Рет қаралды 319,159
Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеш Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын баяндамасын талкуулап жатат. Анда комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров Кумтөргө байланыштуу бир катар өлкө жетекчилерин "чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогон" деп укук коргоо органдарына аларга баа берүүнү өтүндү. Комиссиянын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков мамлекеттик комиссиянын корутундусун "аша чапкандык" деп атап, комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаровдун Кумтөр боюнча күнөөсү мурдагы жетекчилердикинен кем эмес деген оюн айтты.