Рет қаралды 610,647
Кыргызстандык Канатбек Жолоев 10 жылдан ашуун убакыттан бери Орусиянын абагында отурат. Ал Орусияга айдап бараткан машинеден маңзат табылып, төрт киши кармалган. Канатбек 17 жылга кесилген.
Ал азыр жеңилдетилген тартипте жаза өтөп жатат. Көзөмөл органдын тыкыр текшерүүсү менен иштейт. Канатбектин жаза мөөнөтү дагы 5 жылдан кийин аяктайт. Бирок ал 72деги апасынын жанында болуш үчүн Кыргызстандагы абакка которулууга аракет жасап жүрөт. Канатбек Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылганын, бирок оң жооп ала электигин билдирди.
Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады.
Чет жердеги журтташтар! Маңдай жарган ийгилигиңиз же жүрөк өйүгөн көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.
#MigrantMediaCentralAsia #орусия
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -www.youtube.co....
Телеграм - t.me/Azattyk_r...
t.me/azattykrus