"Суранам кетпесеңиз" с. Абдрашит Урбаев о. Эгемберди Талипов Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук этнографиялык ансамблинин коштоосунда.
Пікірлер: 188
@jamaleshbaeva3836 Жыл бұрын
Негедир ушул кызды көрсөм маанайым көтөрүлөт. Булбулдай үнү, өзүн алып жүрүү манерасы, адеби менен кийген кийимдери, орду менен сүйлөгөн сөздөрү менен арбап алдың сиңдим. Бактылуу бол алганың менен
@user-mk1te4lx1h Жыл бұрын
Унунузго
@user-ro5dy9rw8x4 ай бұрын
Рахмет тамаша 😢❤
@user-vt7ee3ul5i4 ай бұрын
Кыргыз бауырлар га мын алгыс!!!Андерин ушин сулу келбеттерин ушин,Миргулдеи кыздарын бар ушип!!!❤❤❤❤
@shakenchokurova52418 ай бұрын
БАКТЫЛУУ БОЛ КЫЗЫМ!Алганын менен Тен карылыкка жеткиле!Ат-Башынын кереметтуу тоолору,суулары колдосун силерди!❤
@user-lj9su2jt1l4 ай бұрын
Миргул кызыма ак батамды берейин, ар дайм бийиктикте жур балам, бактылуу болуп элине эмгегин синген ак пейилду талантын оргуштоп тогулгон кыздардан бол. Ошону менен бирге уй булон ата энен бир туугандарын менен бирге бактылуу болуп ар дайым Эл журтундун ак батасын алып жур. Бар бол, омурлуу бол.
@user-mh3zt6oo1t4 ай бұрын
Миргулдун уну мага аябай жагат озу дагы сулуу Кудайым бардык жактан берген экен кана эле кыргыз кыздары ушундай болсо тик токто отуруп уят создорду суйлоп отурушат😢
@nazik.o1 Жыл бұрын
Суранам, кетпесеңиз, ичим тыз-тыз, Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз. Суранам, өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. [Кайырма:] Жүрөгүм, ичим тыз-тыз, Сезимди ойготтуңуз. Суранам, өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Сүйлөңүз, ширин экен сөздөрүңүз, Тиктеңиз, назик экен көздөрүңүз. Суктанып жүзүңүзгө тигилейин, Айтылсын жүрөктөгү, Айтылсын жүрөктөгү сөздөрүңүз. [Кайырма:] Жүрөгүм, ичим тыз-тыз, Сезимди ойготтуңуз. Суранам, өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Суранам, кетпесеңиз, ичим тыз-тыз, Жактыңыз махабаттын отун укмуш. Жылынып ошол оттун илебине, Жанымда дагы бир аз, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Сөзү: Абдирашит Урбаевдики Обону: Эгемберди Талиповдуку
@kaydaralieva6832 Жыл бұрын
Миргул кызым ото татынакайсын сага Кудайым унду да,сулуулукту да ченебей бериптир,ар дайым жаркылдап журо бер Аскат экоон туболук бирге болгула,бактылуу омур сургуло
@user-gf1un1kk8q5 ай бұрын
Аман бол, бактылуу бол. Сага карыя адам тарбия бергендей өтө ыймандуусуң.
@minuraakaeva6260 Жыл бұрын
Миргул эн сонун ырчы , бактылуу жар , суйкумдуу эне.
@user-hu7bg2kd7y Жыл бұрын
Аскат,Миркуль силерге Уй булоолук бакыт каалайм,жаман коздон,жаман создон оолак болгула,Ден соолук жана ишинерге ийгилик,элинерге ырынарды ырдап журо бергиле.
