Рет қаралды 2,213
#кыргызстан #asiangames #ушусаньда #азиатскиеигры #kyrgyzstan
Азия оюндары: Аманбеков Авазбек коло медалга ээ болду
Ушу саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Аманбеков Авазбек Ханчжоу шаарында өтүп жаткан 19-жайкы Азия оюндарында коло медалга ээ болду!
Спортчу 56 кг салмак категориясында беттешти.
Аманбеков Авазбек алгач Непалдык
спортчуну 2:0 эсебинде, чейрек финалда Таиландтык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеш спортчубуздун Филиппиндик спортчуга 2:0 жеңилүүсү менен аяктады.
Белгилей кетсек, бул байге кыргыз ушу саньда тарыхында спортчулардын жайкы Азия оюндарындарындагы алгачкы медалы болду.