Рет қаралды 9,310
Ак куулар көлдүн желдети,
Суктантат сулуу келбети.
Чалкыган көпкөк Ысык- Көл,
Кыргызстандын бермети.
Көктүгүң көпкөк асмандай,
Кооздугуң бриллиант тасмалдай.
Санаам жок басып баратам,
Бейиштин жолун баскандай.
Көзүм көрүп көлүмдү,
Көтөрдүм муңдуу көңүлдү.
Суктанып карап жээгинде,
Саптарым сага төгүлдү.
Угузбай башка кишиге,
Бугум толду ичиме.
Чыдамым кетип баратат,
Бөлүшүп койчу кичине.
Айлам жок келдим өзүңө,
Кулак сал көлүм сөзүмө.
Бугумду тартып албасаң,
Жакпай калдым өзүмө.
Сырымды укпай көптөрү,
Жылдыздай толду көктөгү.
Ысык- Көл келдим өзүңө,
Көз жашымды төккөнү.
Сени көрүп, өзгөрүлө баштадым,
Чыдай албай, карегимди жаштадым.
Армандын,кусалыктын, баардыгын,
Кайра бербе, мен өзүңө таштадым.
Унуттум баарын, сенин карап түрүңө,
Сага келгем, бул жашоомо түңүлө.
Мени кыйнап, эзип турган азапты,
Ысык- Көлүм, катып алчы түбүңө.
Ысык- Көл сени, өз энеме теңедим,
Көрүп туруп, кучагыңдын кененин.
Энеме болгон, сагынычты жеңиш үчүн,
Аман болсом, бир кайрылып келемин.
Кошкун көлүм, коштоштурат,
Мезгил саатын үнөмдөсө.
Мен кеттим, сапарым карып калды,
Жоолугаарбыз, ичээр суум түгөнбөсө.
Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат
/ temirovlive
Биздин тик-ток - vm.tiktok.com/...
Инстаграмыбыз - / aytaytdese