Рет қаралды 2,369
сөзү Марс Мусакунов
обону Лунара Жумабек
ЭНЕКЕМ МЕНИН АСЫЛЫМ
Энекем эмгек ветераны
Багыйла Мусакуновага
Асылымсыз менин алтын энекем,
Дүйнөдөгү зор байлыгым берекем.
Өзүңдөгү мээрим төккөн жылуулук,
Тийип турган айга күнгө тең экен.
Дартыма даба,
Умайым энем.
Чалкыган көлдөй,
Пейилиң кенен.
Акылың айткан,
Ойлоруң терең.
Ар дайым сизди,
Ардактап келем.
Аска тоодой жөлөгүмсүз өзүмдүн,
Күйүп турган карегимсиз көзүмдүн.
Тирек болуп келатасыз дайыма,
Эки кылбай менин айткан сөзүмдүн.
Жакшы кеп айткан,
Данакер энем.
Жалынып турган,
Жароокер белең.
Кыйналса жаным,
Дабагер элең.
Алкышым айтсам,
Болбостур ченем.
Ардактаймын, ак сүтүңдү актаймын,
Ар убакта сыймыктанам мактаймын.
Акыл кеңеш,айткан сонун сөздөрдү,
Түбөлүккө жүрөгүмө сактаймын.
Коргоочу болгон,
Сепилим энем.
Турагым ыйык,
Мекеним белең.
Уулуна болгон,
Сүйүүсү терең.
Убайым кылбай,
Урматтап келем.
Асылым менин!
Алтыным энем!