@akinaitilekmatova950 Жыл бұрын
Миргул азаматсын, дагы сенден жаны ырларды кутобуз, унуно береке👍👍😍🥰
@akinaitilekmatova950 Жыл бұрын
👍👍Миргул, сенин унун ушунча тунук, кулакка ушунча жагымдуу, жанв озундц эркин кармап ырдайсын, онорун оркундой берсин, Чыгармачылыгына дем болгон таланттуу Аскат мырза экоонор бактылуу болгула! Кудайым колдосун!🤲🤲🤲😍🥰
@moimip1286 Жыл бұрын
Токтоо , ыймандуу , таланттуу , сулуу кыргыздын кызы. Бактылуу , омурлуу бол 😘😘😍😍💐💐💐💐💐
@user-em8pq4mx7k Жыл бұрын
Жарык тийип мандайдагы кунунуз кубулжуптур булбул сымал унунуз эл ичинде таншып ырдап ар дайым ырахаттуу узун омур сурунуз👍👍
@user-hc2of9hm5k Жыл бұрын
Чыйылдап ырдаган ырчыларга караганда соонун ырдайт ырларыда маанилуу👍аялдык бакыт сага 😘
@feruzaisrailova123610 ай бұрын
😂😅
@user-de8kb4xf6m3 ай бұрын
Ырчылар ырдап сахнага чыкканда, ырдын текстинин,музыкасынын автору ким экенин да айтып турушса,авторлорго да дань уважения ,а также эл да билип турса туура болот деп ойлойм. Булардын да эмгеги эмеспи.Кандай дейсинер?
@aizirek886 Жыл бұрын
Азамат эн соонун. Унуно береке. Сага баары жарашат. Сулуу, акылдуу жансын.
@user-tk8nd8qu1q Жыл бұрын
Кыргызымдын таланттуу кызысын, бактылуу бол! Чыгармачылыктын туу чокусун багынта бер!
@user-wj7tq9hd3k Жыл бұрын
Миргуль унуно береке грустальный голос угуп эле отургун келет чыгармачылык ийгилик каалайм Аскат ото бактылуу сени менен
@user-jb4nv2gy2i Жыл бұрын
Миргул унуно береке, ото таланттуу кызын, жолун ар дайым ачык болуп коптогон ырларды ырдап журо бер❤️😍🥰👍
@sdgthhjkkk65214 ай бұрын
Бирок Миргул өз теңин таппай калды жантайга кетти
@user-ow1fi1kv9x15 күн бұрын
Жантайга сен жетпей 4алып арманын барго,Миргул бактылуу
@user-xw2wn5lu5k Жыл бұрын
Миргулду кун сайын эртен менен уксам, маанайым которулот. Соз жок мыктысын, Миргул. Бактылуу болгула.
@user-st3pu4ok2f2 ай бұрын
Абдан сонун чыгарма.
@user-kv2we9bx6l8 ай бұрын
Миргул, музыкалык ото жогорку денгээлде билим алыпсын, унун керемет, уккан сайын эс алып калам!Спасибо за исполнение на высшем уровне)Талантын ташкындай берсин, сен бийиктесин, сага тен келчу ырчы жок)))
@user-tr8df6pg7c Жыл бұрын
Ушунчалык сымбаттуу айым. Унуно соз жок.
@user-qt9zp3oi5h Жыл бұрын
Жакшы ырдалган азаматсын чыгармачылыгына ийгилик
@user-pd9go4bs4s Жыл бұрын
Миргүл үнүнө баракелде! Мыкты ырдапсың,талантын ташкындай берсин.
@gulnurasharshenova1597 Жыл бұрын
Аскат, Миргүл үлгүлүү үй-бүлө болуп жүрө бериңиздер 💚 сыймыктанам. Эң эле жагымдуусунар ананайындар унунорго сөз жок 🤗🤗🤗🤗 эки дүйнө бактылуу болгула, көөп балалуу болгула. Жарашкан эки жашка кандай обон кандай ыр болбосун жараша берет.🙏 Биргеликте Тоолорду ашкыла нечендеген💚🤗🙏 🥰💚
@SamsungSamsung-gm9cd Жыл бұрын
Унуно береке жолдошун экоон тен таланттуусунар бактылуу болуп узак жашагыла экоондун чыгарманарды тез тез угуп ырахат алам
@medetbeksakiev4010 Жыл бұрын
Аскат жубайын менен бактылуу болгула эн сонун жуб болдунар талантынарга таазим элдин уулу кызы болуп журо бергиле.
@user-yz7qv8yt8t Жыл бұрын
Мыкты,коз тийбесин
@elizatoloshova1729 Жыл бұрын
Кандай сонун керемет ун, 💐💐💐👍💖
@guli446 Жыл бұрын
Кундо бир маал угам иште отуруп унуно береке, бактылуу болгула,дагы коп уул кыздуу болгула.
