Рет қаралды 79,162
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевдин басма сөз жыйынында айткан сөздөрүнө ишенбей турганын айтты. Ал бул тууралуу журналисттерге Ички иштер министрлигине суракка кирип баратып билдирди.
«УКМКнын төрагасынын басма сөз жыйынын көрүп, бул адамдын бир да сөзүнө ишенүүгө болбосун түшүндүм. Мен ошол күнү (7-август) айылда болчумун. Ок атуу башталып, үн чыгаруучу гранаталар жарыла баштаганда эл менен кошо Атамбаевдин резиденциясына барганбыз. Барсак балдарга ок атылып жатыптыр. Мен спецназдарга кайрылып, "атпагыла" деп эки-үч жолу кыйкарганда эле бир-эки үн чыгаруучу граната жарылды. Ошол учурда ок атылып бут жакка тийип, жаракат алдым».
Сегизбаев бутунан жаракат алганын далилдеш үчүн экспертизадан да өтүүгө даяр экенин кошумчалап, «качып баратып бутун кокустатып алган» деген сөздөрдү жокко чыгарды.