аскат байке ырдап чыкты. Ошол күндөн тарта дос балдар чогулган жерде ушул ырды созуп калабыз. Бул ырды укканда биздин окуучулук күндөр эске тартылат. Азыр андан бери 8 жылга жакын убакыт өтүп кетти. Туш тарапка тарадык.
@user-xb8oo5xf8w3 жыл бұрын
Ырдын сөзү , обону, аткаруучусу шайкеш келиптир. Клип нак айыл турмушун реалдуу бере алган. Эс аласың. Эскини эске саласың. Чыныгы искусствонун бир үзүмү. Азаматтар.
@user-gf9qg1mw8h3 жыл бұрын
менин балалынымды эстети го,мен да айылдан биринчи жолу окууга барганда😊😁сут ташыган машинанын устундо кеткен элем.
@user-ec8hd7ex9f Жыл бұрын
Кайран Калмурат... укмуш обон жаратыптырсың
@user-zk8ck6tp4q4 жыл бұрын
Унунуз керемет, ийгиликтерди каалайм!!!
@aikoasylbekova3 жыл бұрын
Айылдан коп уккам ,Аскат байке ийгилик даагы соонун ырларды ырдап,элдин уулу болуп журо бериниз.
@user-wq6ls7rg5d3 жыл бұрын
Созун кайдан тапсак болот???? .абдан жакшы ырдаптырсыз👍👍👍👍
@jyldyzsatylganova27654 жыл бұрын
Созу: Жолон Мамытов Обону: Калмурат Рыскуловго таандык балалыкты эске салган озгочо чыгарма.
@ALAASKAPRODUCTION4 жыл бұрын
*Азаматсын Аскат. Ырдын мааниси козго жаш тегерентет балалыкты эстетип( клип жетпей калыптыр манызына*
@user-sg7gy7vu3q4 жыл бұрын
Унунузго береке🤗
@user-ou6to6nc6d4 жыл бұрын
Соонун тартылган азаматсын ийгилик каалайм.
@user-qj1vs2yu4d2 жыл бұрын
Ото сонун ыр. Ото сонун ырдын мааниси
@user-kh7dx6zj5b2 жыл бұрын
Унунузго береке 👍👍👍👍👍✊✊❤️❤️❤️❤️🌸🌸🌸
@user-lq8dl6lf7g4 жыл бұрын
😍😍 супер
@KudashJanubaev4 ай бұрын
Эээн соонун тамаша.керемет азил.
@kulycn0.7-si1cm Жыл бұрын
2023 жылы угуп жаткандар барбы
@tonistark6768 Жыл бұрын
Аскат байке "Махабатым" деген клиптеги орус кыз кайда?? 😅 абдан сулуу кыз эле