"Унутпадым" Аралап шаар ичин басып жүргөн, Андагы ак буурул түн эсиңдеби? Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан, Оттору Фрунзенин кечиндеги. Убакыт суудай акты унутпадым, Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү. Ал түнү айта бердим жетине албай, Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди. Үн катпай мени тиктейт бак дарактар, Жүрөктө сагынчыма карашкансып. Негедир канаттуулар учуп өтсө, Сезилет сени көздөй бараткансып. Эстеймин элесиңди көзүм талбай, Азыр мен амалым жок алыс жакта... Түшүмдө түндө сени жолуктурам, Ыракмат миң мертебе тагдырыма, Ыракмат миң мертебе махабатка...
@jakshybekshadykanov58432 жыл бұрын
Мен биринчи лайк базтым ❤ магада базып койунузтар 😍❤
@АйтунукИбрайимова Жыл бұрын
Аскат байке! Спасибо большое за прекрасную интерпретацию этой старой песни. Из всех версий слушаю только вашу. У нас мало певцов с голосом и сердцем, Я рада, что вы радуете нас своим талантом
@АйтунукИбрайимова Жыл бұрын
Сколько бы я не слушала эту версию песни, голос Аската Мусабекова больше всего передаёт эмоции этой песни, без него эта версия песни не была бы доя меня достаточно интересной,это талант - достучаться мвоим голосом до слушателя
@ТамараНаматбекова2 жыл бұрын
Сонун ыр,соонун ырдагансыңар!Азаматсыңар!
@ГулайОвоввуап2 жыл бұрын
Талантын менен орго чаба Бер Нарындын жигити!
@БубузияШайжигитова2 жыл бұрын
Сонун ырдашыптыр
@КандайсынАйнураАбдулина Жыл бұрын
😊😊 Кызым
@БурулушРысалиева-р1к2 жыл бұрын
Ыр жакшы ыр ,жакшы ырдашыптыр .
@zari36062 жыл бұрын
Керемет ыр, уккулуктуу үн, соонун ырдапсыңар, азаматтар, бар болгула.