Рет қаралды 1,669
Видеоматериал Асыл Талиповага ири өлчөмдөгү акчасын алдаткан Нурбек Бектенов жана Темирлан Мурзалиев деген жарандардын, о.э. алардын адвокатынын АкиПресс маалыматтык агенттиги аркылуу 2021-жылдын октябрь айында бийликке кайрылган пресс-конференциясын чагылдырат. Ал кезде полковник Уланбек Аалиев камакка алына элек эле.
Видеоматериалда Асыл Талиповага ири өлчөмдөгү акчасын алдаткан Нурбек Бектенов жана Темирлан Мурзалиев деген жарандар төмөнкүдөй маанилүү маалыматтарды берип жатышат:
1. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин ошол кездеги начальниги, полковник Уланбек Аалиевдин кабинетине Асыл Талипованын чакыруусу менен камактан жаңы чыккан Нурбек Бектенов келет. Ал жерден Асыл Талипова аны Азамат Алмабеков деген жаран кысымга алып, Нурбек Бектеновго каршы арыз жаздырып, аны каматканын айтып, Нурбек Бектеновдон жалооруп кечирим сураган.
Маалымат үчүн:
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 2021-жылдын март айынан 23-декабрга чейин созулган соттук териштирүүлөрдө анык болгондой, Октябрь РИИБи тарабынан 2021-жылдын сентябрь айында камакка алынган Асыл Талипованын нөөмөтчү (дежурный) милиционерге «коррупция боюнча арыз жазып берем» деген кайра кайра суранычынын негизиде Октябрь РИИБнин начальниги, полковник Уланбек Аалиев аны өз кабинетинде кабыл алган. Ошондо Асыл Талипова өзүн Азамат Алмабеков аттуу жарандын катуу кысымы астында жазган арызы менен камакка алынып, жаңы эле үй камагына чыккан Нурбек Бектеновду чакырткан.
Сот процессинде бул фактыны күбө катары чакырылышкан нөөмөтчү милиционер да, Нурбек Бектенов да тастыктап беришти.
2. Нурбек Бектеновдон кечирим сурагандан кийин Асыл Талипова өз эрки менен Кыргыз Республикасынын Төргөө башкармалыгынын начальниги, полковник Жумабаев Азамат Аскерович жана анын жакын өнөктөшү Азамат Алмабековго каршы төмөнкүдөй мазмундагы арызды жазган:
«Мени «коргоп берем» деген шылтоо менен менден
• Бишкек шаарынын Радищев көчөсү, 29 дарегинде жайгашып, баасы 350 (үч жүз элүү) миң АКШ доллары турган эки кабат особняк үйдү,
• Ысык-Көлдөгү «Сабрина» пансионатында жайгашып, баасы 110 (жүз он) миң АКШ доллары турган коттеджди,
• Москва областындагы Истрин районунда жайгашкан баасы 150 (жүз элүү) миң АКШ доллары турган особнякты тартып алышты».
3. Асыл Талипованын жазган арызы Октябрь РИИБне катталып, Октябрь районунун прокуратурасына жиберилген эле. Ушул арыз эмне себептен прокуратура тарабынан укрытия болуп (жаап-жашырылып) калды?
4. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин ошол кездеги начальниги, полковник Уланбек Аалиевдин кабинетинде Асыл Талипова жогорудагы арызды жазылгандан кийин
• 2021-жылдын 8-октябрында Нурбек Бектеновду,
• 21-октябрында полковник Уланбек Аалиевди камакка алышкан.
5. Асыл Талипованы кысымга алып, Нурбек Бектенов менен полковник Уланбек Аалиевге каршы арыз жаздырып, аларды каматып жиберүүгө өтө чоң салым кошкон Азиз Алмабеков деген ким?
Алмабеков Азамат Курмангалиевич деген жаран өзүн «Президент Садыр Жапаровдун кудасымын. Садыр Жапаровго уча тартып, Президенттин колунан 100 АКШ долларын алгам» деп мактанып, Башкы Прокуратура менен ИИМдин тергөө кызматына баш-көз болуп алган. Анткени, Алмабеков Азамат Курмангалиевич деген жарандын бир тууган иниси Максат Алмабеков - Президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун уулу Азаттын бажасы.
Маалымат үчүн:
Ушул постко тиркелген видеоматериалда Нурбек Бектеновдун ««Президент Садыр Жапаровдун кудасымын. Садыр Жапаровго уча тартып, Президенттин колунан 100 АКШ долларын алгам» деп мактанып» деген жерин Алмабеков Азамат Курмангалиевич 2021-жылы АкиПресстен кестирип салган. Бул жерде Сиздер АкиПрестке берилген толук маалыматты көрүп жана угуп жатасыздар.
6. Кыргыз Республикасынын жүздөгөн жарандарынын «ири өлчөмдөгү акчасын алдап алды» деп шектелген Асыл Талипованын «Квартал Строй» деген курулуш фирмасы Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагына таандык 7-кичи районда жайгашса да, жарандардын Октябрь РИИБне даректелген 25 жолку даттануу каттарын Азамат Курмангалиевич Алмабековдун жакын өнөктөшү - полковник Азамат Аскерович Жумабаев жетектеген ИИМдин тергөө башкармалыгы Октябрь РИИБне ээ кылбай, улам-улам тартып кетип турган.
7. Полковник Азамат Жумабаев жетектеген ИИМдин тергөө башкармалыгы белгисиз себептен менен Асыл Талипованы «королевага» айлантып, ага госзащита программасы менен 3 смена менен 2-2ден иштеген 6 кызматкерден турган охрана берип, «жарандардын ири өлчөмдөгү акчасын алдап алды» деп шектелген Асыл Талиповага «крыша» болуп алган.
8. Жогоруда аты аталган Азамат Алмабеков деген жаран
• Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин Ботобаев Улан аттуу тергөөчүсү жана
• Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин Талгат (Азамат Алмабековдун кошунасы) аттуу ыкчам кызмат офицери
менен алдын ала макулдашып алып, 2021-жылдын 30-сентябрь күнү Асыл Талипованы Бишкек шаарынын Токтогул жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Бухара Ассорти» деп аталган кафеге алып келип, Нурбек Бектеновго каршы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна арыз жаздырган.