@SafiyaKazybekova-to6mv7 ай бұрын
Азамат унуно береке бар бол копту умуттондургон Кыз уну соонун озун алып журушту абдан соонун коз тийбесин
@user-oz2ys9wj7c Жыл бұрын
Кандай гана супсулуусун, кытайдын кыздарындай болуп. Унун да эн кооз
@user-bt5xe3ml8h Жыл бұрын
Не деген керемет аял заты.Көз тийбесин!
@user-up2yb9sm2f Жыл бұрын
Миргул унуно береке талантын мындан ары да ташкындай берсин бактылуу болгула 💞😍❤️💯
@user-rg3vm3ko4i Жыл бұрын
Унун абдан жакшыго ийгилик
@gulmirakochkonbaeva8514 Жыл бұрын
@@user-rg3vm3ko4i g
@user-do7js9zl6o Жыл бұрын
Миргул сен осо турган кызсын,тез тез чык эфирге.
@kykksm5 ай бұрын
Нукура талант.жан лүйнөсү менен өн келбети дал келген эн сонун кыргыз кызы,айымы.бирок мындайлардын көрө албастары ичи тарлары өллө көп болот.Жаратканым андайлардан сактасын!
@user-ou9sr4fe5x Жыл бұрын
сонун бактылуу бол миргул
@user-nu4qv4yy8l Жыл бұрын
Унуно береке,татынакай сулуусун
@user-kv2we9bx6l7 ай бұрын
Уккан сайын уккун келет, Миргул сага тен келчу жаш ырчылар жоок, сен бийиктесин!!!Керемет аткаруу, сага чыгармачылык ийгилик!!!
@user-se3qr1pz1t Жыл бұрын
Великолепная Миргуль!
@turguntashbekmurzaeva3423 Жыл бұрын
Жагымдуу ун, бул ырды мурдагы ырчылардан укканым учун бир аз айрмаладым суйуу учун куйугуп чыкпагандай сезилди
@user-bu5sq4wk6y Жыл бұрын
Көз тийбесин сонун ырдайт, бактылуу бол!
@user-se3qr1pz1t Жыл бұрын
@@user-oj9by9kx2o с ума не сходите
@user-gi4dt8up3m10 ай бұрын
Живой звук,аркестр кандай соонун. Эс аласын 🥰😘
@user-qd7xn9fk7o Жыл бұрын
Сонун ырдагансын бактылуу болгула таланттуулар,Аскат,Миргул
@user-ez7xj4qs1e Жыл бұрын
Унуно береке берсин Аллахым
@astrakainbaeva571 Жыл бұрын
ЭН СОНУН , ЭН СОНУН . ТАЛАНТЫНА ТААЗИМ КАГЫЛАЙЫН ТАТЫНА КЫЗ . УЙ БУЛООН МЕНЕН ДЕН СООЛУКТА БОЛ , ОМУРЛУУ , БАКТЫЛУУ БОЛ . СИЛЕРГЕ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЗОР ЗОР ИЙГИЛИКТЕР КЕЛСИН . КУДАЙЫМ ЖАМАН КОЗДОН , ЖАМАН СОЗДОН , АР КАНДАЙ КОРО АЛБАСТЫКТАН САКТАСЫН . АРАМ ОЙЛУУ АДАМДАРДЫН АРАМ ОЮ ОШОЛОРДУН ОЗДОРУНО КАЙТСЫН ! СИЛЕРДИ КУДАЙЫМ ОЗУ КОЛДОСУН КАГЫЛАЙЫНДАРЫМ . ЭГИЗ КОЗУДАЙ ЭЭРЧИШИП ЫНТЫМАКТУУ БОЛГУЛА . БАЛДАРЫНАРДЫН СЫЙ УРМАТЫН КОРГУЛО . АК ЖОЛ ... ООМИЙИН ООМИЙИН ООМИЙИН
@user-gb3tf8yj3l Жыл бұрын
Унуно береке табият берген сулуулук мыкты аткаруу бактылуу болгула жаны чыгармаларды кутобуз